Видео: Оштун мэринин кызматтык унаасы жол эрежесин бузганы боюнча үч токтом түзүлдү

Блогер Азамат Ормокеевдин Ютуб каналынан алынган тасмадан скрин

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун кызматтык унаасы каршы тилкеге чыгып кеткендиги үчүн патрулдук милиция бир гана берене боюнча токтом түзгөн жана айыптын көлөмүн аз көрсөткөн. Бул тууралуу блогер Азамат Ормокеев Ютуб каналындагы тасмада билдирди.

Мындан эки күн мурун калаа башчысынын кызматтык унаасы калаадагы көчөлөрдүн биринде каршы тилкеге чыгып айдап баратканы боюнча социалдык тармактарга тасма тараган. Анда Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа патрулдук милициянын «Токто» деген белгисине баш ийбей, айдап кеткенин көрүүгө болот.

Ормокеев ошол эле күнү Ош мэриясынын имаратына келип, күзөтчүлөргө жумуш күнүбү деп суроо салып «жок» деген жооп алган. Андан соң аны сыртта патрулдук милициянын эки кызматкери күтүп турган. Алар Ормокеевге мэрдин кызматттык унаасы каршы тилкеге чыккандыгы боюнча токтом түзүлгөнүн маалымдаган.

Анткен менен Ормокеев аталган унаага жалпысынан үч берене боюнча токтом түзүлүп, айып салынуусу керектигин айткан. Ошондой эле, кызматтык унаа окуя болгон учурда катуу үн чыгаруучу сигнал менен жүргөнүн белгилеген.

«Каршы тилкеге чыккандыгы үчүн мыйзам боюнча 5500 сом айыппул каралган, сиздер түзгөн токтомдон мен 3000 сом деп көрүп жатам. Экинчиден ал унаа милициянын тосконуна токтогон жок. Бул боюнча «Айдоочунун ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу» беренеси менен дагы 5500 сом айыппул салынышы керек. Мындан сырткары айдоочунун тиешелүү уруксаты жок үн чыгаруучу сигналдар орнотулганы [129-берене] үчүн дагы айыппул каралышы керек», — деген Оромокеев.

Мындан сырткары блогер мэрдин кызматтык унаасынын коопсуз шаар долбоору боюнча 1000 сом айыппулу бар экендигин көрсөткөн. Ошондой эле, патрулдук милиция буга чара көрбөгөндүгүн белгилеген.

Милициянын өкүлдөрү жол эрежесин бузган кызматтык унаага дагы эки токтом түзүлөөрүн убадалап, бирок ал унаа текшерилген убакта үн чыгаруучу каражат жок болгондугун айтышкан.

«Ал үн биздин машинадан чыккан деп патрулдук милиция айтып жатат. Ал үндү кызматтык унаа атайын чыгарган экен, ошол үн видеого түшүп калган», — деп түшүндүргөн милиция.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров окуя болгон күнү унаада Сарыбашов өзү болгон эмес деп билдирди. Калаа башчысы айдоочусун шашылыш түрдө иш-чарага баруу үчүн чакыргандыктан, ал жол эрежесин бузган деп тастыкташты. Ошондой эле, айыппулду айдоочу төлөөрүн белгиледи.

Ал эми Ош ШИИБинин Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Кубанычбек Камчыбеков мэрдин кызматтык унаасы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн үч токтом түзүлгөнүн билдирди.

«Окуя болгон күнү бир токтом түзүлгөн, эки токтом бүгүн түзүлдү. Анткени ошол күнү иш күнү [ишемби күнү иш күнү саат 12:00гө чейин] бүткөндүктөн, эки протокол бүгүн дүйшөмбү түзүлдү», — деп түшүндүрдү Камчыбеков.

Ошондой эле ал жеринде үч эреже бузуу боюнча токтом түзбөгөн путрулдук милиционерлерге эч кандай чара көрүлбөйт, алардын аракетинде мыйзам бузуу жок деп кошумчалады.

Анткен менен эки токтом блогер Азамат Ормокеев эреже бузууларды көрсөтүп бергенден кийин түзүлгөн.