Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова 15-январда Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын жамаатына тааныштырылды. Анткен менен окуу жайдын кызматкерлери аны жетекчи катары кабыл алуудан дагы деле баш тартышууда.

Ырчынын дайындалганы боюнча расмий кабарды Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов 15-январда жеткирди. Ал эми жамаат Каримованы дайындоо тууралуу буйрукту жокко чыгарып, коллективдин ичинен кайсы бир кызматкерди убактылуу дайындап турууну, ал эми жаңы жетекчини конкрустук негизде дайындоону талап кылууда.

Музыкалык окуу жайда 50 жылдан ашуун иштеп жаткан Тамара Казакбаева кызматка жогорку музыкалык билими бар киши келиши керек деген талапты дагы бир жолу эскертти.

«Азыр статс-катчыга да буга “сиз күнөөлүүсүз” деп айттым. Мына, кесиптештердин көзүнчө айттым. “Эмне үчүн билимин сурап туруп ишке койбойсуз?” дедим. Биз премьер-министрге кайрылуу жаздык, президентке жаздык, маданият министрине жаздык. Биздин буга чейинки директорлор Ленинградда, Ташкентте, Алматыда, Москвада окуп келишкен. Мына бүт баарынын сүрөттөрү илинип турат азыр. Андан кийин Самара келип эле отуруп калса, бул туура эмес», — деп түшүндүрдү ал.

Жамаат директордун ишке киришүүсүнө нааразычылык билдиргендиктен Секимов окуя болгон жерге милиция кызматкерлерин чакырды.

Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо аймактык бөлүмүнүн кызматкерлеринин бири «Клоопко» чакыруу ырчы Самара Каримованын өзүнөн түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, ырчы «ызы-чуу болуп жатат» деп милицияга кабар берген. Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери жериндеги абалга көз салып мыйзам бузуу жок экенин белгилешти. Милиция келген учурда Каримова окуу жайдын аймагынан чыгып кеткен болчу.

Бактыбек Секимов 2018-жылдын 17-октябрынан 25-октябрына чейин маданият министринин милдетин аткарган. Ал эми 25-октябрда Азамат Жаманкулов маданият министри болуп дайындалган.

Ырчы Самара Каримова 2018-жылдын 1-ноябрында Инстаграм баракчасына окуу жайдын жамааты менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, катталуучуларына директор болгонун сүйүнчүлөгөн. Бирок ошол эле күнү кечинде Жаманкулов аны кызматынан бошотуп, Секимовго сөгүш жарыялоону сунуштаган. Мунун себебин Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо мыйзамсыз болгону менен түшүндүргөн.

«Буйрук чыгарууда мыйзам бузулган. Менин орун басарымдын Өзбекстанга кетип баратып кол койгону, анын башка күнү каттоого алынганы... Ушундан улам ал буйрукту кайра жокко чыгарууга туура келди. Биринчиден, кызматка дайындоо эрежеси бузулгандыктан, чечим жокко чыгарылды. Экинчиден, өзүмдүн жеке көз карашым боюнча айтсам, мен ал кишини бул кызматка койбойт элем», — деген ошол учурда Жаманкулов.

Жаманкулов кызматка коюу тууралуу арыз менен Самара Каримова министрликке өзү кайрылган деп белгилеген. Министрликтин фейсбук баракчасында Секимов 2018-жылдын 25-октябрында Өзбекстанда жүргөнүн көрүүгө болот. Ал мезгилде коңшу өлкөдө Кыргызстандын маданий күндөрү өткөн.

Өкмөттүн расмий сайтында Секимов 2019-жылдын 15-февралында экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден 2018-жылга карата сөгүш алганы кабарланган. Анткен менен Бактыбек Секимов Каримованы дайындоо мыйзам чегинде болгон деген позициясын азыр деле карманууда жана ага карата сөгүш жарыяланбаганын айтып ишендирүүдө.

Маданият министри Нуржигит Кадырбеков жана ырчы Самара Каримова

Министрлик сотто Самара Каримованын тарабын алганы аныкталды

Ошол эле учурда статс-катчы Бактыбек Секимов «Клооптун» журналисттерине маданият министрлиги соттун чечимин даттана турганын билдирди.

Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту ырчынын маданият министрлигине каршы доосун 2020-жылдын 17-декабрында канааттандырган. Буга маданият министрлигинин Каримованын доосу менен макул болгону себеп болгон.

Министрлик сотто Каримова «иштен мыйзамсыз алынганын жана аны кызматка кайтаруу керектигин» толугу менен моюндаган.

