Финполчу Айбек Токоев

Иликтөчү журналист Ыдырыс Исаков, «Кактус Медианын» журналисти Марат Уралиев жана фактчекер Болот Темиров финполчу Айбек Токоевдин байлыгы тууралуу иликтеди. Аталган иликтөө Исаковдун Ютуб каналына 9-январда жарыяланды. Аталган иликтөөдөн кийин Токоев «мыйзамсыз» баюуга шектелип кармалды. «Клооп» журналисттик иликтөөнү баяндап берет.

Айбек Токоев — 2014-жылы каржы полициясынын Оштогу башкармалыгынын орун басары, андан соң 2017-жылы финполдун Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси болуп турган. Ал эми Каржы полициясынын ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчылыгына Токоев 5-октябрдагы өлкөдөгү башаламандыктан кийин дайындалган.

«Токоевдин президенттик шайлоодогу ролу»

Исаковдун айтымында, Токоев 2017-жылы президенттик шайлоодо маанилүү роль ойногон. Буга Оштун каржы полициясында эмгектенген кызматкерлер Кара-Кулжа районунун Жаңы-Талап айылындагы шайлоо участкасына барып добуш бергендиги далилдейт. Токоев Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Жаңы-Талап айылында туулган.

«Оштун финполчулары шайлоого чейин бир нече күн мурун Жаңы-Талап айылына барып, форма №2 толтуруп, каттоого турушкан. Шайлоо күнү жайнаган коррупционерлерге каршы күн-түн күрөшө турган органдын кызматкерлери Ош — Кара-Кулжа жолунда “салпактап” жүрүшкөн. Муну Жаңы-Талап шайлоо участкасынан добуш бергендердин тизмесинен көрсө болот», — деген Исаков.

Ошондой эле, шайлоого кызматкерлер аталган айылга өздөрү эле барып добуш берип келишкен эмес, булардын ар биринин мойнуна 2-3 шайлоочу менен баруу милденттендирилген. Жаңы-Талап айылында жалпы шайлоочулардын саны 4-октябрь күнү 691 адам болгон. Анын ичинен 183ү башка аймактардан келгендиги аныкталган.

Анткен менен Токоев кызматкерлер анын айылына мажбурлоо менен эмес, өз ыктыяры менен барып добуш берди деп ишендиргиси келет. «Бирок, күч органдары шайлоо күнү күчөтүлгөн режимде иштей турган учурда өз эрки менен “шефинин” айылын издеп кетип калышпаса керек эле. Оштон Кара-Кулжанын Жаңы-Талап айылына барууга дээрлик эки сааттан төрт саатка чейин убакыт керек», — деп белгилейт иликтөөчү.

Токоев дал ушул шайлоодон кийин кызматынан көтөрүлгөн.

Токоевдин жакындарынын байышы

Токоев каржы полициясына жумушка киргенден кийин анын туугандары байма-бай кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып турушкан. Кызматка келгенге чейин аларда дээрлик мүлктөр болбогондугу аныкталган. Бирок туугандары 2014-жылдан тарта топтогон байлыктарын октябрдагы окуядан кийин дүңү менен сатып, же башка адамдарга өткөрө башташкан.

Токоев иштеп жаткан органдын акыркы алты жылдагы расмий маянасы 25 миң сомдун тегерегинде, ал эми анын жубайы эч жерде иштебейт.

Азыркы учуруда Айбек Токоевдин атына катталган бир да мүлк жок. Бирок ал каржы полициясына ишке киргенден кийин, анын жубайы Чынара Омуралиеванын атына бир нече мүлктөр катары менен каттала баштаган. Ал 2015-жылы Ош шаарындагы Масалиев көчөсүнөн бир батир сатып алып, аны тиш дарылоочу жай катары иштеткен. Андан соң Бишкек шаарынан жер там сатып алып, аны 2019-жылы сүрдүрүп, ордуна хансарай курдурган. Бирок бул хансарайды 20-октябрда, параменттик шайлоодон кийинки башаламандыктан кийин саткандыгы белгилүү болду.

Токоевдин кайнатасы Шамшидин Омуралиевдин атына 2014-жылга чейин бир гана Кара-Суудагы өзүнүн үйү катталган. Күйө баласы каржы полициясына киргенден кийин, 2015-жылы 27-апрелде Ошто эң кымбат деп саналган «Ош мунарасы» атту көп кабаттуу үйдөн бир күндө эки батирди жер төлөдөгү гаражы менен сатып алган.

Омуралиев өзү бул батирлерди базардагы соода кылуучу контейнерлерин сатып, андан түшкөн каражатка сатып алгандыгын айткан. Анткен менен 2016-жылы ошол эле «Ош мунарасынан» дагы бир батир алган.

Ошол эле жылы Токоевдин тайкеси Токтосун Кудайбердиев да бир күндө эки батир алууга жетишкен. Анын бири Исанов көчөсүндөгү жаңы курулган көп кабаттуу үйдөн болсо, экинчиси «Ош мунарасынан» гаражы менен алган. Учурда бул батирлер дагы эле тайкесинин атында.

Ал эми Кудайбердиев өзү өмүр бою Кара-Кулжада аскер комиссириятында эмгектенип келет. Ал өзү жашаган үйүн 2004-жылы алып, андан кийин 2014-жылга чейин эч нерсе сатып алган эмес.

