Акыркы суткада коронавирустун жаңы 97 учуру катталды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ССМ

Республикалык штабдан 26-январда коронавирустун жаңы 97 учуру катталганын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 42;

Чүй облусу — 40;

Жалал-Абад облусу — 2;

Баткен облусу — 1;

Ысык-Көл облусу — 6;

Талас облусу — 2;

Ош шаары — 2;

Нарын облусу — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 84 068ге жетти. 

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 1 432.

Ошондой эле, акыркы суткада 157 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 61, Чүй облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 5, Ош облусунда — 4, Баткен облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 25, Нарын облусунда — 2, Талас облусунда — 1 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 80 182 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 643 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 27 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 907 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 432 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде эки медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 168ге жетти, анын ичинен 4 077 медкызматкер илдеттен айыкты.