«Бизге соттун чечими жаңы жылдан кийин келди [...] Бизде убакыт бар да, апелляциялык даттанууга. Мөөнөтүбүз өтүп кетсе ушул суроону берсеңиз болот эле. Буйрук чыгарбай эле сотко даттансак болот болчу, бирок министрликтин юристи сотто Каримованы иштен кетирүүдө процедуралык бузуу болгонун мойнуна алып жатпайбы», — деди Секимов.

Анткен менен Секимов министрлик чечимди качан даттана турганын, жамааттын кайрылуулары качан каралаарын так айта алган жок. Бирок Самара Каримованы кызматтан алуу «саясий чечим» болгон деп билдирди. Ошол эле учурда кимдер чечимге таасир эткенин атоодон баш тартты.

Соттун чечими расмий күчүнө кире элек болчу

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков соттун чечими күчүнө кире электе эле ырчы Самара Каримованы окуу жайдын директору кызматына калыбына келтирген.

Биринчи май райондук сотунун өкүмүндө даттанууга 30 күн берилери көрсөтүлгөн. Ал эми Жарандык процессуалдык кодекстин 211-беренесине ылайык, биринчи инстанциядагы соттун чечими «апелляциялык даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет» деп белгиленген.

Маданият министри Нуржигит Кадырбеков «соттун чечимин аткаруу максатында» 14-январда Каримованы окуу жайдын директорлугуна 15-январдан тартып дайындоо буйругуна кол койгон. Мыйзамга ылайык, Каримова бул кызматка 15-январдан кийин келиши керек болчу. Анткени бул күнү соттун чечими чыкканына 30 күн болмок.

Ал эми маданият министрлигинин мурдагы башчысы Азамат Жаманкулов «Клоопко» эки жыл мурда Каримованы иштен алган буйругу мыйзамдуу экенин айтты. Ошондой эле, ал Биринчи май райондук сотунун чечими «акыркы эмес» экенин белгилеп, даттанууга мүмкүнчүлүк болгонун белгиледи.

«Коллективдин өзүнүн каалоосу бар, ошонун баарын эске алып, мен ойлойм, министрлик сүйлөшүш керек эле. Биринчи май райондук соттун чечими — бул акыркы чечим эмес да. Экинчи инстанция, Жогорку сот бар — ал жакта караш керек эле да [...] Мен биринчиден жогорку инстанцияларга [даттануу] бермекмин, аягына чейин чыгармакмын. Биринчи эле соттун чечимин “сот чечти” деп кабыл албайт болчумун. Экинчиден эгерде Жогорку сотко жетип, ал жактан чечим чыга турган болсо анда процедуранын баарын сактамакбыз», — деди Жаманкулов.

Кадырбеков Каримованы кызматка кайтаруу буйругуна кол коюп жатып Биринчи май райондук сотунун чечимин негиз кылган. Бирок чечим 17-декабрда чыкканына карабастан Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын жетекчиси болуп турган Нурлан Каримовго жана жалпы жамаатка бул тууралуу кабарлаган эмес.

Кызматкерлер эгерде соттун чечими тууралуу мурдараак билишкенде тиешелүү инстанцияларга даттанат болчубуз дешүүдө.

экс-министр Азамат Жаманкулов жана ырчы Самара Каримова

Директорду дайындоодо тиешелүү талаптар барбы?

Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын жамааты Самара Каримованын музыкалык жогорку билими жок болгонуна да нааразы болушту. Анткен менен статс-катчы Секимов ырчы дайындалган учурда директорлорго карата белгилүү бир талаптар болгон эмес деп билдирди.

«Азыр жаңы критерий бекитилди, бирок мен дайындап жатканда жок болчу. Мага ошол кезде “критерийлерди бузду, эрте кол коюп койду” деген дооматтарды коюп, [сөгүш жарыялоо үчүн] көрсөтмө берип жатышкан [...] Жогорку билими бар да», — деп түшүндүрдү Секимов.

Секимовдун айтымында, Каримова экономикалык жана юридикалык билимге ээ. Ошондой эле, учурда ал Жалал-Абаддагы маданият техникумунда 3-курста сырттан билим алып жатканы айтылууда.

Анткен менен Азамат Жаманкулов окуу жайларга жетекчилерди дайындоодо атайын критерийлер болушу керек деп эсептейт.

«Ар бир жетекчиге [атайын критерий керек], айрыкча квалификациялык диплом бере турган атайын орто окуу жайларына, бул жөнөкөй мектеп эмес да. Ошондуктан ал жерде талаптар бар да», — деди Жаманкулов.

