Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Кыргыз депутаттары мыйзамдарды 98 пайыздык жактыруу менен кабыл алып, бирок көптөгөн учурларда жыйындарды калтырышат. «Клооп» парламенттин дээрлик 1200 добуш берүү протоколдорун изилдеп чыгып, көңүл жылытпай турган жыйынтыктарга келди.

Кыргызстандын жаңы бийлиги 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин президенттик башкаруу формасынан четтөөнү чечип, парламенттик демократияны түзүүнүн үстүндө иштей баштады.

Башка нерселерден тышкары демократия натыйжада коом үчүн пайдалуу жана оптималдуу чечимдерге алып келген дебаттарды жана талкууну түшүндүрөт.

Бирок Кыргызстанда бул жагдай таптакыр эле бөтөнчө иштегендей.

«Клооптун» редакциясы кыргыз парламентинин VI чакырылышынын дээрлик 1200 добуш берүү протоколун изилдеп чыгып, төмөнкү жыйынтыктарга келди:

• Жогорку Кеңеште дебаттар дээрлик жокко эсе. Негизинен мыйзам боюнча, талаштуу маселелер комитеттерде чечилет, ал эми жалпы жыйындардагы дебаттар добуш берүүнүн жыйынтыгына анчейин деле таасир этпейт;

• Орточо эсеп менен мыйзамдар 98 пайыздык жактыруу менен кабыл алынат — бул коркунучтуу көрсөткүч. Бул көрсөткүчкө авторитардык башкаруу стили бар жана президенттик партия басымдуулук кылган Орусия да тең тайлаша албайт;

• кыргыз парламентинде оппозиция жок же анын добушу ушунчалык басаңдатылгандыктан бул добуш берүүнүн жыйынтыктарына эч кандай таасир тийгизе албайт;

• Жогорку Кеңештин депутаттары «биздин өз пикирибиз бар» деп айтышат, а бирок добуш берүү боюнча маалыматтар алардын пикири дээрлик дайыма оң тараптуу экенин көрсөтүп турат;

• президенттик администрация, өкмөттүн аппараты жана фракция тарап добуш берүүгө таасир этет — муну депутаттар өздөрү деле тастыкташат;

• Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан (КСДП) тышкары, эл өкүлдөрүнүн бардыгы жыйындарга келбей коюшат — бул президенттик партияга көбүрөөк саясий салмак берип, добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир берип калат.

Азыр эми бул жыйынтыктарды биз кененирээк түшүндүрүп беребиз.

Конформист-депутатттар

Изилдөө бир жыл тогуз айлык мөөнөттү, 2016-жылдын 15-июнунан тарта 2018-жылдын 15-мартына чейинки убакытты, камтыды. Жалпысынан биз парламенттик жыйындарда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүлөрдүн 1183 протоколун изилдеп чыктык.

«Клооптун» журналисттери бул маалыматтардан депутаттар болгону 30 документти гана жактырбай коюшканын аныктады, ал эми калган 1153 мыйзам долбоорун ар кандай окууларда 98 пайыздык жактыруу менен кабыл алышкан.

98%

— бул парламенттик жыйындардагы талкуулар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир бербеси жөнүндө айтып турган кыйла эле жогорку көрсөтчкүч.

Көрсө, кыргыз депутаттарында көптөгөн мыйзам долбоорлору боюнча принципиалдуу позициялары жок экен же алардын принципиалдуу позициялары кесиптештери, өкмөт же президенттин администрациясы менен макул болууда жатат. Мыйзам долбоорлорунун негизги бөлүгү, депутаттардын өздөрүнүн айтымы боюнча, өкмөт тарабынан демилгеленет.

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Андан сырткары, бул 98 пайыз добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте ала турчу парламентте оппозициянын жоктугу жөнүндө да айтып турат.

Парламентте башкаларга салыштырмалуу көп учурда мыйзам долбоорлоруна каршы добуш берген бир нече гана депутат бар — алар парламенттин жалпы фонунда өзгөчөлөнгөнү менен, бирок көбүнесе бардыгына макул болууга жакыныраак болуп турушат.

