«Спекулянттын» ээси рейдерлик баскынчылык болгонун билдирди

«Спекулянт» түйүнүнүн ээси Василий Щербина 13-январда компаниянын кампаларына белгисиз адамдар басып кирип, документтерди тартып алып, эшикке мөөр басып кеткенин билдирген.

Башкы прокуратура «Спекулянт» түйүнү Кыргызстандын аймагына сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк алып кирип, сатыкка чыгарганын, ал эми «белгисиз адамдар» дегени ведомстволор аралык тергөө тобу экенин айткан.

Щербина болсо жарактуулугу өткөн азык-түлүк тууралуу маалыматты жалган жалаа деп атаган.

«Спекулянттын» ээси эмне дейт?

Щербинанын айтымында, басып кирген белгисиз адамдар өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшкөн жана тааныштыруудан, кандайдыр бир документтерди көрсөтүүдөн баш тартышкан.

«Алар баарын сыртка кууп чыгышты, анын ичинде юрист дагы эшиктин сыртында калды. Имаратта болгону алты кызматкер калган. Имараттын ичиндегилерге дааратканага барууга, телефон менен сүйлөшүүгө тыюу салышкан. Кызматкерлердин бири окуяны видеого тартууга аракет кылса, телефонун тартып алып, коркутып тарткандарын өчүртүштү», – дейт ал.

Щербина кызматкерлердин бири милицияга кабарлаганга үлгүргөнүн, бирок чалуу кабыл алынганы менен эч ким келбегенин белгиледи.

«Алар офисти аңтарып-теңтерип, документтердин баарын алышты. Хаос болуп кетти. Андан кийин өздөрү ала келген каптарга салып, коркутуп-үркүтүү аркылуу кайсыл бир актыга кол койдурушкан. Акты менен тааныштырган дагы жок. Офистерден жеке буюмдарды, блок системаларды, компаниянын мөөрлөрүп алып кетишти», – деп жазылган кайрылууда.


Ишкердин айтымында, кийин ал адамдар өздөрүн Аскер прокуратурасынын кызматкерлери жана УКМКнын тергөө тобу деп тааныштырган.


«Чындыгында алар кимдер экенин биз түшүнбөй эле калдык. 2021-жылдын 14-январынан 15-январга караган түнү биздин эки эсепчи коррупцияга шектелип кармалган. Бирок биздин бухгалтерлерди айыптаганга эч кандай далил жок. Иштин материалдарында бир дагы укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери же чиновниктердин ичинен кармалган адамдар болгон эмес жана кандайдыр бир пара берүү фактысы дагы жок», – деп белгиледи бизнесмен.

Ишкер анын компаниясы өлкөгө сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды алып кирүүгө шектелип жатканы тууралуу ЖМКдан билген. Щербина компаниянын товарлардын кайдан келгени тууралуу бардык тиешелүү документтери, келишимдери, декларациялары, ветеринардык күбөлүктөрү бар экенин баса белгилеп жатат.

«Бул фактылар мени жана мага таандык компанияга көө жабуу үчүн атайылап уюштурулган жалган жалаа. Анткени жогоруда аты аталган органдар бизге “калкалоочу” кызмат көрсөткөн эмес. Биздин ортодогу мамиле тек гана алардын өз милдеттерин аткаруусу менен чектелген. [...] Тергөө бизге байланышы бар деп шектеп жаткан чиновниктердин атын ушул убакка чейин атабай келет. Анткени андайлар жок», – деп эсептейт ишкер.


Ал кампаларга мөөр басылгандыгынан «болуп көрбөгөндөй чыгым» тартып жатканын кабарлады. Анткени кампаларда жарактуу мөөнөтү чектелген азыктар сакталган.


«Мен Орусия Федерациясынын жараны катары Кыргыз Республикасына келүүдөн коркуп жатам. Мындай жол менен башка жергиликтүү фирмаларга атаандаш болгон менин компаниямды жок кылуу аракети көрүлүп жатат, же болбосо фирманы банкротко учуратып, арзыбаган баага сатуу аркылуу рейдерлик басып алуу планы ишке ашырылат», – деп эсептейт Щербина.

Ал тергөө органдары тиешелүү текшерүү жүргүзбөстөн эле кылмыш ишин козгогонун билдирди. Ошол эле мезгилде, компанияга бул тууралуу кабарланган эмес, бир дагы документ же өздөрүндөгү фактылар боюнча түшүндүрүү талап кылышкан эмес.

«Алар тинтүү жүргүзүп, документтерди алып кетишкен жана бухгалтерлерди негизсиз кармап, Бишкектин тергөө изоляторуна эки айга камакка алышкан», – деп белгиледи Щербина.

Ишкер президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаровго, Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкого, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, компанияны укуктук өз билемдиктен коргоп берүүнү жана компания тарабынан эч кандай мыйзамга каршы иш-аракеттер болбогонун далилдеп берүүгө мүмкүндүк берүүнү өтүнгөн.

Башкы прокуратура эмне дейт?

15-январда Башкы прокуратура Кыргызстандын аймагына сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү ташып келүүчү коррупциялык схеманын бети ачылганын кабарлаган.

«Тергөөдө коррупциялык схеманы коммерциялык компаниялардын жетекчилиги жана кызматкерлери мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары менен келишим түзүү аркылуу ишке ашырганы жана укук коргоо, фискалдык органдардын кайсыл бир жогорку кызмат адамдары аларды коргоп келгендиги аныкталган», – деп белгилеген Башкы прокуратура.


Көзөмөл органынын маалыматына караганда, Бишкектеги полиграфиялык борборлордун биринде тамак-аштын этикеткалары жасалып, даярдоо жана сактоо мөөнөтү жаңыртылып, соода түйүндөрү аркылуу сатыкка чыгарылып келген.


«Тинтүү учурунда коммерциялык компаниялардын кеңсе жана кампаларынан ири өлчөмдөгү мөөнөтү өткөн азык-түлүк, ошондой эле, даярдоо жана сактоо мөөнөтү жаңыртылып, кайра жазылган этикеткалар жана аларды басуучу жабдуулар табылган», – деп Башкы прокуратура билдирген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмышка шектүү катары «Спекулянттын» эки кызматкери кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Башкы прокуратура укук коргоо органдары тинтүү учурунда мыйзам чегинде иш алып барганын «Клоопко» билдирген.

«Бардык иш-аракеттер учурдагы мыйзамга жараша жүргөн жана тинтүү жургүзгөн укук коргоо кызматкерлери тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Ал эми айрым ЖМКларда “көө жабуу” же “мыйзамсыз иш-аракет” [күч органдары тарабынан] деп жазылып жатканы чындыкка дал келбейт», – деп көзөмөл органдан белгилешкен.

Бизнеске кысым көрсөтүү

2020-жылдын октябрь айынын башындагы бийлик алмашкандан кийин белгисиз адамдардан турган ар түрдүү топтор өлкө боюнча өндүрүш ишканаларына жана пансионаттарга чабуул коюшкан. Жерүй, Метал-Кен, Терек-Сай кендериндеги кен казуучу компаниялардын мүлкү таланып-тонолуп, айрымдары өрттөлгөн. 2021-жылдын январь айына карата ИИМ талап-тоноого катыштыгы бар жана уюштурган адамдардын кармалгандыгы тууралуу кабарлай элек.

23-октябрда Ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр катары бизнести криминалдан жана коорупциялашкан аткаминерлерден коргойм деп убадалап, бирок айыл тургундарынын талап-тоноолорун актаган болчу.

15-январда Экономика министрлиги 2021-жылдын 20-январынан тартып Кыргызстанда инвесторлорду колдоого, Кыргызстандын чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу имиджин калыптандырууга багытталган жаңы мыйзам ишке кирерин кабарлаган.

Жаңы мыйзамда инвесторлор менен түз сүйлөшүү үчүн инвестициянын босогосу төмөндөтүлгөн – 50 млн доллардын ордуна, эми 10 млн долларды түзөт.