Ырчы Самара Каримова окуу жайдын кызматкерлеринин үстүнөн милицияга арыз жазды

Самара Каримова.

Ырчы Самара Каримова Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын кызматкерлеринин үстүнөн милицияга кайрылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдирди.

«Арызды каттап койдук. Мыйзамдуулук жагын Ош шаардык прокуратурасы менен чогуу карап сотко өткөрүп беребиз. Бул иш жарандык тартипте сотто каралат болушу керек», — деди Сыдыков.

Сыдыков суракка эки кызматкер чакырылганын билдирди. Арыз Сот чечимин аткарбоо беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылганды.

Окуу жайдын кызматкерлери «Клоопко» суракка телефон аркылуу чакырылганын тастыктап, Каримова ишке келбей жатканын билдиришти. 

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 2018-жылдын 24-октябрда Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалган. Бирок 1-ноябрда ал жамаатка тааныштырылып, чогулуш өткөндөн кийин иштен алынган.

Ошол кезде жаңы дайындалган маданият министри Азамат Жаманкулов Каримова мыйзамсыз кызматка келгенин билдирген. Бирок ырчы эки жылдан кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылып, кызматка кайтарууну өтүнгөн.

2020-жылдын 17-декабрында сот Каримованын доосун канааттандырган. Буга маданият министрлигинин расмий өкүлүнүн отурумда ырчынын доосу менен макул экенин айтып арыз бергени себеп болгон.

Бирок коомчулукка маданият министри Нуржигит Кадырбеков Самара Каримова сотту утуп алды деп белгилеген. Ошондой эле министр Каримованы 14-январда кызматка 15-январдан тартып кайтаруу тууралуу буйрукка кол койгон.

Анткен менен Каримова 14-январда жолдошу Асан Мансуров экөө окуу жайга барып, ошол кездеги директору Нурлан Каримовду иш ордун бошотуусун талап кылышкан. Бирок жамаат Каримованын кызматка кайтуусуна нааразы болуп, аны кызматтан кетүү тууралуу арыз жазуусун суранышкан.

Каримова өзү иштен мыйзамсыз алынганын айтып, эки жылдан кийин гана сотко кайрылганын «Садыр Жапаровдун бийлигинин астында адилеттүүлүүк бардыгына ишендим» деп жооп берген жана «Жапаровго ыраазычылык» билдирген.

Тема боюнча:

Маданият министрлиги сотто Каримованын мыйзамсыз иштен алынганын моюндаганбы?

«Баскынчылык». Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты Каримованын жетекчи болушуна нааразы