Курал Чокоев «Маданияттын мыкты кызматкери» наамынан ажыратылды

Курал Чокоев / Кайрат Примбердиев

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алды. Бул тууралуу миинстрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары Маданият министрлиги ырчы Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу сунушун президенттик аппаратка жиберди. Бул наам Примбердиевге 2017-жылы ыйгарылган.

«Ошону менен бирге, министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды», — деп берилет министрликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин Маданият министрлиги өзүнө караштуу медиаборборлого Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиевдин клиптерин, ырларын жана сөздөрүн чыгарбоого көрсөтмөсүн берген. Мындан соң «Марал» радиосу Чокоевдин жана «Кыргыз Радиосу» Чокоев менен Примбердиевдин ырларына бойкот жарыялаган.

«В п#зду звезду»

Ырчы Курал Чокоев өзүнүн Youtube-каналында «В п#зду звезду» аталышындагы шоу жарыялаган. Аталган берүүдө Чокоев жана үч комик башка ырчыларды конокко чакырып, аларды тамашага салышат. Шоуга ырчылардын арасынан Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз барышкан. Бирок алгач көрсөтүү анчейин коомчулуктун көңүлүн бурган эмес.

Бирок көп өтпөй акын-жазуучулар жана социалдык тармактын колдонуучулары «В п#зду звезду» берүүсүн сөгүнгөн сөздөр жана уят тамашалар бар болгону үчүн сынга алышкан. Ошондой эле алар Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен чара көрүүнү талап кылышкан.

Мындан улам Чокоев Инстаграм-баракчасында кайрылуу жасап, конокко келген ырчылардын «кадыр-баркына шек келтирүү» шоунун максаты болгон эмес деп билдирген. Ошондой эле ал берүү улана турганын кошумчалаган. Себеби программа анын жеке Youtube-каналында жарыялангандыктан аны ар бир киши өз ыктыярына жараша көрө алат.

«Көрдүңүздөр, уктуңуздар — өтө хайп болуп жатабыз. Проект башталганда хайп болууну каалаганбыз, бирок мынчалык болуп кетээрин ойлогон эмеспиз. Долбоор “пилотный” болгондуктан катачылыктар көп, аны моюнга алабыз. Сөгүнүү өтө аша чаап кеткен, конструктивдүү критиканы кабыл алып, баарын оңдоого аракет жасайбыз. Бирок “Прожарка” проекти токтобойт, бул улана бермекчи», — деген Чокоев.

Ал эми шоуга конокко барган Кайрат Примбердиев ал жерде «роль иретинде» гана сөгүнгөнүн билдирип, элден кечирим сураган. Анткен менен ал «элдин ырыскысын тоноп аткан коррупционерлерге, адилетсиз сотторго, аялын кордогон эркектерге да жалпы каршы чыксак жакшы болот эле» деп белгилеген.

Кийинчерээк Чокоев «В п#зду звезду» шоусу жабылганын кабарлап, коомчулуктан кечирим сураган.