Коллажда "Т-Медиа" басылмасына таандык тасмадан алынган скриншоттор жана "Азаттык" радиосунун сүрөтү колдонулду

Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жамааты ырчы Самара Каримованын жетекчи болуп келишине нааразы болуп жатышат. Тиешелүү буйрук 14-январда маданият министри Нуржигит Кадырбеков тарабынан чыкканы ачыкталды.

Анда Каримова 15-январдан тартып окуу жайдын директорлук кызматына калыбына келтирилсин деп жазылган. Бирок Каримова 14-январда жолдошу Асан Мансуров менен чогуу тиешелүү буйруктарды алып келишкен.

Учурдагы жетекчи Нурлан Каримов кызматтан бошотулганы туурасында Самара Каримова алып келген буйрукту алгандан кийин билген. Ал эми Каримова соттон утуп алганын социалдык тармактарга тараган маалыматтардан угуп, аны тактоо үчүн Бишкекке барып келген.

«Бул боюнча сот болуп жатат деп уккам. Бирок министрликтен эч ким келип тааныштырып, ушундай абал болду деп айткан жок. Анан кечээ маданият министрлигине барып, соттон уткандыгы жөнүндө токтом менен тааныштым. Министрлик менен сүйлөшкөндө соттун чечимин аткарабыз деп айтышты», — деди Каримов.

Окуу жайдын жамааты Каримов кызматта калсын деген талапты коюп жатканына карабастан, ал өзү соттун чечимин даттанбай турганын айтты.

«Жамаат же мен деле өкүмдү даттансам болот. Бирок мен ал ишке барбайм, мен мыйзам чегинде иш алып барган адаммын. Министрликтин чечимине каршылык көрсөткөн жокмун, кызмат керек болсо бошотуп берем. Маданият кызматкерлеринин этикасы бар, ошол үчүн этиканы сактайм, конфликтке барбайм», — деп түшүндүрдү ал.

«Баскынчылык». «Билими жок». «Кабинетти бошотпойбуз»

Ал эми Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын кызматкерлери Каримова соттон утуп алганы тууралуу ЖМКлардан окушканын айтышты. Буга байланыштуу алар президенттин м.а. Талант Мамытовго, премьер-министрдин м.а. Артём Новиковго жана маданият министри Нуржигит Кадырбековго каршылыктарын билдирип кайрылуу жолдошкон.

Окуу жайда 50 жылдан бери эмгектенген Тамара Казакбаева Каримова окуу жайга педагогикалык кеңеш болуп жаткан учурда күйөөсү менен кирип келип, жыйынды үзгүлтүккө учуратканын айтты.

Казакбаеванын пикиринде сот туура эмес чечим чыгарган, ал эми Каримова директорлуктан баш тартышы кажет.

«Самара Каримова өз каалооң менен кет, мындай кылуу мүмкүн эмес! Бул жакшы эмес. Бүт баардык коллектив каршы болуп жатса ал келем деп жатат. Бул жакшы эмес. Сахнада ырдасын, биз аны ырчы катары сыйлайбыз. Бирок директор катары эч ким кабыл албайт. Мен Каримованын өзүнө айттым, Жаманкулов министр болуп турганда сен эмне үчүн соттошкон эмессиң? Эмне үчүн ал кеткенден кийин гана соттошуп утуп алып жатат?» — деп нааразы болду Казакбаева.

Маданий окуу жайдын жамааты Каримова менен Мансуровдун аракетин «баскынчылык» деп атап, директордун кабинетине «жолотпойбуз» деп кабарлашты. Ошондой эле, ырчынын жетекчи болууга «билими жок» деп билдиришти.

«Мен мисалы 7 жыл музыкалык мектепте, 4 жыл окуу жайда, 5 жыл консерваторияда, эки жыл аспирантурада окуп дагы кошумча стажировка өткөм. Мен ушунча жыл окуп туруп өзүм уялам менден тажрыйбасы мол кишилерди башкаруудан. А, Самара мугалим болуп өмүрүндө иштеген эмес, ырчы болуп гана жүргөн. Чынын айтканда азыр мугалимдерге басым башталып жатат», — деди мугалимдердин бири Максат Жумабаева.

Жамаат маданият министри Нуржигит Кадырбековго дагы бир жолу кайрылуу жасап, Каримованы кабыл албай турушканын белгилешти. Тиешелүү кайрылууга 59 кызматкер кол койгон.

Ал эми жалпы окуу жайда 100гө жакын киши иштейт жана 229 окуучу билим алат.

