БШК Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодо жеңгенин ырастады

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгы бекитилгенин кабарлады. Ага ылайык, талапкер Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болгон.

«Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмачылык белгилери – Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандарты (туусу) тапшырылсын», – деп билдирген БШК.

Добуш берүүчүлөрдун саны боюнча экинчи орунга «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров чыккан. Ал шайлоочулардын 6,79% добушун алган. Үчүнчү орунда ишкер Бабыржан Төлбаев – 2,36% добушка ээ болгон.

2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки саясий кризистин кесепети. Анда өлкөдөгү башаламандыктардын шартында барымтага алуу беренеси боюнча соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган саясатчы Садыр Жапаров колониядан бошотулган.

Садыр Жапаров тарапташтарынын колдоосу аркылуу кыска аралыкта премьер-министр, андан соң президенттин милдетин аткаруучу болгон. Жапаров бийликке келгенден кийин бир катар кадрдык алмашууларды ишке ашырган.

УКМКнын башчылыгына үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди дайындаган. Ал эми дагы бир жакын досу Талант Мамытовго Жапаров президенттин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген.

Кадрдык алмашуулардан тышкары, Жапаров башкаруу формасын аныктоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү демилгелегендердин бири. Бул демилгелер коомчулук жана юристтер тарабынан дароо сынга алынган.

Ага карабай, башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 10-январда – кезексиз президенттик шайлоо менен бир күндө болуп өткөн. БШКнын алдын-ала жыйынтыгына караганда, көпчүлүк шайлоочулар президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берген.