Ырчы Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты

Нурлан Каримов жана Самара Каримова

Ырчы Самара Каримова Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасында 22-январында билдирди.

«Эли-журтумдун ак батасын албай кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санагандар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — мен окуу жайдын директорлугунан баш тартам. Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм», — деп жазган Каримова.

Ошондой эле Каримова бул кызматтан эки жыл мурун «мыйзамсыз» алынганын белгилеп, сотто муну далилдедим деп эсептейт. Анткен менен маданият министрлиги менен ырчынын ортосундагы соттук териштирүү аяктай элек.

Каримованын директорлук кызматка кайтуу аракети

Бишкектин Биринчи май райондук соту ырчы Самара Каримованын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каршы доосун 2020-жылдын 17-декабрында канааттандырган. Каримова министрликтин 2018-жылдын 1-ноябрында аны Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директор кызматынан бошотуу тууралуу буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Сот отурумунда маданият министрлигинин өкүлү Каримова «иштен мыйзамсыз алынганын жана аны кызматка кайтаруу керектигин» толугу менен моюндаган.

Ал эми маданият министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Каримованы окуу жайдын директор кызматына 15-январдан тарта кайтаруу тууралуу буйрукка 14-январда кол койгон.

Анткен менен окуу жайдын жамааты Каримованы директор катары таануудан баш тартып жатат. Мындан сырткары, алар Каримова бул кызматты аркалоо үчүн билими жетишсиз деп эсептешет.

Жогорку соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова 16-январда ырчынын кызматка кайтуу аракети мыйзамсыз экенин жазып чыккан. Сооронкулова Эмгек кодекси боюнча ырчы кызматынан алынгандан кийин эки айдын ичинде сотко даттанышы керек болчу деп жазып чыккан — Каримова Биринчи май райондук сотуна эки жылдан кийин кайрылган.

Маданият министрлиги Биринчи май райондук соттун чечимин 15-январда Бишкек шаардык сотуна даттанууга аргасыз болду. Ал эми райондук соттон ырчыны ишке кайтаруу тууралуу өкүм күчүнө кире элек деп тастыкташкан.

Самара Каримова 18-январдын кечинде окуу жайдын имаратына белгисиз кишилердин коштоосунда келип, директордун бөлмөсүнүн кулпусун алмаштырып кеткен. Ал үчүн мурдагы кулпуну буздурган. Буга музыкалык окуу жайдын кызматкерлери ачкычты берүүдөн баш тартканы себеп болгон. Бирок Каримованын айтымында, ачкыч жоголуп кеткен.

Мындан сырткары Самара Каримова окуу жайдын кызматкерлерин «соттун чечимин аткарбай жатышат» деп айыптап алардын үстүнөн милицияга кайрылган.

Ал эми 19-январда ырчы окуу жайга барып мурдагы директор Нурлан Каримовдон тиешелүү документтерди өзүнө өткөрүп алган. Бирок юристтердин айтымында, райондук соттун өкүмү күчүнө кире элек болгондуктан Каримованын кызматка киришүүгө укугу жок.

Квалификациялык талаптар

Каримова жамаат каршы болгонуна карабай бир нече күн директордун иш бөлмөсүндө отурган. Ал арада кызматкерлер ырчыга каршы нааразычылык акцияларын өткөрүп турушкан. Музыкалык окуу жайдын эмгек жамааты ырчынын жогорку музыкалык билими жоктугун айтышып, анын аракетин «баскынчылык» деп баалашкан.

Анткен менен 2020-жылдын 29-майында ошол кезде премьер-министрдин м.а. Кубатбек Боронов «Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» №278 токтомго кол койгон.

Токтомдун 12-тиркемесине ылайык, министрликке караштуу орто кесиптик окуу жайдын директору «маданият жана искусство» багытында жогорку кесиптик билимге ээ болушу керек. Мындан сырткары, директор педагогикалык же жетекчилик кызматта кеминде 5 жыл иштеши керек.

Самара Каримова өзү жарыялаган маалыматка ылайык, ал 2017-жылы Ош агрардык-экономикалык институтун Агроэномика факультетинин бугалтердик эсеп, анализ жана аудит адистигин аяктаган. Ошол жылы Ош мамалекеттик юридикалык институтунда юриспруденция багыты боюнча сырттан окууга тапшырып, 2020-жылы бүтүргөн.

Ошондой эле ырчы 2019-жылдан азыркы күнгө чейин Жалал-Абаддын маданият техникумунда «Режиссура» адистиги боюнча сырттан билим алууда.

Бирок ал техникумду аяктаган учурда дагы бул жогорку билим катары саналбайт.