Нур-Султанга эмес, Москвага. Жапаров алгачкы сапарын Орусиядан баштайт — басма сөз кызмат

Садыр Жапаров ант бергенден кийин алгачкы иш сапарын Орусиядан баштамай болду. Бул тууралуу жаңы шайланган президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Ал буга чейин вице-премьер Равшан Сабировдун атынан бир катар ЖМКларга жарыяланган маалыматты тастыктады. Сабиров Садыр Жапаров Орусияга иш сапарынын алкагында газ маселесин талкуулайт деп билдирген болчу.

Байтерек Жапаровду Орусияда эч ким күтпөйт жана кабыл алууну каалабайт деген маалыматты четке какты.

«Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун алгачкы чет өлкөлүк иш сапары Орусияга болору чын. Бул багытта иштер жүрүүдө. Орусия тарап менен биргеликте алдыдагы иш сапардын күнү жана жүрүшү каралып жатат. "Орусия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес" деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деди Байтерек.

Анткен менен мурдараак Жапаров алгачкы сапарын коңшу өлкөдөн баштоого макулдук берген. Анда Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, аны президент катары расмий иш сапары менен Казакстанга келип кетүүгө чакыркан.

Казакстандын президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жапаров алгачкы сапарын Казакстандан баштоону убаладаган.

«Касым-Жомарт Токаев Жапаровду Казакстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Жапаров чакырууну кабыл алып, анын президент катары алгачкы иш сапары коңшулаш Казактанга болорун белгиледи. Ошондой эле, Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады», — деп жазылган Акордонун билдирүүсүндө.

Кыргызстандын президентинин аппараты жана Галина Байтерек бул билдирүүнү төгүндөгөн эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Революцияны түрмөдөн жасадым». Жапаров «Коммерсантка» эмне тууралуу айтып берди?