Кыргызстандыктардын ою боюнча эң эле коррупциялашкан кызматтар — бул бажы менен ЖАМК

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата калктын ишеним индекси боюнча маалыматтарды ачыктады. Ага ылайык, кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын эң эле коррупциялашкан ведомство деп эсептешет.

Мамлекеттик органдардагы коррупцияны -100дөн +100гө чейинки балл менен баалашкан. Бажы кызматына эң эле төмөн рейтинг берилген — -15,4 балл.

Бажыдан кийинки орунда -3,4 балл менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) турат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, коррупциянын жогорку деңгээли Ички иштер министрлигинде (+11), салык кызматында (+5,3) жана Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматында (+2,8) байкалат.

Кыргызстандыктар эң аз коррупцияланган орган деп жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды (+50,3), ошондой эле Бишкек менен Оштун мэрияларын (+45,1) эсептешет.

Бажыдагы коррупция

Бажы кызматы коррупциялык жаңжалдарга бир нече жолу катышканы айтылган, алардын бирөөсү бажы башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго байланыштуу. Ал тууралуу OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооптун» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөдө Матраимовдун Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орусияга жана Борбор Азияга алып барган көмүскө карго империясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен байланышы тууралуу айтылат.

2019-жылдын ноябрь айында киши колдуу болгон журналисттердин маалыматчысы Айеркен Саймаити Абдукадырдын 700 млн доллардан ашык акчасын адалдаштырууга жардам бергенин мойнуна алып, көмүскө бизнестин иштеп турушун мүмкүн кылган бажыдагы коррупцияны Матраимов калкалап турганын билдирген.

Мындан иышкары, иликтөөдө Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайдагы курулуш долбооруна кандайча инвестор болуп кошулуп калганы тууралуу айтылган.