Көп учурда «Ата Мекен» партиясынын депутаттары каршы добуш беришет — бул экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда оппозиция болгон партия. Бийликчил КСДП, тескерисинче, дээрлик эч качан каршы добуш бербейт.

98% — бул иш жүзүндө депутаттар добуш берип, 1153 мыйзам долбооруна «макул» болгондордун орточо көрсөткүчү. Бул көрсөткүч жыйындарда жок болгон депутаттарды эсепке албайт, ал болгону бир мыйзам долбооруна орто эсеп менен канча «макул» деп добуш берилгенин көрсөтүп турат.

Фракциялар боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары «макул», «каршы» деп добуш бергендердин, келбегендердин жана бардык мыйзам долбооруна добуш бербегендердин негизинде эсептелип чыгарылды. Мисалы, КСДПнын депутаттарынын жарымы добуш берүүдө жок болгон, дагы башка жарымы «макул» деп, кимдир бирөөсү «каршы» деп добуш берген. Ушул бөлүштүрүүгө ылайык, фракциялар боюнча конформизмдин орточо көрсөткүчү чыгарылат.

Мыйзам долбоорлорунун саны — эки жылга жетпеген убактагы 1183ү — парламент кабыл алынган документтердин санына басым жасаганынан кабар берет.

Депутаттар өздөрү мыйзам долбоорлору мындан да көп болоорун айтып көшөрүшүүдө, бирок комитеттердеги биринчи уктуруу учурунда эле аларды четке кагып коюшат.

Сурамжылоого катышкан эл өкүлдөрүнүн айтымында, документтердин көпчүлүгү учурдагы мыйзамдарга бир аз өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланыштуу, мисалы, грамматикалык каталарды же туюундурмаларды өзгөртүүлөр менен.

Депутаттар парламенттик комитеттеги талкуулар жалпы жыйындардагы талкууларга салыштырмалуу салмактуураак деп айтышууда. Комитеттерде көп маселелер чечилет. Эгерде комитет мыйзам долбоорун жактырса, анда бул көпчүлүк учурда документ кийинки уктуруулардан өтөт дегенди билдирет.

Ошондой эле, депутаттар кээде тигил же бул ыкма менен добуш берүүнү суранышаарын да айтышууда. Алардын бири — бул мисалы, эл аралык макулдашуулардын кабыл алынышын шаштырган президенттик администрация.

«Кээде бул мыйзамды эмне үчүн тезирээк кабыл алуу керек, ал эмне үчүн керек, бул бизге эл аралык мамилелерде эмне берээри айтылган суранычтар болуп турат. Депутаттар көп учурда өкмөттүн жана президенттин аппаратынын өтүнүчүнө макул болгондору эсимде», — деди КСДПдан Анвар Артыков.

Парламентарийлер кээде өкмөт аткара албаган мыйзам долбоорлорун кабыл алып, коомчулуктун пикири менен эсептешкенге аргасыз болуп калган учурлар да кездешет.

«Кээде депутаттар коомчулуктун пикиринен абдан көз каранды болуп калышат. [...] Кээде алар коомчулукка жагыш үчүн өкмөт тарабынын аткарууга күчү жетпеген мыйзамдарды сунушташат. Кээде ушундай пикир келишпестиктер болот. Бул дагы кадыресе көрүнүш», — деп түшүндүрдү КСДПнын башка депутаты Осмонбек Артыкбаев. (Артыкбаев камакка алынганга чейин сурамжылоого катышкан — ред.)

Жогоруда айтылгандын баары депутаттар көбүнесе бардыгына катар добуш берүүгө жакын экендиктерин айтып турат. Бул маалыматтардын негизинде «Клооп» эл өкүлү мыйзам долбоору үчүн кандай добуш бериши мүмкүн экенинин, конформизмдин интенсивдүүлүгүн, чыгарды.

