«Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду талдоого алган. Уюм шайлоону өткөрүүдөгү бир нече көйгөйдү белгилеп, бийликке, БШК жана жарандык коомго бир нече сунуш даярдаган. «Клооп» укук коргоочулардын талдоосунун маанилүү пункттарын сунуштайт.

«Көйгөйлөр»

Көпчүлүк жарандар «Бир дүйнө – Кыргызстанга» бир нече себеп менен кайрылышкан:

— биометрикалык маалыматтарды тапшыруу тартиби;

— УШКларга көз карандысыз коомдук байкоочуларды каттоо;

— COVID-19 боюнча санитардык коопсуздук чараларын сактоо;

— добуштарды саноонун автоматташтырылган тутумун ишке киргизүү;

— алыскы аймактардагы УШКлардын жайгашуусу.

Мындан тышкары, аталган уюмдун өзү шайлоолорду өткөрүү жана даярдык учурундагы эске алынбаган жагдайларды белгилеген. Адистердин айтымында, талапкерлер менен үгүт топторунун шайлоочулар менен жолугушууларын ким каржылап, ким уюштуруп жатканы тууралуу кенен маалымат болгон эмес.

«Мындай чаралар админресурсту колдонуу жана саясий коррупциянын алдын алууга көмөкчү болот», — деп эсептешет «Бир дүйнө – Кыргызстан».

Укук коргоочулар шайлоо участкалары добуш берүүгө саналуу күн калганда дарегин алмаштырганын белгилешкен. Ошондой эле, шайлоочулар менен ЖМКны админресурс колдонуу тууралуу билдирүүлөрдүн ар бирин карап чыгуунун жыйынтыгы тууралуу жетиштүү маалымат менен камсыздаган эмес деп эсептешет.

Укук коргоочулар КТРК каналындагы президенттикке талапкерлердин ортосундагы дебаттарды өзүнчө бөлүп караган. Алардын пикиринде, бийлик талапкерлер жана алардын тарапташтары жайылткан, анын ичинде дебаттар учурунда колдонулган «кара пиарга» «өз учурунда» реакция кылган эмес.

Дебат учурунда аба ырайын шайлоодон кийин болушу мүмкүн делген митингдерге байланыштырган КТРКнын алып баруучуларынын бири

«КТРКда өткөн дебаттар уюштуруу жана өткөрүү жагынан, ошондой эле, журналисттердин Этика кодексин кармануу багытынан алганда дагы эл аралык демократиялык стандарттарга төп келбейт», — деп эсептейт уюм.

Укук коргоочулар БШК эмне себептен КТРКнын журналисттерин окутуп «методикалык» жактан колдоп турбаганына «айран таң калууда».

«Бир дүйнө — Кыргызстандын» адистери аккредитациясы бар менчик ЖМКларга карата «мерчемсиз айыптын» айынан, ошондой эле алар тараткан маалыматтын чын-төгүнүн аныктоого БШКнын ыйгарым укуктары болгондугунан журналисттер өздөрүн-өздөрү цензурага салышкан деп эсептешет.

Мындан улам, укук коргоочулардын айтымында, болуп өткөн шайлоодо аналитикалык материалдар жана журналисттик иликтөөлөр «дээрлик» болгон эмес.

Алардын пикиринде, БШК дооматтарды кабыл алган же болжолдуу бузууларды каттоого алып, андан ары укук коргоо органдарына жолдогон «стаститика органынын бюрократиялык позициясын» карманып туруп алган.

«Талапкерлерге карата доо арыздарды кароодо БШК мүчөлөрү калыстыктан тайып, шайлоо мыйзамынын нормаларын колдонууда кош стандарттуулукка жол берген. Мындан улам шайлоочулардын президенттик шайлоо жана референдумга карата ишеними ыдыраган», — деп эсептешет адистер.

«Бир дүйнө – Кыргызстан» уюму президенттикке талапкерлердин ичинен үчөө — Адахан Мадумаров, Абдил Сегизбаев жана Канат Исаев — добуш берүү учурундагы «фальсификациялардан» улам шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип чыкканын белгилеген. Бирок алар Боршайкомго «бир дагы арыз» жолдошкон эмес.

Сунуштар

Көйлөрдү талдоонун негизинде укук коргоочулар бийлик органдарына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана жарандык коомго өзүнчө сунуштарды иштеп чыккан.

«Бир дүйнө — Кыргызстан» «постсоветтик мейкиндиктен тышкаркы» өлкөлөрдөгү эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен шайлоону уюштуруучулардын «көз карандысыздыгын жана бейтараптуулугун чыңдоо үчүн» БШКны реформалоону сунуштайт.

Ошол эле учурда БШКнын көпчүлүк мүчөлөрүн парламенттик оппозициянын өкүлдөрүнөн дайындоону, ал эми комиссиянын жетекчилигин дагы ушул оппозициялык топтон шайлоону сунуштайт. Ошондой эле, укук коргоочулар ар бир шайлоо өнөктүгүнөн кийин БШКнын жетекчилигин алмаштыруу принцибин колдонууну сунуш кылат.

Андан тышкары, алар көз карандысыз аудит — техникалык жана финансылык — биометрикалык индентификациялоо тутумуна, анын камтылышына жана техникалык иштерине аудит жүргүзүүнү, жана аудиттин жыйынтыгын «милдеттүү түрдө» жарыялоону сунушташат.

Уюм добуштарды эсептөөчү жана маалыматтарды берүүчү шайлоо маалымат системаларынын ишин текшерүү жана баалоо үчүн эффективдүү «көз карандысыз» аудит механизмин ишке киргизүүнү сунуштайт.

«Шайлоо тутумун реформалоодо гендерлик теңчиликке жана гендерлик адилеттүүлүккө өзгөчө көңүл буруп, саясий процесстерде бирдей мүмкүнчүлүк пайда кылуу үчүн аялдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, социалдык жактан аялуу катмарды уюштурулуп жаткан шайлоо жана референдумга тартуу керек», — деп эсептейт укук коргоочу уюм.

Укук коргоочулар коомдук телерадиоберүүнү реформалап анын «чыныгы» көз карандысыздыгын камсыздоону сунушташат.

Жарандык коомго «Бир дүйнө — Кыргызстан» жергиликтүү деңгээлде шайлоо комиссиясын түптөө үчүн саясий партияларды өнүктүрүүнү сунуштаган. Бейөкмөт уюм талапкерлер менен саясий партиялардын шайлоо алдында берген убадаларын аткаруусуна мониторинг жүргүзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштерди күчөтүүнү сунуштайт.

Жергиликтүү бийлик органдарына укук коргоочу уюм жарандардын добуш берүү укуктарынын бузулушуна байланышкан тобокелдер менен конфликттердин алдын алуу үчүн иш аракеттердин планын иштеп чыгууну сунуш кылган.