Макала чыгаар алдында ырчы Самара Каримованын өзүнөн билими тууралуу маалымат ала алган жокпуз. Өзүн анын адвокатымын деп тааныштырган Маматмуса Алыкулов «Клооптун» журналистинин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Каримова 14-январда Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга жолдошу Асан Мансуров менен барган. Бирок жамаат анын дайындалышын нааразычылык билдирүү менен кабыл алган. Ырчы болсо эки жылдан кийин гана соттошконун «Садыр Нургожоевичтин бийлигинин тушунда адилеттүүлүк болооруна, соттор туура чечим чыгараарына ишенгенин» айткан. Мындан сырткары, ал «Садыр Нургожоевичке рахмат!» деп ыраазычылык билдирген. Ошол жердеги кызматкерлер болсо «бул жагдайда Нургожоевичтин эмне тиешеси бар?» деп суроо салышкан.

Бул ырчынын жетекчилик кызматтан чуу менен кетиши боюнча биринчи учур эмес. Ал 2017-жылдын жайында Оштогу Сулайман-Тоо музейине жетекчи болуп келип, бирок бир күндөн кийин соцтармактын колдонуучуларынын сынынан улам өзү эле кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Анда көпчүлүк «26 жаштагы кыз» музейди жетектей албастыгын айтышкан болчу.

Каримова өзү кызматтан кеткенден кийин «кыргыз коому жаш кадрларды кабыл алууга даяр эместигин» айткан.

ырчы Самара Каримова

Самара Каримова жана Асан Мансуров

Ырчы 2011-жылы Ош драма театрынын директору Асан Мансуровго турмушка чыгып, эки жылдан кийин кыргыз эстрадасында ырдап чыга баштаган.

Мансуров 2017-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк аймак боюнча маданий борборунун директору болуп дайындалган. Бирок бир жылдан кийин аталган бөлүм жоюлган.

Каримова — «Инстаграмда» миллион катталуучу топтогон алгачкы кыргызстандык. Буга байланыштуу ал 2018-жылы августта Бишкекте жана Ошто майрамдык кече уюштурган.

«Клооптун» редакциясы ырчыга катталгандардын дээрлик жарымы жасалма топтолушу ыктымал деп божомолдогон. Анын посттору башка миллион катталуучусу бар аккаунттарга салыштырмалуу эки эсе аз лайк алган, ал эми лайктардын өзү дароо беш миңдик секирик менен кошулуп калган.

Каримова ошондо инстаграм аккаунтун өзү колдоноорун жана жасалма катталуучу топтоо тууралуу эч нерсе билбестигин «Клоопко» айткан.

Андан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Каримовага «Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти» наамын ыйгарган.

Ал эми 2020-жылы ал Ош шаардык кеңешине «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

Бирок пандемиядан улам жергиликтүү шайлоо белгисиз мезгилге жылган. 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо аталган партияны колдоп үгүт иш-чараларында байкалган. Ал эми президенттик шайлоодо Каримова Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдогон.

Садыр Жапаровдун тарапташы Мелис Аспеков жана ырчы Самара Каримова

Мансуровдорго таандык Оштогу сойкуканалар тууралуу иликтөө

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти маркум Улан Эгизбаев 2015-жылы Самара Каримованын күйөөсү Асан Мансуровдун аты аталган иликтөө жарыялаган. Анда Оштогу интим-кызматтарын көрсөткөн мейманкана жана сауналар тууралуу кеп болгон.

Журналисттер «Кара Алма» чайханасынын жанындагы имараттагы сойкуканада секс-кызматын көрсөткөн келин менен маек курушкан. Анда ал сойкукана Ош улуттук драма театрынын ошол кездеги башчысы Мансуровго караштуу болгонун айткан.

«Концерт коюп жатат го, ошонуку да [...] Бизге чалып, “аялыма гүл бергиле” дейт, “кезек менен” дейт. Сиз барган [“Ынтымак” саунасы] дагы ошонуку. Ал жерде күнүнө жок дегенде жүз миң сом жөн эле түшөт [...] Кечээ “рейд болот дегенинен бир күнгө жаба туралы” десек, “жаппайсың, менин саунам тополоңдо дагы жабылган эмес” деди [...] Өзбекстандан келген кыздарды катуу-катуу чаап урат. Жинине тийсең өзү келип сабайт», — деп маек берген секс-кызматкер.

«Азаттык» Мансуровдун иниси «Кара Алма» кафесине, апасы «Ынтымак» саунасына ээлик кылганын да маалымдаган. Мансуров бул маалыматты жарым-жартылай тастыктаган.

Материалдын авторлору: Элвира Султанмурат кызы жана Элдияр Бакиров