Клара Сооронкулова: Мага болгон коркутуулар онлайндан оффлайнга өтүп кетти

Президенттикке ат салышкан 17 талапкердин ичиндеги жалгыз аял талапкер Клара Сооронкулова «Азаттыктын» «Эки бир» программасына курган маегинде шайлоо өнөктөштүгү учурунда ага коркутуулар болгонун айтты.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын тандаган референдум өттү. Өлкө башчысы болууга 17 талапкер ат салышты. БШКнын алдын ала берген маалыматы боюнча талапкер Садыр Жапаров шайлоого катышкандардын 79 пайыздан ашыгынын колдоосуна ээ болсо, президенттик башкарууну 80%дан ашыгы колдогон.

Сооронкулова журналисттердин «Реформа» партиясы эмне үчүн аймактарды көп кыдырган жок, - деген суроосуна, биринчи маселе — каражат жана эң маанилүүсү коопсуздук болгонуна токтолду.

«Ар кандай коркутуулар болуп, ал онлайндан оффлайнга өтүп кетти. Көчөдө жүрсөң деле, таксиге түшсөң деле таанып калгандар, “сен баланча кишиге каршы чыгып жатасың” деп атырылгандар болду. Ошол себептен корктук. Болгондо дагы штабдын көбү кыз-келиндер, андыктан мен аларды аймактарга барып үгүттөп келели дегенге кооптондум», — деди ал.

Сооронкулова коркутуу фактылары боюнча УКМКга, Башкы прокуратурага, ИИМге кайрылганы менен андан майнап чыкпаганын айтты.

«Мыйзам боюнча эгерде ушундай сигналдар кеткенде алар [укук коргоо органдары] сөзсүз реакция кылышы керек эле. Чындыгында мен алар тараптан реакция болоруна көзүм жеткен эмес. Себеби Садыр Жапаров шайлоого барар алдында жооптуу кызматтарга өзүнүн кишилерин коюп кетти», — деди ал.

«Шайлоо мыйзамдары адилетсиз экен»

Сооронкулова шайлоо өнөктүгү учурунда көп нерселер каржыга келип такаларын, шайлоо мыйзамдары адилетсиз экенин айтты. Ошондой эле, аял киши үчүн колунда бар эркек талапкерлер менен атаандаш болуу өтө кыйын экенине токтолду.

«Ресурсу жок кишилерге үгүт иштерин жүргүзүү кыйынга турду. Тең мүмкүнчүлүк болуш үчүн кандай болбосун аял кишилерге мыйзам квота сыяктуу жеңилдиктерди карашы керек экен. Мисалы кол чогултууну, шайлоо күрөөсүн азайтса айымдар шайлоого көп катышмак», — деди жалгыз аял талапкер.

Укуктук маселелер жана фейктердин армиясы

Сооронкулова өзү шайлоонун жыйынтыгын моралдык жактан тааныганы менен укуктук жактан тааныбай турганын, себеби көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгиледи. Бул боюнча тийиштүү тараптарга кайрыла турганын айтты.

«Шайлоонун жыйынтыгын моралдык жактан тааныганыбыз менен укуктук жактан көптөгөн мыйзам бузуулар болду. Көп нерсеге БШК көз жумуп койду — талапкерлер көрсөтүлүп жатканда, катталып жатканда баш мыйзам, мыйзамдар одоно бузулду. Бул маселелерди дагы деле көтөрүп, жыйынтык чыкса сотко кайрылып, аны укуктук негизде талашабыз», — деди ал.

Талапкер бул шайлоодо социалдык тармактарда фейктердин армиясы катуу иштеп, ошонусу менен буга чейинки кампаниялардан айырмаланганына токтолду. Болгондо дагы элди үгүттөбөстөн коомдо кастыкты жана жек көрүүнү козутканын баса белгиледи.

Буга чейин «Клооптун» журналисттери 800гө чукул фейк аккаунтту талдап, фейктер фермасы кандай иштеп, алар кимдерди коргогонун, бул сыяктуу «колдоо тобун» уюштуруу канча турарын аныкташкан. Ошондой эле, фейктер шайлоо өнөктөштүгүнө кандай таасир берип, коомдук пикирди бурмалоодогу ролун талдашкан.

ТЕМА БОЮНЧА: