«Адамдар өлүп жатканда айрымдары акча жасашкан». Бекешев комиссиянын жыйынтыгы тууралуу

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн телеграм каналында гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жана COVID-19га каршы күрөштүн натыйжалуулугу боюнча комиссиянын иши тууралуу айтып берди.

Бекешевдин айтымында, 18-январда комиссия гумжардамды бөлүштүрүүдө мыйзам бузуулар болгонун аныктаганын билдирди.

«Көп нерсе бүдөмүк көрсөтүлгөн, баары кайда житип кеткени белгисиз. Өлүмдөр боюнча расмий статистика менен комиссия иликтеп чыккан каза болгон адамдардын санындагы айырмачылык – бир нече миңди түздү», — дейт депутат.

Ошондой эле, комиссиянын маалыматына караганда 2019-жылы Кыргызстанда 24 миңге чукул адам каза болгон, ал эми 2020-жылы 28 миңге жеткенин билдирген. Дал ушул айырмачылык, Бекешевдин айтымында, COVID-19 илдетинен көз жумгандардын санынан кабар берет.

«Көпчүлүгүн башка оорулардын катарына кошуп салышкан, алар болсо коронавирустан өлгөн», — деп түшүндүрөт Бекешев.

Парламентарий комиссия катардагы врачтарды жазалабастан, жогорку кызмат адамдарын жоопко тартууну чечкенин кошумчалаган.

«Көп катачылыктар кеткен, кай бир жерде билим жетишпесе, айрым учурда адамдар өлүп жатканда жөн гана акча жасап жатышты», — дейт ал.

COVID-19 боюнча комиссия

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 15-январда гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берген. Кыргызстан гумжардамды коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн алган.

Анын айтымында, Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасында көрсөтүлгөндөн кыйла көп. Мындан тышкары, Сурабалдиева айрым адамдар өлкөгө келип жаткан гуманитардык жардамды уурдашканын айткан.

«Врачтар каармандык менен ажал менен алышып жатканда, айрым жетекчилер узак мөөнөткө ден соолугуна байланыштуу өргүүгө кетишкен. Айрым ооруканалардын башкы врачтары кызыл зонага жакын да жологон эмес», — деген вице-премьер.

Кыргызстанга келген гумжардам

Кыргызстандын бийлиги пандемия башталгандан бери коронавирус менен күрөшүүгө 300 миң доллардан ашуун каражат алган. Бул каражаттын көп бөлүгү насыя катары берилсе, азырагы грант катары келген.

Ошол эле учурда, өлкө бийлиги келип түшкөн каражаттарды ачык-айкын бөлүштүргөн эмес. «Клооптун» журналисттеринин гумжардамдын бөлүнүшү боюнча бийлик органдарынан отчёт алуу аракеттеринен майнап чыккан жок.

Дагы окуңуз: Кыргызстан: Коронавирус үчүн которулган акча? Кайсы акча? ¯\_(ツ)_/

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына караганда, 19-январга карата пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 жуктурган 83 178 учур катталган. Ооруканалардан айыгып чыккандардын саны 79 249 түзөт.

Коронавирус дартынын күчөп кетишинен улам 1 387 адам көз жумган. Ошол эле учурда, саламаттык сактоо министрлиги вирустан көз жумгандардын стаститикасына эки ирет тактоо киргизген – алгач ведомство пневмониядан каза тапкандар COVID-19 илдетинен улам өмүрү менен кош айтышкандардын статистикасына кириши керек деп билдирген. Кийин министрлик 400дөн ашуун адамды бул тизмеден чыгарып, алардын өлүмүнө башка оорулар себепкер болгон деген бүтүмгө келген.