Эми окуу китептери басылып чыгар алдында төрт экспертизадан өтөт

Эми мектептеги окуу китептери экспертизанын 4 түрүнөн өтөт. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев «Окуу китеби» Республикалык илимий-практикалык борборунда өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, буга чейин окуу китептери бир гана экспертизадан өткөрүлсө, эми алар сапатты текшерүүнүн 4 баскычынан өтүшү керек: илимий, илимий-педагогикалык, антидискриминациялык жана гендердик, ошондой эле педагогикалык-практикалык экспертиза.

Окуу китептеринин сапатына эми жаңы негизделген «Окуу китеби» мекемеси жооп берет. Буга чейин бул ишти илимдер академиясы жүргүзүп келген. Билим берүү министри Бейшеналиевдин айтымында, окуу китептеринин сапатын жогорулатуу министрликтин негизги максаты болуп саналат.

Республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору 2021-жылдын январынан тарта иштеп баштады. Аны Кыялбек Акматов жетектейт.

Каталары жайнаган окуу китептери

Окуу китептериндеги каталарга байланыштуу чуулар жана окуучулардын ата-энелеринин көптөгөн даттанууларынын натыйжасында окуу китептеринин сапатын текшерүү күчөтүлүп, экспертизанын кошумча баскычтары киргизилүүдө.

Талаш-тартыштын жаралышына, 2016-жылы 2,5 миң нуска менен жарык көргөн физика боюнча окуу китеби себеп болгон. Жарыкка чыккан китепте формулалар ката болгон жана иллюстрациялар болгон эмес – буга карабай, билим берүү министрлиги китепти басмадан чыгарып, аткарылган буйрутма үчүн дээрлик 100 миң сом төлөгөн.

Каталар физика сабагы боюнча чыккан кошумча окуу китебинен да табылган.

Аны «Полиграфбумресурсы» басмаканасы 700 даана басып чыгарган. Басып чыгарууга Билим берүү министрлиги дээрлик 80 миң сом сарптаган.

Китеп грамматикалык каталар менен басылган – бери дегенде ар бир баракта төрттөн ката болгон – китеп өзү 159 барактан турат.

Кийин 2018-жылдын октябрь айында журналисттер 6-класстар үчүн география окуу китебинен миңден ашуун ката жана фактологиялык каталарды табышкан. Ошондо 2017-жылдын ноябрына чейин басып чыгарылып аткан китептердин мазмунун ведомство таптакыр текшербегени белгилүү болгон, болбосо ага жыл сайын он миллиондогон сомдорду сарпташкан. Министрлик китептердеги техникалык параметрлерди гана текшерген, мисалы, шрифттердин өлчөмүн текшерген. Ал эми мазмуну авторлорго, китеп түзүүчүлөргө «ишенип берилген», басып чыгаруунун алдында окушкан эмес.

Бул көйгөйлөрдү билим берүү министрлиги 2018-жылы чечиши керек болчу, бирок 2019-жылы жаңы басылган окуу китептеринде каталар калып калгандыгы, ал эми окуучулар ал китептерди колдонуп жатканы белгилүү болгон.