Бишкек шаарындагы Чүй проспекти жана Үмөталиев көчөсүнүн кесилиши

Өлкөбүздө «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы кабыл алынганына 5 жылдын жүзү болду. Өкмөт аны ишке ашырууну Мамлекеттик ипотекалык компанияга жүктөп, долбоорду ишке ашырууга 3,3 млрд сом каралганы айтылган.

МИК программанын алкагында коммерциялык банктар менен келишим түзүп, жарандарга төмөндөтүлгөн пайыздар менен ипотекалык насыяларды берип келет. «Жергиликтүү турак жай» аркылуу ипотекалык насыяларды алган биринчи кардарлар 12-14% менен алышкан.

Ал эми пайыздарды төмөндөтүү үчүн өкмөт 2019-жылдын май айына чейин эле Мамлекеттик ипотекалык компаниясына 4,8 млрд сом бөлгөн. Бул мезгил аралыгында 12-14%дан 7-9%га чейин төмөндөгөн. Бара-бара ипотекалык насыялардын пайыз чени төмөндөтүлүп, 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта насыя 6-8% менен бериле баштаган.

2020-жылдын аягында премьер-министрдин м.а. Артем Новиков 2019-жылдын 1-октябрына чейин жогору пайыз менен ипотекалык насыя алган жарандардын пайыз ченин 6-8%га түшүрүүнү МИКке сунуштаган. Бирок азырынча МИК ипотека алгандардын пайыздарды түшүрүү боюнча чечим кабыл ала элек.

Тилекке каршы, пандемиянын шартынан улам пайда болгон жумушсуздук кечээ эле «өз үйүмө ээ болдум» деп сүйүнгөн жарандардын көпчүлүгү үчүн көйгөй жаратты. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү максатында төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартып берүүнү сунуштаганы менен, насыя алуучулар ипотеканы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгонун айтууда.

Сүрөт: Сайпидин Султаналиев / Клооп

Бир топ жарандар ипотекалык насыянын пайыздык өлчөмүн төмөндөтүп берүүнү өтүнүшүп, 23-декабрда митингге чыгышкан. Ошондой эле алар өкмөткө кат жолдошкон.

«Клооптун» кабарчылары өз көйгөйлөрүн бийлик органдарына жеткире албай жаткан жарандардын айрымдары менен жолугуп келишти.

«Мага өкмөттөн чоң жардамдын деле кереги жок»

Айнура Токтосунова жалгыз бой эне — анын үч баласынын эң улуусу майып. Токтосунова 2019-жылы 14%дык ипотекалык насыя алып, 20 пайыздык баштапкы төлөмдү төлөө үчүн жеке адамдан пайызга карыз алганын айтууда.

«Өзүм иштеген жерден айлыгым жогору болгондуктан башында өз убагы менен эле төлөп баштагам. 2020-жылдын башында башталган пандемиядан улам өлкөдө карантин жарыяланып, жумушсуз калдым. Өзүм жалгыз бой эне болгонум менен учурда өкмөттөн чоң деле жардам сурагым келбейт. Болгону социалдык долбоор катары каралган “Жеткиликтүү турак жай” программасын карап чыгып, пайыздык ченди гана төмөндөтүп беришсе деген тилегим бар», — дейт Токтосунова.

Токтосунова буга чейин премьер-министрдин м.а. Артем Новиков ипотекалык насыялар 6% төмөндөтүлсүн деген сунушу иш жүзүндө аткарылбай жатканын да кошумчалады.

«Үйүмдү кайра алдырып жиберүү коркунучтамын»

Сүрөт: Сайпидин Султаналиев / Клооп

Ырыс Жумалиева Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде мугалим болуп иштейт. Ал 2016-жылы МИК аркылуу «Айыл Банктан» 14%дык ипотекалык насыя алып, турак жай сатып алган. Келишимге ылайык, Жумалиева ай сайын 25 миң сомдон төлөп келген.

Бирок алты айдан кийин төлөмдөрдөн кыйынчылыктар башталган: Жумалиеванын айтымында, киреше алып келген унаа бузулуп калган. Мугалим «Айыл Банкка» кайрылып, насыя төлөөнү 2 айга жылдырууну суранган — банк өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Мындан сырткары Жумалиеванын айтымында, төгүмдөрдү 3 айга кечиктиргени үчүн «Айыл Банк» насыянын пайыздык ченин 14төн 23 пайызга көтөрүп салган.

Улуттук университеттин мугалими үч жыл бою бул маселе менен «Айыл Банк» жана Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылып жүргөнүн, бирок алар бири-бирине шылтап жатканын билдирди.

«Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылсам алар “банк менен сүйлөшүңүз” дешет. Банкка барсам “сиздин проблемаңызды МИК чечет” деп жолго салышат. Ушул 3 жыл аралыгында иштеген бардык жетекчилерге да, депутаттарга да кайрылып жүрөм. Бирок алардан жеткиликтүү жооп уга албай келем. Бардыгынан эле “сиздин маселе каралып жатат” деген гана коёндой окшош жооптор болуп жатты. Акыры иш сотко өттү. Учурда үйүмдү кайра алдырып жиберүү коркунучунда турам», — деди Жумалиева.

МИК Жумалиева 2016-жылы жеңилдик берилген насыя алганын тастыктап, «Айыл Банк» жана ишкана ага жардам берип келет деп ишендирет. Анткен менен, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын айтымында, кардар акыркы төрт жыл бою карызды төлөбөй келүүдө.

«40 миң сомдон төлөө мүмкүнчүлүгүбүз жок»

Өкмөткө кайрылуу жолдогондордун бири мугалим Букалича Жоробаева 2018-жылы 10% ипотекалык кредит алган. Жоробаева 11 миң айлык маяна алганына карабастан ал үй-бүлө мүчөлөрү менен ай сайын 40 миң сомдон төгүп турганын айтууда. Бирок пандемия шартында жумушсуздук пайда болуп, ал төгүмдөрдү өз убагында төгүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон.

«Бийлик башында турган эр азаматтарыбыз “карапайым калктын кызыкчылыгын коргойбуз, эл үчүн иштейбиз”- деген тоодой убадаларды берип келишет. Тилекке каршы биздин көйгөйүбүздү чечип берген мыкты кызматкер жок болуп жаткандыгы өкүнүчтүү. Биз ипотекага үй алып жаткан учурда “пайыздык чендерди 6%га түшүрөбүз” деп ошол мезгилдеги президентибиз баш болуп сөз беришкен. Мамлекеттик теле-радиолордо жумалап кайталап “ырдап” мактанышкан. Менде болсо 10 пайыздан болгону 1 гана пайыз төмөндөдү. Эми кайрылган жерлерибиз болсо “шайлоодон кийин келгиле, чечип беребиз” деп гана, эмчек эмизип, убара кылып келе жатышат», — дейт Жоробаева.

«МИК кереги жок ишкана»

Сүрөт: «24.kg»

Мирлан аттуу жигиттин эжеси медицина кызматкери — ал үч жыл мурун турак-жай алуу үчүн 11% менен ипотекалык насыя алган. Ал эми анын эжеси насыяны төлөй албай калган соң Мирлан жардам берүүгө аргасыз.

«2020-жыл баардыгыбыз үчүн оор жыл болду. Пандемиянын шартында жөнөкөй эл эмес, мен кыйынмын деп, асманга түкүргөн байлар да дарттын алдында алсыз экендигине күбө болдук. Ал эми биз сыяктуу карапайым адамдардын көпчүлүгү жумушсуз калышты. Эгерде үстүбүздөгү жылы ушундай кыйынчылык кайталана турган болсо, ипотекалык насыя менен үйгө ээ болгондордун дээрлик көпчүлүгү турак жайларын алдырышат», — дейт Мирлан.

Ал өкмөттөн пайыздык ченди 4 пайызга түшүрүп берүүнү суранат. Анткени, Мирландын айтымында, МИК «эл төлөп жаткан акчанын 4 пайызына ээлик кылат».

«Аргасыздан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кереги жок деген ойго келет экенсиң. Анткени бул мекеме эч кандай карапайым калктын кызыкчылыгын коргоп иш алып барбай жатат. Тескерисинче алар эл төлөп жаткан акчанын 4 пайызына ээ болуп эле олтурат», — деди ал.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын билдирүүсүнө ылайык, алар 4%дык ипотекалык насыяларды бере алышпайт. Анткени ал үчүн өлкө боюнча филиалдарды ачуусу керек болот, бирок ишкананын азырынча мындай мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан коммерциялык банктар менен келишим түзүп, алар аркылуу насыяларды берүүгө аргасыз экенин айтышууда. Мындан сырткары компания насыяларды өзү бере турган болсо пайыз чени 10дон ашуун болоорун белгилешти. Анткени чыгымдар ошондо көп болуп кетерин билдиришти.

«Калктын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө аракет кылабыз»

Фархад Ибраев (оң жактан биринчи). Сүрөт: «Кабар» басылмасы

МИКтин жетекчисинин орун басары Фархад Ибраев жарандардан түшкөң арыздар учурда каралып жатканын билдирди. Ошол эле учурда Ибраев бул маселени бир гана МИК чечип коё албашын кошумчалады.

