10-январда өткөн президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров атаандаштарынан бир топ алдыда. Ал шайлоочулардын дээрлик 80% добушуна ээ болгон. Жапаров өзү 80% добуш алам деп күтпөгөнүн, болжолдуу 50-60% добушка ээ болом деген ойдо болгонун айтты.

Талапкердин шайлоодогу негизги атаандашы катары сыпатталган Адахан Мадумаров Жапаровдун чоң айырмачылык менен озуп кетишинен күмөн санап жатат.

«Бир талапкерге 700 миң киши добуш бергени — чындыкка коошпойт», — деп билдирген Мадумаров шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин. Ал митинг аркылуу укугун коргобой турганын, бирок мыйзамдуу жол менен чындыкка жетерин билдирди.

Ал алдын-ала жыйынтыкты «жомок» жана «реалдуулуктан алыс» деп атап, ал тургай «бул бийликтин аягы жаман болот, элдин каргышына калат» деп эскертүү берди. Ошондой эле Адахан Мадумаров мындай жыйынтыктан кийин парламенттин алтынчы чакырылышы ыйгарым укуктарын өмүр бою узартып алышса дагы болот деп билдирген.

«Мен Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылып кетет элем: кайдыгерлик көрсөттүңөр. Биз жарандык укуктарыбызды коргоого даяр эмес экенбиз. Тарых алдында жоопкерчиликсиз мамиле жасадыңарбы —жасадыңар. Бирок бул Пирровдун жеңиши. Жакынкы күндөрү Кыргызстан ушундай жолго түшөт, анын кесепеттеринен кудай сактасын [ал жолго түшүүдөн]. Биз жалгыз жашабайбыз да, бизди дүйнөлүк коомчулук карап турат жана алар бул шайлоолор кандай өткөнүн көрүп турушту», — деген ал.

Шайлоонун жыйынтыгына Курсан Асановдун дагы ичи жылыган эмес.

«Так санын айта албайм, бирок, мисалы, Ошто добуш көбүрөөк болушу керек эле. Ал жакта болгону 309 добуш деп жатышат. Кайсыл бир участокто болгону 2 добуш экен. Мындай болушу мүмкүн эмес. Чүй облусунда, Бишкекте жыйынтыктар бурмаланган. Шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин. Мыйзам бузуулар болду, бул тууралуу мурда дагы айткам. Албетте, акыйкаттык үчүн мыйзам чегинде күрөшөбүз. Бардыгы мыйзамдуу болот», — деди Асанов.

Асановдун пикирине карама-каршы келген оюн президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков дагы билдирди. Саналуу мүнөттөрдөн кийин президент болом деген башка талапкерлерге салыштырмалуу, Жээнбеков шайлоо башталганга чейин эле өзүнүн жеңишке жете албасына көзү жетерин билдирген.

Ал эми жарыяланган жыйынтыкты Жээнбеков реалдуу деп атады.

«Азыр эми бардык жыйынтык чыгып жатат, кагазга. Балким бир аз айырма болушу мүмкүн. Мындан ары мен кандай саясат жүргүзсөк ошол жол менен уланта беребиз», — деген ал.

Бирок ал «чоң ишенимдин» артында «чоң көйгөй» дагы болорун бийликтин эсине салган.

«Бүгүнкү чоң ишеним [Садыр Жапаровго карата] – бул бардык маселенин чечилиши эмес. Бул чоң тирешүүлөргө алып келиши мүмкүн. Чоң ишеним чоң көйгөйлөрдүн дагы себепчиси болушу мүмкүн», — деген ал.

Добуш берүүгө чейин эле Садыр Жапаровго жеңишке жетерин айткандардын бири Арстанбек Абдылдаев болгон. Ал калк арасында Арстан Алай деген ат менен белгилүү.

