2-тур: БШК КТРКдагы дебат боюнча текшерүү жүргүзөт

Боршакоймдун мүчөсү Гүлнара Журабаева ыкчам аракет көрүү координациялык тобу 6-январда КТРКда өткөн президенттикке талапкерлердин дебаты боюнча материалдарды текшерерин билдирди. Дебатта талапкерлер телеканалды «бийликти жактап жатат» деп, ал эми алып баруучуларды кесипкөйсүздүккө айыпташкан.

Журабаеванын айтымында, алып баруучулардын кандитаттар парламенттик форманын терс жактары тууралуу көп айтып, президенттик башкаруу форманын оң жактарын көрсөтүүгө багытталган суроолору — кесипкөйлүккө жатпайт. Ал журналисттер үгүттөө иштери жүргүзбөшү керектигин баса белгиледи.

«Биз ал айтылгандарга көңүл бурушубуз керек. Биздин координациялык топ материалдарды текшерет», — деди ал 24.kgге курган маегинде.

Дебатта эмне болду эле?

КТРК телеканалында президенттикке талапкерлер катышкан дебаттын экинчи туру өткөн. Экинчи турдун биринчи дебатына Садыр Жапаров катышышы керек болчу, бирок ал дебатта жалаң «ушак териштирилет» деп айтып ага катышпай турганын билдирген. Анын ордуна талапкер аймактарда эл менен жолугушкан пайдалуу деп чечкен.

Ошентип дебатка болгону беш талапкер катышкан: Канат Исаев, Курсан Асанов, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров. Алар мамканалдын алып баруучулары бийликке «ыңгайлуу жана алдын ала даярдалган» суроолорду узатып жатышат деп билдиришкен. Талапкерлер учурда башкаруу формасын же парламенттин катачылыктарын талкуулоодон көрө башка маанилүү көйгөйлөрдү сүйлөшүү керек деп айтышкан. Ошондой эле, Канат Исаев Жапаровдун Кытай менен байланышы бар болушу мүмкүндүгүн кыйыткан.

Социалдык тармактарда дагы мамлекеттик телеканалды сынга алышты. Колдонуучулар дебаттын алып баруучулары калыс жана кесипкөй эмес алып барышкан деп эсептешүүдө.

https://twitter.com/ilimkm/status/1346839348076011521

Кезексиз президенттик шайлоо 10-январга дайындалган. Ага 17 талапкер ат салышууда. Президенттик шайлоо менен бирге 10-январда референдум өтөт. Анда эл башкаруу формасын тандашат — парламенттик же президенттик республика.