Финполдун экс-бөлүм башчысы Токоев эки айга камакка алынды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын мурдагы башчысы Айбек Токоев УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Токоевди 18-мартка чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынганын кабарлады.

Улуттук коопсуздук кызматы Айбек Токоевди 18-январда «Мыйзамсыз байуу» беренеси боюнча, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармаган.

УКМК билдиргендей, алдын-ала маалыматтар боюнча, кармалган аткаминердин активдеринин жана мүлкүнүн жалпы суммасы 4 млн долларды чапчыйт. Атайын кызмат Токоевдин мыйзамдуу кирешеси мүлктөрдү сатып алууга сарптаган акчасы менен дал келбесин айткан.

Айбек Токоев — 2014-жылы каржы полициясынын Оштогу башкармалыгынын орун басары, андан соң 2017-жылы финполдун Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.

2020-жылдын 5-октябрындагы өлкөдөгү башаламандыктардан кийин Каржы полициясынын ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчылыгына дайындалган.

Мурдараак, иликтөчү журналисттер Ыдырыс Исаков, Марат Уралиев жана Болот Темиров Айбек Токоевдин байлыгы тууралуу иликтөө жарыялашкан. Аталган иликтөө Исаковдун Ютуб каналына 9-январда жарыяланды. Аталган иликтөөдөн кийин Токоев «мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалган.

Токоевдин байып кеткен жакындары

Токоев каржы полициясына жумушка киргенден кийин анын туугандары байма-бай кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып турушкан. Кызматка келгенге чейин аларда дээрлик мүлктөр болбогондугу аныкталган. Бирок туугандары 2014-жылдан тарта топтогон байлыктарын октябрдагы окуядан кийин дүңү менен сатып, же башка адамдарга өткөрө башташкан.

Токоев иштеп жаткан органдын акыркы алты жылдагы расмий маянасы 25 миң сомдун тегерегинде, ал эми анын жубайы эч жерде иштебейт. Азыркы учуруда Айбек Токоевдин атына катталган бир да мүлк жок. Бирок жубайынын атына бир нече мүлк катары менен катталган.

Токоевдин кайнатасы Шамшидин Омуралиевдин атына 2014-жылга чейин бир гана Кара-Суудагы өзүнүн үйү катталган. Күйө баласы каржы полициясына киргенден кийин, 2015-жылы 27-апрелде Ошто эң кымбат деп саналган «Ош мунарасы» атту көп кабаттуу үйдөн бир күндө эки батирди жер төлөдөгү гаражы менен сатып алган.

Ошол эле жылы Токоевдин тайкеси бир күндө эки батир сатып алган. Анын бири Исанов көчөсүндөгү жаңы курулган көп кабаттуу үйдөн болсо, экинчиси «Ош мунарасынан» гаражы менен алган. Ал эми анын жубайы 2017-жылы Ош — Ноокат жана Ош — Алай жолдоруна бензин куюуучу жайларды ачып, аны «RedPetroleum» деген ишканага ижарага берип келген. Мындан сырткары, ал Ош — Алай жолундагы май куюучу жайга жанаштырып, чайкана, бильярдкана, ашкана жана дүкөн ачып койгон. Ал эми, Ош — Ноокат жолундагы май куюуучу жайды өткөн жылдын октябрындагы төңкөрүштөн кийин сатып жиберген.

Айбек Токоевдин карындашынын атына 2016-жылга чейин бир батир менен бир май куючу жайдан башка эч нерсе катталган эмес болчу. Агасы кызматка келгенден кийин ал да «Ош мунарасынан» бир батир сатып алган. Кийинчерек Жаңы-Талап айылынан үч жер тилкесин жана Кара-Кулжанын борборунан чоң соода залын сатып алганга жетишкен.

«Токоевдин президенттик шайлоодогу ролу»

Иликтөөчү журналисттердин айтымында, Токоев 2017-жылы президенттик шайлоодо маанилүү роль ойногон. Оштун каржы полициясында эмгектенген кызматкерлер Токоевдин кичи мекени — Кара-Кулжа районунун Жаңы-Талап айылындагы шайлоо участкасына барып, №2 формасы боюнча добуш беришкен.

Жаңы-Талап айылында жалпы шайлоочулардын саны 4-октябрь күнү 691 адам болгон. Анын ичинен 183ү башка аймактардан келгендиги аныкталган.

Токоев дал ушул шайлоодон кийин кызматынан көтөрүлгөн.