«Газпром Кыргызстан» ЖЭБге газды 25%га чейин арзан берүүгө даяр

Бишкекте 22-январда басма сөз жыйын өтүп, анда «Газпром Кыргызстан» ААКтын директорунун орун басары Арзымат Алдыяров эгер ЖЭБдин иши көгүлтүр отко которулса компания ага газды учурдагы тарифтен 20-25% чейин арзан берүүгө даяр экенин билдирди. Компания жылуулук борбору «газ менен сопсонун эле иштеп берет» деп ишендирет.

«Өкмөт ЖЭБге газды жеңилдетилген баада берүү боюнча демилгесин берди. Биз өз тараптан алдын ала эсептерди бердик. Ошол эле учурда, эгер тариф тууралуу айта турган болсок, биз газды өзүбүз сатып алган баадан дагы төмөн кылып бере албайбыз. Анткен менен ЖЭБге газдын учурдагы баасынан 20-25%га арзандатын бере алабыз», — деп билдирди ал.

Алдыяров сүйлөшүлүп жаткан жеңилдиктер биринчи кезекте «Электр станциялар» мамкомпаниясы үчүн деп түшүндүрдү.

Компаниянын орун басары бул калк үчүн тарифтин өзгөрүшүнө кандай таасир эте турганы азырынча белгисиздигин, бул мындан ары талкуу жана сүйлөшүүлөргө жол ачып берерин белгиледи.

Алдыяровдун маалыматына ылайык, газдын 1 кубометринин өздүк наркы 20 сомго барабар, ал эми калк үчүн газдын учурдагы баасы 1 кубометри үчүн 17,8 сомду түзөт. 2,2 содук тарифтик таңсыктык «Газпром» тарабынан субсидияланат.

Алдыяров ЖЭБди газга өткөрүүнүн эки варианты бар экенин дагы кошумчалап, бул маселе күн сайын өкмөт жана Улуттук энергохолдиң тарабынан иштелип жатканын белгиледи.«Биринчиси — ЖЭБ күз-кыш мезгилинде газ менен гана, ал эми жаз-жай мезгилинде көмүр менен иштейт, ал учурда керектөө 395-400 млн кубометр деп бааланат. ЖЭБ жыл бою газ менен иштегенде керектөө 515-520 млн кубометрди түзүшү мүмкүн», — деди Алдыяров.

Анын маалыматына караганда, 1990-жылдары ЖЭБ газ менен иштеп, жылына 1 млрд кубометрден ашык керектеп турчу.

Техникалык мүмкүнчүлүктөр бар

«Газпром Кыргызстандын» капиталдык курулуш жана оңдоо боюнча директорунун орун басары Мурат Сулаймановдун айтымында, ЖЭБди газга өткөрүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөр бар, себеп дегенде «агрегаттардын баары газ менен иштей алат».

«ЖЭБде газ менен иштеген от казандар бар. Техникалык кароо менен ревизия жүргүзүлдү. Бул жерде “Бишкек-1” жана “Бишкек-2” газ бөлүштүрүү станциялары ишке тартылат. Техникалык жактан караганда газды ЖЭБ-1 менен ЖЭБ-2ге тартып келүүгө даярбыз», — деди ал.

Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков 9-январда ЖЭБди кайра жабдуулоо үчүн 3,5 млрд сомго чукул каражат керектелерин билдирген. От казандарды алмаштыруу муктаждыгы жок: алар союздан бери калган, газ менен иштөөгө ылайыкталган.

Ал ЖЭБ үчүн газдын баасы канча болуп берери белгисиздигин айткан.

«Эгер ЖЭБ үчүн газдын баасы минималдуу болуп, бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилинде кетип жаткан чыгымдардан ашпаса, анда газга өткөрөбүз. Бирок тариф ошол эле бойдон калып, өндүрүштүн баасы өсүп кетсе, анда акчаны кайдан табабыз? Албетте, экология маселеси абдан маанилүү, бирок экономикалык жагына да көңүл бурбай коё албайбыз да», — деген аткаминер.

Бишкектеги кара түтүн

Борбор калаадагы кара түтүн маселеси активист жана шаардыктар тарабынан айтылып келе жатканына бир топ жыл болду. Бишкекте экологиялык абал жыл сайын суук түшөөрү менен начарлап, шаарды коюу кара түтүн каптай баштайт — борбордук ЖЭБде, жаңы конуштарда жылуулук үчүн көмүр жагылат.

Кара түтүн маселеси жыл сайын айтылганына карабай шаар бийлиги жана өкмөт тарабынан көйгөйдүү чечүүгө конкреттүү кадамдар жасалбай келген. Мурдараак мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев кара түтүнгө каршы күрө албасын мойнуна алып, жарандарды өкмөткө кайрылууга чакырган. Анын айтымында, абалдан чыгуунун жолун өкмөт издеши керек.

Ал эми өкмөт 6-январда Бишкекте, Сокулук, Аламүдүн району жана Чүй облустарында экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын планын бекиткен.

Өкмөттүн планы 2021-2023-жылдарга ылайыкталган. Ага бир катар мамлекеттик мекемелер үч жылдын ичинде аткарышы керек болгон 40 пункт кирет.

Негизинен, экологиялык факторлордун таасиринен улам калкка ооруу жугуулардын талдоосун жүргүзүү жана абанын сапатын мониторинг кылган автоматтык станцияларды сатып алуу пландалууда.

Ошондой эле премьер-министрдин м.а. Артём Новиков калаанын абасына зыяндуу заттар эмне себептен чыгып жатканын аныктоо үчүн ЖЭБдин ишин текшерүүнү демилгелеп, Финпол жылуулук борборун текшере баштаган.

Кийинчерек Новиков Финпол от казандардын төртөөсү боюнча гана абага зыяндуу заттар чыгып аткан аныктаганын, кеп катуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын 97%га тазалаган чыпкаларда эмес, отунда деп билдирген.

«Учурда көбүнесе жергиликтүү көмүр колдонулат, ал калориясы боюнча төмөн, күлдүүлүгү боюнча төрт эсе жогору. Көмүрдүн ар бир түрү боюнча эскертүү бар», — деп белгилеген Новиков.

Буга «Кыргыз көмүр» мамишканасы көңүл буруп, ЖЭБде жагылып жаткан Кара-Кече көмүрүнүн Бишкектеги кара түтүнгө тиешеси жоктугун билдирген. Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себеби катары автоунаалардан чыккан түтүндөр деп эсептейт. Аны менен катар кышкысын абанын сапатын жеке сектордо жашаган жана үйлөрүн көмүр менен жылытып, моруна чыпка орнотпогон адамдар бузушат дейт.

Экологдор болсо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБдин чыгындылары абанын сапатына таасир берет дешет.