Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы жетекчиси Радбек Эшмамбетов узакка созулган оорудан улам 20-январга караган түнү каза болду. Ал 72 жашта эле.
«Бүгүн кыргыз эли эл үчүн иштеген, таза, жакшы жетекчи, интеллигент Радбек уулунан ажырады. Достукка бекем инсан элеңиз. Радбек Бакиевич, жаткан жериниз бейиштен, топурагыңыз торко болсун. Кыргыз элинин жүрөгүндө жашай бересиз», — деп жазды фейсбукта маданияттын эмгек сиңирген ишмери Табани Кожоярова.
«Легендарлуу парламенттин» депутаты
Эшмамбетов Ленинграддагы политехникалык институтту жана жана Коомдук илимдер академиясын аяктаган. Ал эмгек жолун Кара-Көл шаарындагы ГЭСтен баштап, андан кийин түрдүү тармактарда иштеген.
Кийинчерээк, 29 жашынан, Коммунисттер партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн жетектеген. 36 жашында Бишкек шваарындагы республикалык «Кыргызсельстрой» бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары болгон.
Ал 1990-жылы «Легендарлуу парламентке» депутат болуп келген. Ал парламентте 1995-жылга чейин иштеп, кийинчерээк «Саламстрой» ЖЧКсынын башкы директору болуп турган. 2001-жылдан болсо Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болгон.
Андан соң 2011-жылдан 2016-жылга чейин ал Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеген. Ал эми 2017-жылдын декабрына чейин мурдагы спикер, маркум Чыныбай Турсунбековдун коомдук кеңешчиси болуп турган.