Кадыресе кыргыз депутаты үчүн бул интенсивдүүлүк 74 пайызды түзөт, тактап айтканда, ар төрт жолку добуш берүүнүн үчүндө сөзсүз түрдө «макул» деп добуш берет.

Албетте, айрым депутаттар байма-бай «макул» деп добуш берүүгө жакын. Бул өзгөчө КСДПга тийиштүү: 10 социал-демократтын ичинен 9у мыйзам долбоорун жактырат.

«Алымкан» депутаттар

Парламенттин депутатары, көптөгөн башка аткаминерлер сыяктуу эле, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен түзүлгөн өлкө казынасынан айлык алышат. Бул жарандарга эл өкүлдөрүнөн натыйжалуу иштешине байланыштуу эсеп-кысап талап кылганга укук берет.

Бирок депутаттар көп учурда жыйындарга катышпай жүрүшсө, анда кандай натыйжалуулук жөнүндө кеп кылса болот?

Депутаттар жыйындарга катышышы керектиги жөнүндө Конституцияда жазылган. Эгерде депутат жүйөөлүү себептерсиз эле 30 же андан көп убакыт пленардык жыйындарда жок болсо, анда ал мандатынан ажыратылышы мүмкүн.

Албетте, жыйындарды парламентарийлердин бардыгы эле калтыра бербейт. Ммисалы, КСДПнын конформист депутаттары дээрлик бардык жыйындарга келишет жана бул аларга жогорку саясий салмак берет.

Калган парламентарийлер — негизинен, «Бир Бол», «Ата Мекен» жана «Республика — Ата-Журттун» депутаттары — жыйындарга көп катышпайт.

Айрым учурларда бул көрүнүштүн объективдүү себептери бар болушу ыктымал. Мисалы, депутаттар Өмүрбек Текебаев жана Канатбек Исаев туш болгон сыяктуу айрым эл өкүлдөрүнө козголгон кылмыш иштерин атаганга болот.

Ошондой эле, изилдөө эки кызматты, депутаттыкты жана вице-премьерликти, аркалоо парламентте жыйындарга катышууга тер таасирин тийгизээрин көрсөттү. Муну Аскарбек Шадиев боюнча маалыматтар так көрсөтүп турат: ал бир жыл тогуз айдын ичинде өкмөттө иштөө менен Жогорку Кеңештин бардык жыйындарынын үчтөн биринен ашуунун калтырган.

Шадиевден тышкары, жыйындарга катышпаганы менен Фархат Иминов (жыйындардын 36 пайызын калтырган), Айсулуу Мамашова (32%) жана Камчыбек Жолдошбаев (26%) айрымалынып турат.

Мамашова  «жакында эле эне болгонуна» байланыштуу жыйындарды көп калтырганын «Клоопко» берген комментарийинде түшүндүрдү. Анын айтымында, добуш берүү учурунда депутаттын жоктугу ал иштебей жатат дегенди билдирбейт.

Сурамжылоого катышкан башка депутаттар сыяктуу эле Мамашова да эл өкүлдөрү коомдук иштерди жасап, жыйын болгон учурда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрө алышат деп айтты.

«Бизде мыйзам чыгаруу ишмердигибизден тышкары, өкүлчүлүк кылуу жана көзөмөлдөө функциябыз бар. Мен депутат катары ушуга көп көңүл бурам», — дейт ал.

Анын айтымында, жумушка жүйөөлүү себептерсиз келбей коюу үчүн депутаттарга ар бир калтырылган күн үчүн маянанын 1/10 бөлүгүнө штраф салышат. Жумушка келбей калуунун жүйөөлүү себептерине командировкалар жана ден соолукка байланыштуу себептер кирет.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, тармактык комитет ай сайын жыйындарды өткөрүп, депутаттардын жыйындарга катышып же катышпай жатканы боюнча жыйынтыктарды чыгарат.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев да парламентке келбей койгон депутаттар көп экенин мойнуна алды.

