Министрлик: Жогорку окуу жайлардын окуу акысы төмөндөтүлбөйт

Кыргызстандагы ЖОЖдордун окуу акысы төмөндөтүлбөй турган болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди.

Алар ЖОЖдор негизинен окуу акысынын төлөмдөрүнө каржыланаарын, анын 76%ы эле мугалимдердин айлык маянасы үчүн жумшалаарын айтышты. Мындан сырткары окуу жайлардын имараттарын оңдоого, инфратүзүмүн өнүктүрүүгө, коммуналдык тейлөө үчүн төлөнөөрүн кошумчалап, тескерисинче ЖОЖдор пандемия маалында оор чыгымдарга учураганын билдиришти.

«Электр энергиясы, жылуулук жана башка коммуналдык тейлөөлөр үчүн төлөп жатабыз. Окууга сарпталуучу чыгашалар бар, кагаздар кетет. ЖОЖдор иштебей жатат деп жаап коё албайбыз», — дейт министрликтин бюджеттик саясат жана финансы башчысы Акыйкат Муратова.

Ошондой эле, ал «окуу жайлар студенттерге окуу акысын төлөө мөөнөтүн узартып берүүгө макул болушкан» деп кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандын 30дай ЖОЖдорунун студенттерин камтыган «Студенттер биримдиги» окуу акысын 50%га түшүрүүнү талап кылышкан. Алар министрликти студенттердин шартына көңүл буруп коюуга чакырган.

«Пандемия учурунда көптөгөн студенттер жакындарынан айрылып, жумушсуз калышты. Биздин бардык кыйынчылыктарга карабастан, окутуучулар, ректорлор жана Билим берүү министри бизге көңүл буруп, биздин абалыбызды түшүнгүсү келбейт», — дешкен алар.

Мындан тышкары «окутуучулар аларды окуудан чыгарабыз деп коркутуп жатканына даттанышып, ачкачылык жарыялап тынчтык митингине чыгабыз» деп билдиришкен.

Пандемия учурунда Ош шаарындагы ЖОЖдордун студенттери «Клоопко» кайрылып, аларда «жада калса тамак-аш үчүн каражат болбой, мындан улам окуу акысын кандай жол менен төлөөнү билбей жатышканын» айтып беришкен.

Алар ата-энелеринин же жардам берчү жакындарынын жумуштары токтоп, өздөрү да жумушка чыга албай калышканын билдиришкен.

Анткен менен окуу жайлардын жетекчелери студенттерге массалык түрдө жеңилдик бере алышпасын айтышып, ал эми министрлик студенттерге карата ийкемдүү мамиле жасалат деп убадалаган.

Кыргызстанда 2020-жылдын 16-мартынан тарта билим берүү мекемелери карантинге жабылган. Ал эми 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилип, студенттер окууну онлайн аякташты. Учурда алардын качан офлайн окуу тартибине кайтаары белгисиз.