Кыргызстандыктар бажы кызматын эң коррупциялашкан орган деп эсептешет — Улуттук статистика комитети

Улуттук статистика комитети кыргызстандыктар кайсы мамлекеттик органды эң коррупциялашкан деп эсептешери тууралуу маалымат жарыялады.

Комитеттин маалыматы боюнча, жарандар 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында Мамлекеттик бажы кызматын эң коррупциялашкан орган деп эсептешкен.

* Мамлекеттик органдардагы коррупция -100дөн +100гө чейинки балл менен эсептелген.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, бажыдагы коррупциянын деңгээли -16 көрсөткүчүнө бааланган. Экинчи орунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (-9,4), андан кийин Соттук-эксперттик кызматы (-3,6) турат.

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата сурамжылоо боюнча дагы бажы кызматы эң төмөн рейтингге ээ болгон. Анда кыргызстандыктар ведомствонун коррупциялашканын -15,4 баллга баалашкан, ал эми ЖАМК биринчи жарым жылда дагы экинчи орунду алган.

Кыргызстандыктардын ою боюнча, алар эң аз коррупциялашкан орган деп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын (+43,7), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (39) жана облус башчылыктарын (39) эсептешет.

Бажы жана коррупция

Бажы кызматынын аты коррупциялык жаңжалдарда бир нече жолу айтылган, алардын бири бажы башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго байланыштуу. Ал тууралуу OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооптун» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөдө Матраимовдун Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орусияга жана Борбор Азияга алып барган көмүскө карго империясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен байланышы тууралуу айтылат.

2019-жылдын ноябрь айында киши колдуу болгон журналисттердин маалыматчысы Айеркен Саймаити Абдукадырдын 700 млн доллардан ашык акчасын адалдаштырууга жардам бергенин мойнуна алып, көмүскө бизнестин иштеп турушун мүмкүн кылган бажыдагы коррупцияны Матраимов калкалап турганын билдирген.

Мындан тышкары, иликтөөдө Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайдагы курулуш долбооруна кандайча инвестор болуп кошулуп калганы тууралуу айтылган.

Ошондой эле, иликтөөчү журналисттер Матраимовдорго таандык болгон бир катар мүлктү Кыргызстандан жана чет өлкөдөн табышкан.