«Мен Садыр Жапаров жеңет деп болжоп турам. Менин улуулугум мага дүйнөнү башкарууга мүмкүндүк берет, мен өз миссиямды уланта берем. Сооронбай Жээнбеков кетет деп айткам – кетти. Атамбаев соттолот дедим эле – соттолду. Мына ушинтип өз ишимди уланта берем. Бир гана коомчулук эмес, дүйнөнүн бардык президенттери мени президент катары тааныбай жатат. Алар мени Ааламдан атайын жөнөтүлгөн адам катары көрүшөт», – дейт Арстан Алай.

17 мырзанын ичиндеги жалгыз талапкер айым Клара Сооронкулова шайлоонун жыйынтыгын тааныды.

«Биз аны [Жапаровду] сыйлашыбыз керек. Жеке өзүм үчүн бул шайлоону кыйроо деп эсептебейм, анткени биринчи жолу катыштым, буга чейин президенттикке талапкерлигин коюп көрбөгөн адам үчүн жаман жыйынтык эмес», — дейт ал.

Мурдагы судья жалпы эл президенттик башкаруу формасын тандаган референдумдун жыйынтыгын дагы тааный турганын, бирок «референдум өткөрүү тартиби туура эмес экенин» билдирген.

Жеңишбек Байгуттиев дагы шайлоонун жыйынтыгын тааныйт.

«Ооба, шайлоого катышкандардын саны 30%дын айланасында болду. Бирок калган 70% эл деле алар менен катары өлкөнүн мындан аркы тагдыры үчүн жооптуу деп эсептейм. Кандай болгон күндө да өлкөнү башкаруу вазыйпасы Садыр Жапаровго ыйгарылды, эми ал шайлоо алдындагы убадаларын гана аткарбастан, өлкөнү кризистен чыгарышы керек. Дагы далай-далай аткарылчу иштер бар», — деп эсептейт Байгуттиев.

Ошондой эле Байгуттиев Садыр Жапаровдун «өлкөнү уратпай сактап калуусун» өтүнгөн.

«2021-жыл оңой болбойт: Садыр Жапаровдун бардык фанаттары менен тарапташтарынын кумирине болгон ишеними, сүйүүсү сыналат. Чоң өтүнүч, өлкөнү уратпай сактап калгыла. Колдон келишинче өлкөнү аярлагыла», — деп билдирген ал.

Шайлоонун жыйынтыгын Элдар Абакиров дагы тааныды.

«Эгер шайлоо мыйзам бузуусу жок өткөн болсо жыйынтыгын тааныйм. Азырынча айрым гана бузууларды билебиз, ал андай деле принципиалдуу эмес. Мындан олуттуу бузуулар жөнүндө азырынча биле элекпиз», — деди ал.

Шайлоого жеңиш жана экинчи турга жетем деген дымак менен Бабыржан Төлбаев, Имамидин Ташов, Курсан Асанов, Аймен Касенов, Адахан Мадумаров барышкан.

Бул талапкерлер бир ооздон жеңишке жетебиз деп билдирген. Мадумаров изилдөөлөргө таянган. Төлбаев болсо утулуп калса шайлоонун жыйынтыгын тааныйм деп билдирген.

Шайлоо эки тур менен өтөт деген үмүттө Равшан Жээнбеков жана Каныбек Иманалиев дагы болгон. Иманалиев өз кезегинде Клара Сооронкулова үчүн добуш берген.

Ал эми Абдил Сегизбаевдин шайлоого карата оптимисттик маанайы байкалган эмес. Ал «элибиз бүгүн туура тандоо жасайт» жана шайлоого чейинки мыйзам бузуулар жыйынтыкка таасир бербестигине үмүт кыларын айткан болчу. Жыйынтык жарыялангандан кийин Сегизбаев кайрадан бузуулар тууралуу кеп салган.

«Кечээ Сооронбай Жээнбековдун айланасында болгондор ушул айдын ичинде Садыр Жапаровго иштешти. Жада калса башка талапкерлерге иштеген активисттерди коркутуу үчүн криминалитет да колдонулду. Албетте бийлик тарабынан башка талапкерлерге карата басым болгонду сездик, дебаттарда болгон процессти да көрдүк. Шайлоо процесси басымдын астында болду, тең укуктуулук болгон жок», — деди Сегизбаев.