Кудайбердиевдин жубайы Мариякан Жунусова да 2014-жылдан кийин тездик менен байып баштаган. Ал 2017-жылы Ош — Ноокат жана Ош — Алай жолдоруна бензин куюуучу жайларды ачып, аны «RedPetroleum» деген ишканага ижарага берип келген. Мындан сырткары, ал Ош — Алай жолундагы май куюучу жайга жанаштырып, чайкана, бильярдкана, ашкана жана дүкөн ачып койгон. Ал эми, Ош — Ноокат жолундагы май куюуучу жайды өткөн жылдын октябрындагы төңкөрүштөн кийин сатып жиберген.

Айбек Токоевдин карындашы Ханзада Токоеванын атына 2016-жылга чейин бир батир менен бир май куючу жайдан башка эч нерсе катталган эмес болчу. Агасы кызматка келгенден кийин ал да «Ош мунарасынан» бир батир сатып алган. Кийинчерек Жаңы-Талап айылынан үч жер тилкесин жана Кара-Кулжанын борборунан чоң соода залын сатып алганга жетишкен.

Ал 2018-жылы Оштогу батирин сатып, өзү туулган айылдан дагы бир жер участогун сатып алган. Бир жылдан соң Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнөн май куючу жай жана Ош шаарындагы «Бархан» кафесин, анын жанындагы кеңсени сатып алган. Бирок Ханзада Токоева да октябрдагы тополоңдон кийин мүлктөрүн сатып жиберип, анын атында учурда Кара-Кулжадагы соода үйү жана өз айылындагы жер участоктору гана калган.

Айбек Токоевдин эң эле кедей иниси бул — Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Шайырбек Токоев. Учурда анын атында да эч кандай мүлк жок, бирок анын үй-бүлөсү Оштогу Аскар Шакиров көчөсүндөгү хансарайда жашашат. Ал хансарайга бир айда бир келип, балдары менен эс алып кетип турат. Муну иликтөөчүлөргө анын балдары айтып берген. Ал эми бул хансарай Мамат Рахманов аттуу адамга катталган. Анын Токоевдерге кандай тиешеси бар экендигин аныктоо мүмкүн болгон эмес.

«Экөөбүздүн ортобузда чыр чыгып кетиши мүмкүн»

Иликтөөчүлөр финполчу менен телефон аркылуу байланышкан. Исаковдун Токоевге анын жакындарына катталган мүлктөр тууралуу салган суроосуна «аларга тиешем жок» деп жооп берген.

«Эмнеге менин артыман түшүп атасың?! Мен кылымыш кылып же уурдапмынбы? Адилеттүү мамиле кылсаң! Мен да сени сотко берип коюшум мүмкүн. Экөөбүздүн ортобузда чыр чыгып кетиши мүмкүн. Этияттап мамиле кылсаң! Мен туугандарым менен ишим жок, алардын өздөрүнүн объектиси [...] Алардын [туугандардан] өздөрүнөн сурап ал!», — деген Токоев.

Айбек Токоев туугандарына мүлктөрүн гана каттатып койбостон, бир нечесин жакшы кызматтарга да отургузуп коюга жетишкен. Бир тууган кайниси финполдо кол алдында иштейт.

Токоевдин кармалышы

УКМК Айбек Токоевди 18-январда «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүк иштин алкагында кармаган. Ал учурда атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.

УКМК Токоевдин кыймылсыз мүлк жана финансылык активдеринин жалпы суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 4 млн АКШ долларын түзөт деп маалымдаган. Ошондой эле, анын мыйзамдуу кирешеси менен анын мүлкүнө сарпталган каражат дал келбейт деп белгилеген.

Буга чейин мыйзамсыз байыган аткаминерлер

Үстүбүздөгү жылдын 11-январында УКМК «мыйзамсыз баюга» шектелген Жогорку соттун судьясынын мүлктөрүн текшерип баштагандыгын кабарлаган. Маалыматка ылайык, судья мыйзамдуу кирешесиз 20 батир, Ысык-Көлдөгү пансионаттардан үйлөрдү жана люкс-класстагы унааларды сатып алган. Мындан сырткары, судья жана анын жакын туугандары чет өлкөлөрдөгү — БАЭ, Турция, Азия, Европа жана АКШ — эс алууга барып жүрүшкөн.

Ошондой эле, атайын кызмат кылмыш жолу менен сатып алынган мүлктөрдү жашыруу максатында судья жарандык-укуктук бүтүмдөрдү тиешелүү органдарда каттабагандыгын кабарлаган. Айрым учурларда ал сатып алуу келишимдерди башка адамдарга каттаткан — алардын да тастыкталган киреше булактары болгон эмес.

Өткөн жылдын 15-декабрында «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен Жогорку соттун атуулдук жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы кармалган.

Судья өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып, киреше булактары жок болсо да көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар.

Ошондой эле, кармалган судья мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында аларды киреше булактары жок болгон башка жарандарга каттатып келген. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында судья коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык каражат берген.

Мыйзамсыз байыгандарды жоопко тартуу

Мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылы Жогорку Кеңешке жасаган ишинин отчётун берген. Жыйында депутат Өмүрбек Бакиров 2019-жылы мыйзамсыз баюу беренеси менен болгону 19 иш козголгонуна нааразы болгон. Анын айтымында, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, бирок оңбогондой байыган саясатчы менен аткарминерлер толтура.

Ал Жамшитовго акыркы 20 жыл ичинде байыгандарды бир тизмектеп, кылдаттык менен текшерип чыгууну сунуштаган. Бакировдун айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекетке бир топ эле акча түшөт. Анын бир бөлүгүн сырткы карызга төлөп, бир бөлүгүн бюджеттин таңкыстыгына жумшаса болот.

Тема боюнча:

4 млн долларлык мүлк. Журналисттик иликтөөдөн кийин финполдун бөлүм башчысы кармалды