Шайлоо боюнча «Клооптун» даттануусу: БШК бир катар УШК жана АШКлардын башчыларына эскертүү берди

20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы «Клооптун» 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана референдум учурундагы мыйзам бузуулар боюнча даттанууларына байланыштуу бир катар эскертүүлөрдү жана түшүндүрмө берди.

Жыйындан соң БШК мүчөлөрү үч аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) жана 10 УШКга эскертүү берип, 28 УШКга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алды.

Жыйында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Клооптун» доо арыздары шайлоо процессинин ишин жакшыртууга жардам берерин баса белгиледи.

«Бул силердин арызды жумушчу топтун [БШКнын] карашы жакшы жыйынтык деп ойлойм. Эскертүү жана түшүндүрүү иштери болор-болбосуна карабай, силердин арыздар шайлоо процессинин процедураларын жакшыртуунун үстүнөн иштөөгө жакшы негиз болуп берет», – деп билдирди Шайлдабекова.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум 10-январда өткөн. «Клооп» шайлоо процессинин жүрүшүнө көз салган 1500дөн ашык байкоочу топтогон.

Натыйжада, «Клооптун» байкоочулары добуш берүү купуялыгын бузган 400дөн ашык бузууларды аныктаган. Байкоочулардан келген 1500 билдирүүнүн негизинде «Клооптун» юристтери республика боюнча 44 аймактык шайлоо комиссиясына карата 22 доо арыз толтуруп, андагы «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамды одоно бузган 210 участкадагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын койгон.

Президенттик шайлоо жана референдумдун жыйынтыгын БШК 20-январда бекиткен. Ошол эле күнү БШК Садыр Жапаровду кезексиз президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары таанып, ал эми башкаруу формасына байланышкан референдумда президенттик башкаруу тандалганын кабарлаган. Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда Бишкекте өтөт.