Балбак Түлөбаев ЖЭБди газга өткөрүүнү, «Кара-Кеченин» көмүрүнө тыюу салууну сунуштады

Бишкек мэринин м.а. Балбак Түлөбаев фейсбук барагында кара түтүнгө каршы күрөшүү үчүн калаадагы ЖЭБди газга өткөрүү керектигин билдирди.

Түлөбаев ошондой эле Бишкектин чет-жакасындагы жаңы конуштарга «Кара-Кече» көмүрүн колдонууга тыюу салууну сунуштады.

«Чынын айтайын, азыркы учурда мен кара түтүндү токтото албайм. Кантип токтотмок элем? ЖЭБди кыш мезгилинде токтотуп, жаңы конуштарга “Кара-Кечеден” келген көмүр жагууга тыюу салыш керек, бирок алар көмүр сатып алышкан. Башка ыкмалар да бар, андан кийин катализаторлору жок автоунааларга штраф салабыз», — деп билдирди мэрдин милдетин аткаруучу.

Түлөбаев бишкектиктерди мэриянын демилгесин колдоого алып, борбор калаадагы кара түтүн маселесин чечүү үчүн өмөткө кайрылууга чакырды.

«Мен сиздерден биздин идеяларды колдоп берүүнү өтүнөм. Өкмөткө кайрылып, алар жолун таап ЖЭБди газга өткөрүшү керек. ЖЭБдеги жылуулук берүүнү көмүрдөн газга өткөрүп жана “Кара-Кече” көмүрүн Бишкекке алып кирүүгө тыйуу салынышы керек», — деп кошумчалады ал.

Бишкектеги кара түтүн

Борбор калаадагы кара түтүн маселеси активисттер жана шаардыктар тарабынан биринчи эле жылы көтөрүлгөн жок. Бишкекте экологиялык абал жыл сайын суук түшөөрү менен начарлап, шаарды коюу кара түтүн каптай баштайт — борбордук ЖЭБде, жаңы конуштарда жылуулук үчүн көмүр жагылат.

Анткен менен бийлик жылуулук борборунда катуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын 97 пайызга тазалап турган күчтүү чыпкалар турат деп билдирип келет.

Кара түтүн маселеси жыл сайын айтылганына карабай шаар бийлиги жана өкмөт тарабынан көйгөйдүү чечүүгө конкреттүү кадамдар жасала элек.

Ал арада Бишкек абанын булганчтыгы боюнча дүйнөлүк рейтингдин сап башында кармалып турат. Бишкектеги абанын булганышына бийликтин көңүлүн буруу үчүн шаар тургундары бир нече жолу тынчтык маршын өткөрүшкөн. Ошондой эле жарандарды үйлөрдү жылытуу үчүн резина жана дөңгөлөктөрдү жакпоого чакырышкан.