«Учурда пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Аны жүзөгө ашыруунун өз процедуралары бар. МИК чечим кабыл алды, директорлор кеңешине жөнөттү. Андан кийин акционер карайт», — деди Ибраев.

*Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акционери — «Мүлк» мамлекеттик ишканасы.

Ибраевдин айтымында, учурда МИК насыянын пайыздык чендерин төмөндөтүү боюнча долбоор даярдалып жатат. Анткен менен Ибраев учурда насыялардын пайыздык ченин 4 пайызга түшүрүүгө «шарт жок» экенин кошумчалады.

Ал эми МИКтин мурдагы кызматкери, ипотекалык насыя боюнча адис Алмаз Даакыбаев учурда бардык насыя алуучулар үчүн пайыздык ченди 6 пайызга түшүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт.

Даакыбаевдин айтымында, ипотекалык насыяга 2 пайыз өкмөттүк ссуда, 4 пайыз МИКтин пайыздык чени жана 4-5 пайыз коммерциялык банктар тарабынан кошулат. Мындан улам ипотекалык насыянын жалпы көлөмүнө 10дон ашуун пайыз кошулат.

«Аны чечүү үчүн саясий эрк гана керек [...] Эгерде банктын пайыздык ченин 5 пайыздан төмөндөтүп, ошол эле карапайым калк менен иштешип жаткан МИКтин пайыздык ченемин 2%га чейин түшүрө турган болсо, ипотекалык насыяны карапайым калк 6 пайыз менен алып калмак. Мындай чечимди ыкчам кабыл алышы керек. Болбосо пандемиянын шартында көпчүлук адамдар жумушсуз калып, насыяны убагында төлөө мүмкүнчүлүктөрү жок болууда. Анын арты карапайым адамдын араң жеткен турак жайынан кол жууп калуусуна алып келет», — деп түшүндүрдү Даакыбаев.

*Буга чейин МИК Даакыбаев «өз калоосу» менен кызматынан кеткенин маалымдаган. Анткен менен Даакыбаев иштен бошотулган башка кызматкерлер менен биргеликте МИК менен соттошуп келет.

«70-80 миң сомго чейин айлык маяна алган жетекчилер бар»

Сүрөт: «Комсомольская правда»

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мурдагы кызматкери Чынара Турдалиева жарандарга насыя берилип жатканда экономикалык абал башка болгонун билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан тарта өлкө «форс-мажор абалына такалды».

«Насыянын пайызын төмөндөтүүнү суранып жаткандын көпчүлүгү мындан эки-үч жыл мурда ипотекалык насыя алгандар. Булардын төлөгөн акчаларынын суммасы өздүк төлөмдүн көп пайызын түзүп калды, аны менен катар эле негизги сумманы да төлөп келе жатышат. Андыктан ушул жагдайды эске алып, Мамлекеттик ипотекалык компания өздөрү эле пайыздык ченди минималдык чекке түшүрсө болот. Тилекке каршы бул ишкана акылга сыйбаган чоң чыгымдарды жасап келет», — деди Турдалиева.

МИКтин мурдагы кызматкери ишканада «70-80 миң сомго чейин айлык маяна алган жетекчилер бар» болгонун билдирди — бул айлык насыя алгандардын эсебинен төлөнөт. Ошондой эле Турдалиева Мамлекеттик ипотекалык компанияда «кадрдык алешемдиктер» орун алып, алардын айынан «Жеткиликтүү турак жай» программасы карапайым калкка жеткиликсиз болуп жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын айтымында, ишкананын Башкаруу төрагасынын маянасы 120 миңден, ал эми жетекчилердин маянасы 90 миңден «кыйла аз» болгонун кабарлаган. Бирок жетекчилер так канча айлык алаары ачыкталган эмес. МИК ошондой эле мурдагы кызматкер Турдалиева «кардарлар менен улам чырдашканын, анын биринде милиция кызматкерлери чакырылган» деп билдирген.

ЖМКлардын маалыматтарына караганда, Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке тургандардын саны 2018-жылы алты миң кишини түзгөн. МИКтин маалыматына ылайык, пандемия учурунда ишкана 1 миңге чукул насыялардын мөөнөтүн узарткан.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын билдирүүсү боюнча, 2020-жылга карата өлкө боюнча беш миңге чукул үй-бүлө, башкача айтканда 20 миңге чукул жаран турак жай менен камсыз болгон. Буга 5,8 млрд сом сарпталганы кабарланган.

Редактор: Элдияр Бакиров