«Министрлик жазалоочу орган эмес». Маданий ишмерлер Чокоев менен Примбедиев тууралуу

Ырчы Курал Чокоевдин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин алынышы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Соцтармактардын айрым колдонуучулары маданият министри Нуржигит Кадырбековдун чечимин колдосо, башкалар анын аракетин сындады.

Министрлик бул чечимди Чокоевдин YouTube-каналындагы «В п#зду звезду» шоусунан кийин кабыл алган. Аталган берүүдө Чокоев жана үч комик башка ырчыларды конокко чакырып, аларды тамашага салышат. Социалдык тармактын колдонуучулары «В п#зду звезду» берүүсүн сөгүнгөн сөздөр жана уят тамашалар бар болгону үчүн сынга алышкан.

Маданият министрлиги бул берүүгө катышкан ырчы Кайрат Примбердиевдин «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу сунушун президенттик аппаратка жиберген.

Министрилик жана ырчылардын ортосундагы тартыш боюнча башка маданий ишмерлер четте турбай, өз пикирлерин билдиришти.

Эркин Рыскулбеков

Алып баруучу Эркин Рыскулбеков «кесиптештеринин жасаганына уялганын» билдирип, ошол эле учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин чечимин сындады.

«Бул жазалоочу орган эмес, соттук инстанция эмес. Ырчылар коомдук уяткарууга кабылды — бул алардын жазасы. Министрлик болсо бүгүн эле “камчы” эрежесин колдонуп баштады. Бүгүн сыйлыктарын алып салат, эртен башкалардын аракеттеринде аморалдык көрүнүштөрдү тапса добуш берүү укугунан ажыратабы? Жарандыктан ажыратабы? Бул туура эмес!» — деп жазды Рыскулбеков.

Мындан сырткары ал министрликтен алган сыйлыктарын өз ыктыяры менен министрдин колуна тапшыра турганын билдирген.

Ырчы Гүлзада Рыскулова ырчыларга карата жаза колдонулушу керектигин, бирок ошол эле учурда алардын наамдарына тийишпөө керектигин белгиледи. Ошондой эле,ырчы Маданият министрлиги «ырчылар менен жакшы тарабынан да иштешсе жакшы болоорун» кошумчалады.

«Мисалы шарттарды түзүп берсе жакшы болмок. Биз мисалы концерт бергенде бир дагы шарт жок: ар нерсени өзүң алып келесин [...] Албетте, мен туура көрбөйм, мен балдарымдын андай сөздөрдү угушун каалабайм. Бирок бул өтө эле ашкере чечим деп ойлойм. Наамдарын алып салуу чечимин жактабайм», — деди Рыскулова.

Ассоль Молдокматова

Ал эми коомдук ишмер Ассоль Молдокматова окуянын кесепеттери менен эмес, себептери менен күрөшүү керектигин билдирди. Анын айтымында, бийлик артисттерди шайлоо алдындагы үгүт иштери башталганда жана Маданият күнү гана эстешет.

«Маданият министрлиги цензураны баштадыбы? Бул жазалоочу системага кайрадан айланып кетпейби? Эң биринчиден ар бирибизде ички цензура болушу керек. “Маданият инквизиторлоруна” айлана турган комиссияларды чогултуу оңой. “Наамдарды ажыратууну” шашылыш [чара] деп эсептейм! Мисалы Кайрат Примбердиев федералдык каналдагы жана КМШнын аймагындагы музыкалык Олимпти багындыруу үчүн көп күчүн жумшаган», — деп жазган Молдокматова.

Бурул Макембаева

Укук коргоочу Бурул Макембаева Маданият министрлигинин аракеттери «юридикалык жактан туура эмес» экенин билдирди.

«Маданият министрлиги жазалоочу орган эмес. Чыгармачылыкты кандай кабыл алат — ал ар бир жаран менен өнөр ээсинин ортосундагы иш. Жаман шоу болсо анда эл көрбөй койсо анда артист артист болбой калат. Ансыз да уялып, кечирим сурап, долбоорун өчүргөн адамдын артынан кууп жетип ага сот, прокурор болгонсуп жаза колдонгону бул… мен эч жерден көрбөгөм мындайды. Бул аша чапкандык, популизм, министерстлик өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы. Чет өлкөдөгү өнөр ээлеринин пикирин окуп көрүңүздөр», — деди Макембаева.

Ошондой эле буга чейин Жарандык көзөмөл комитети Маданият министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылып, министрликти жоюп салууну сунуштаган. Ал эми Кадырбеков анын отавкасын талап кылгандар менен «кайым айтышууга убактысы жок» экенин билдирген.