«Троллдор» коомдук пикирди манипуляциялап жатат — Текебаев

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 29-декабрда парламентаризмди колдоого арналган иш-чарада сөз сүйлөдү.

Анда Текебаев интернет кеңири жайылганга чейин саясатчылардын негизги маалымат булагы мамлекеттик телеканал болуп келгенин, азыркы учурда абал өзгөргөнүн белгилеген.

«Кимдин акчасы, «троллдору» көп болсо ошол коомдук пикирди манипуляция кылып, элдин пикирин өзгөртүп жатат», - дейт ал.

Троллдор фермасы

Өлкөдө саясий абал курчуй баштаганда социалдык тармактардын кыргыз сегментинде тигил же бул саясатчыларды коргоп чыккан фейк аккаунттар абдан көп болот.

Кыргызстанда «троллдор фабрикасы» жана интернетте белгилүү бир маанай жаратуучу топтор бар экендиги, аларды айрым партиялар саясий иш-чаралардын мезгилинде жалдай турганы жөнүндө кептер 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоо маалында пайда болгон. Бир дагы саясий партия же президенттикке талапкер мындай саясий технологияны колдонгонун расмий мойнуна алган эмес.

«Клооптун» журналисттери троллдор башка адамдардын сүрөтүн колдонуп, башка троллдор менен достошуп, коомдук пикирге таасир берери тууралуу бир нече иликтөө жарыялаган.

«Клооптун» маалымат базасында жүздөгөн фейктер бар: алардын бир бөлүгү башка колдонуучулардын сүрөттөрүн колдонсо, экинчилеринин аватарында жүзү даана көрүнбөгөн сүрөттөр турат, ал эми үчүнчүлөрү токойлордун, жаныбарлардын жана кыргыз желегинин сүрөттөрүн колдонот.

Алардын баарын бир нерсе бириктирет — алар чыныгы адамдар эмес, алар мурдагы жана учурдагы аткаминерлерди таанытуу, жаңылыктарды жана иликтөөлөрдү дискредитациялоо жана чыныгы адамдарды кодулоо үчүн түзүлгөн боттор.

Тема боюнча:

Башка адамдардын сүрөттөрүн колдонгон фейк аккаунттар менен таанышып алыңыздар

Фейктер аккаунттары реалдуу көрүнүшү үчүн кандай амалкөйлүктөргө барышат?