«Кара-Кече» көмүрүнүн кара түтүнгө тиешеси жок — «Кыргыз көмүр» мамишканасы

«Кыргыз көмүр» мамишканасынан Кара-Кече көмүрүнүн Бишкектеги ышка тиешеси жоктугун кабарлашты.

Компания билдиргендей, Бишкек ЖЭБдин лабораториясынын корутундусуна ылайык, Кара-Кече көмүрүнүн нымдуулугу орточо 22-23% түзөт, ал эми күлдүүлүгү — 20%га чейин, бул ышка таасир этпейт.

Мамлекеттик ишкана Бишкек ЖЭБге келип түшкөн көмүрдүн бардык партиясына лабароториялык изилдөөлөрдүн протоколдору бар деп белгиледи.

Мурдараак Бишкек мэринин м.а. Балбак Түлөбаев смог менен күрөшүш үчүн ЖЭБди газга которуу керектигин билдирген.

Түлөбаев ошондой эле Бишкектин чет-жакасындагы жаңы конуштарга «Кара-Кече» көмүрүн колдонууга тыюу салууну сунуштаган.

«Чынын айтайын, азыркы учурда мен кара түтүндү токтото албайм. Кантип токтотмок элем? ЖЭБди кыш мезгилинде токтотуп, жаңы конуштарга “Кара-Кечеден” келген көмүр жагууга тыюу салыш керек, бирок алар көмүр сатып алышкан. Башка ыкмалар да бар, андан кийин катализаторлору жок автоунааларга штраф салабыз», — деп билдирген мэрдин милдетин аткаруучу.

Түлөбаев бишкектиктерди мэриянын демилгесин колдоого алып, борбор калаадагы кара түтүн маселесин чечүү үчүн өмөткө кайрылууга чакырды.

«Мен сиздерден биздин идеяларды колдоп берүүнү өтүнөм. Өкмөткө кайрылып, алар жолун таап ЖЭБди газга өткөрүшү керек. ЖЭБдеги жылуулук берүүнү көмүрдөн газга өткөрүп жана “Кара-Кече” көмүрүн Бишкекке алып кирүүгө тыйуу салынышы керек», — деп кошумчалаган ал.

Кийинчерээк Финпол атайын кызмат калаанын абасына зыяндуу заттар эмне себептен чыгып жатканын аныктоо үчүн Бишкек ЖЭБдин жооптуу кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш баштаганын маалымдаган болчу.

Ал эми өкмөт Бишкекте, Сокулук, Аламүдүн району жана Чүй облустарында экологиялык абалды жакшыртуу боюнча 2021-2023-жылдарга комплекстүү чаралардын планы бекитилгенин маалымдаган.

Бишкектеги кара түтүн

Борбор калаадагы кара түтүн маселеси активисттер жана шаардыктар тарабынан биринчи эле жылы көтөрүлгөн жок. Бишкекте экологиялык абал жыл сайын суук түшөөрү менен начарлап, шаарды коюу кара түтүн каптай баштайт — борбордук ЖЭБде, жаңы конуштарда жылуулук үчүн көмүр жагылат.

Бишкекте сууктун түшүшү менен абада PM2,5 бөлүкчөлөрүнүн курамынын деңгээли дароо көтөрүлөт. World Air Qualityнин 2021-жылдын башына карата маалыматы боюнча, Бишкек абанын булганышы боюнча рейтингде 450 бирдик көрсөткүчү менен кайрадан биринчи орунда чыккан, ал эми норма боюнча 50 баллга чейин аба абдан таза деп саналат, ал эми 300дөн жогору болсо — экстремалдуу кооптуу деп эсептелет.

Бийлик жылуулук борборунда катуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын 97 пайызга тазалап турган күчтүү чыпкалар турат деп билдирип келет.

Кара түтүн жыл сайын актуалдуу маселеги айланып жатканына карабастан калаа бийлиги жана өкмөт маселени чечүүнүн конкреттүү чараларын көрө элек.

Ошол эле учурда Бишкек дүйнө жүзүндөгү шаарлардын арасында абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи орунду ээлеп келет. Бийликтегилердин көңүлүн кара түтүн көйгөйүнө буруш үчүн шаардыктар тынчтык маршына дагы чыгып жатышты. Алар жарандарды үйлөрүн жылытууда резина менен унаанын жарактан чыккан дөңгөлөктөрүн жакпоого дагы үндөшкөн.