Сүрөт: АКИpress

27-январда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өттү. 50гө чукул адам «Чимкириктер кетсин» деген плакаттар менен чыгып, парламенттин алтынчы чакырылышы таркашын талап кылды. Алардын айтымында, алтынчы чакырылыш «элдин ишенимин актаган эмес».

Митингчилер шайлоо мыйзамын өзгөртүү талабын дагы айтышты.

«Бул депутаттар кайсыл тизмелер, кандай принциптер менен келгенин билебиз. Алардын көбү кресло үчүн 300-500 доллар бергенин деле жашырышпайт. Коррупциянын себеби дал ушунда», — деп айтты митингчилердин бири.

Ошондуктан, митингчилердин айтымында, депутаттардын шайлоо кампаниясын мамлекет каржылашы керек. Алар ушундай болгондо гана бийликке «мамлекетке жана элге кызмат кылууга даяр адамдар» келет деп ойлошот.

«Бийликке капчыгы калыңдар гана эмес, мамлекетке, элге кызмат кылууга даяр жөнөкөй, абийирдүү адамдар келиши керек. Ал эми тигилер жумшаган акчасын беш жылдын ичинде чыгарып алуу үчүн келишет», — деп айтты акциянын дагы бир катышуучусу.

Парламенттин алтынчы чакырылышы

Парламенттин алтынчы чакырылышы өз мөөнөтүндө көптөгөн чыр-чатактар менен эсте калды. Анан калса, алтынчы чакырылыштын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 28-октябрында аягына чыккан. Ошол эле учурда Конституцияда жаңы парламенттин алгачкы жыйынынан кийин мурдагы парламенттин ыйгарымдары токтойт деп жазылган.

Ал эми парламенттин жаңы чакырылышы жок болгондуктан, алтынчы чакырылыш ишин улантууда.

Дагы окуңуз:

«Кош колдоп кабыл алынган мыйзамдар». Кыргыз парламентинин укмуштуу ынтымагы жөнүндө айтып беребиз