«Эч кандай себеби жок иштен алып салышкан болчу»

Ырчынын жетекчиликке дайындалганын уккан кызматкерлердин бири өзүн начар сезип Тез жардам кызматы чакырылды. Ошол эле учурда Каримованын да саламаттыгы начарлаганы айтылды. Бирок бираздан кийин ырчы журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын айтымында, аны эки жыл мурда кызматтан мыйзамсыз алышкан. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин адилеттүүлүк болуп, соттор туура чечим чыгарганын айтат.

Ырчынын доосун Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту караган. Отурумда Жамиля Акылбекова төрагалык кылган. Ал 17-декабрда Каримованын доосун канааттандырган. Бирок соттун чечими тууралуу маданият министри Нуржигит Кадырбеков журналисттерге 12-январда кабарлаган.

«Чындыгында мен 2018-жылы музыкалык окуу жайга Бишкектен директор болуп шайланып келгем. Анан эле үч күндөн кийин эч кандай себеби жок, менин арызымды албай, мага кабар бербей иштен алып салышкан болчу. Ошол кезде министрдин милдетин аткарып турган статс-катчы Бактыбек Секимов кол коюп дайындаган болчу. Садыр Нургожоевчтин бийлигинде адилеттүүлүк болуп, адилеттүү чечим чыгарып беришти», — деди Каримова.

Ошондой эле, Каримова мыйзамсыз чечим чыкканын маданият министрлигинин юристтери да айтышканын белгиледи.

Бирок маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жамаат менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө, ал соттун чечимин аткарганын айтты. Ал эми жамааттын ырчыны кабыл албай турганы боюнча пикирин комментарийсиз калтырып, Каримованын 14-январда окуу жайга барганын «туура эмес» деди.

Самара Каримова жана жетекчилик кызматтарга байланыштуу чуу

Каримова буга чейин 2018-жылдын 24-октябрында Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп келген. Ал 1-ноябрда жамаат менен таанышып, өз ишин баштаганын инстаграм баракчасына жазган. Ошол эле күнү кечинде мурдагы маданият министри Азамат Жаманкулов аны кызматынан бошоткон.

Буга ырчынын дайындалышы мыйзамсыз болгону, ошондой эле, статс-катчы Бактыбек Секимовго сөгүш жарыяланаары айтылган.

«Менин орун басарымдын Өзбекстанга кетип баратып кол койгону, анын башка күнү каттоого алынганы... Ушундан улам ал буйрукту кайра жокко чыгарууга туура келди», — деген Жаманкулов.

Бул ырчынын жетекчилик кызматтан чуу менен кетиши боюнча биринчи учур эмес. Ал 2017-жылдын жайында Оштогу Сулайман-Тоо музейине жетекчи болуп келип, бирок бир күндөн кийин, соцтармактын колдонуучуларынын сынынан улам өзү эле кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Анда көпчүлүк «26 жаштагы кыз» музейди жетектей албастыгын айтышкан болчу.

Каримова өзү кызматтан кеткенден кийин «кыргыз коому жаш кадрларды кабыл алууга даяр эместигин» айткан.

Самара Каримова "Биримдик" партиясынын жыйынында.

Ырчы 2011-жылы Ош драма театрынын директору Асан Мансуровго турмушка чыгып, эки жылдан кийин кыргыз эстрадасында ырдап чыга баштаган.

Мансуров 2017-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк аймак боюнча маданий борборунун директору болуп дайындалган. Бирок бир жылдан кийин аталган бөлүм жоюлган.

Каримова — «Инстаграмда» миллион катталуучу топтогон алгачкы кыргызстандык. Буга байланыштуу ал 2018-жылы августта Бишкекте жана Ошто майрамдык кече уюштурган.

«Клооптун» редакциясы ырчыга катталгандардын дээрлик жарымы жасалма топтолушу ыктымал деп божомолдогон. Анын посттору башка миллион катталуучусу бар аккаунттарга салыштырмалуу эки эсе аз лайк алган, ал эми лайктардын өзү дароо беш миңдик секирик менен кошулуп калган.

Каримова өзү ошондо инстаграм аккаунтун өзү колдоноорун жана жасалма катталуучу топтоо тууралуу эч нерсе билбестигин «Клоопко» айткан.

Андан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Каримовага «Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти» наамын ыйгарган.

Ал эми 2020-жылы ал Ош шаардык кеңешине «Биримдик» партиясынан талапкер болгон. Бирок пандемиядан улам шайлоо белгисиз мезгилге жылган. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо аталган партияны колдоп үгүт иш-чараларында байкалган.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы