«Бакиевдердин планы ишке ашты». Абдил Сегизбаев шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев өзүнүн фейсбук баракчасында түз эфирге чыгып, шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

«Кечээ Сооронбай Жээнбековдун айланасында болгондор ушул айдын ичинде Садыр Жапаровго иштешти. Жада калса башка талапкерлерге иштеген активисттерди коркутуу үчүн криминалитет да колдонулду. Албетте бийлик тарабынан башка талапкерлерге карата басым болгонду сездик, дебаттарда болгон процессти да көрдүк. Шайлоо процесси басымдын астында болду, тең укуктуулук болгон жок», — деди Сегизбаев.

Мындан сырткары ал шайлоонун жыйынтыгы фальсификация болгонун жанан «Максим жана Жаныш Бакиевдердин планы ишке ашканын» кошумчалады.

УКМКнын экс-төрагасы Сегизбаев буга чейинки дебаттарда Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиев менен болгон байланышы тууралуу айтып берген. Жапаров 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттигинин комиссары болуп иштеген.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча Сегизбаев 1,47% добуш алган. Ал эми биринчи орунда Садыр Жапаров келе жатат — ал шайлоочулардын 79,22% добушун алды.

Кыргызстанда 10-январда болуп өткөн президенттик шайлоодо 3 563 574 шайлоочунун 1 368 716 добуш беришти. Аталган маалыматтар жаңыртылууда.