«Жыйындарда кээде кворум болбой калат, 20-25 эле депутат отурган болот. Көпчүлүгү командировкага, калгандары иштери боюнча же комитетке кетишет. Азыр практика ушундай, катышкандар аз, силер менен макулмун», — дейт ал.

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

«Ак каргалар»

Жалпысынан алып караганда, парламенттин учурдагы бир нече депутаты гана айрымаланып турат. Алар: Дастан Бекешев, Наталья Никитенко жана Зиядин Жамалдинов. Алар жыйындарга бардыгынан да көп катышып, башкаларга салыштырмалуу көбүнчөсү мыйзам долбоорлоруна каршы чыгышат.

Ошол эле маалда Бекешев көбүнесе ар бир мыйзам долбоорун колдогон КСДПнын депутаты.

Жогорку Кеңештен кеткен депутаттардын ичинен каршылык көрсөткөн укук коргоочу Чолпон Жакупова жана экс-башкы прокурор Аида Салянова айрымаланып турчу — алар көбүнчөсү өз кесиптештеринин идеяларына же өкмөттүн демилгелерине каршы чыгып турушчу.

Бирок орточо эсеп менен бул каршылык билдирүү 10 пайыздан ашпайт жана добуш берүүнүн жыйынтыктарына эч кандай таасир этпейт.

Көрүнүктүү мисалдар

Жогорку Кеңештин тарыхында депутаттар кесепеттери жөнүндө ойлонушпай кабыл алган мыйзам долбоорлору бар. 2016-жылдын июнунан тарта 2018-жылдын мартына дейре мындай учурлар жок эле дегенде эки жолу болгон.

2016-жылы ноябрда Кыргызстанга келген чет элдиктерди беш иш күндүн ичинде каттоого турууга милдеттендирген миграция жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирген.

Өзгөртүүлөр коомчулуктун нааразылыгын жаратып, ал эми өкмөттүн жаңы мыйзамды аткарууга даяр эместигин көрсөткөн. Ал тургай бул мыйзамга өздөрү добуш берип кабыл алганына карабастан депутаттардын арасында коомчулуктун көзүнчө өзгөртүүлөрдү кайтарып алууну талап кылгандар чыккан.

Натыйжада парламент талаптарды жеңилдетип, мыйзамдын текстин өзгөрткөн.

Дагы бир мисал — 2017-жылы июнда бала төрөлгөнү үчүн жөлөкпул (сүйүнчү) төлөп берүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр үчүн добуш берүү. Анда өкмөт каражаттын жетишсиздигинин айынан аны аткарууга даяр эмес болуп чыгып, мыйзамды анчейин деле түп-тамырынан өзгөртүүгө туура келген эмес.

Ошондо «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорлорду кабыл алууга болгон мындай мамилени «уят» деп атаган. Анткени эч ким — финансы министрлиги да, социалдык өнүктүрүү министрлиги да, депутаттар да — чыгымдарды эсептебей койгондуктан улам аткаминерлердин убактысы менен мамлекеттин ресурсу короп, документке кайрадан добуш берүүгө туура келген.

Сан эмес, сапат маселеси

Парламенттин I чакырылышындагы төмөнкү палатанын спикери Абдыганы Эркебаев учурдагы депутаттардын конформизмин Жогорку Кеңештин курамынын сапатынын начардыгы менен түшүндүрүүдө.

«Алардын көпчүлүгү парламентке акчанын күчү менен келип калып атканы жашыруун сыр эмес, алар партиянын кассасына акча төгүп, ошондон улам депутат болуп калып атышат. Алар шайлоочулар тарабынан көзөмөлдөнбөйт», — деди мурдагы спикер.

Эркебаев парламенттин учурдагы чакырылышында мыйзам долбоорлору жана кызуу темалар боюнча принципиалдуу талкуулар абдан сейрек деп эсептейт.

Анын айтымында, депутаттар көпчүлүк учурда өз ынанымы боюнча эмес, «президенттин же өкмөттүн администрациясындагы кыйыр же түз буйруктар боюнча» добуш беришет.

Саясат таануучу жана парламенттин IV чакырылышынын мурдагы спикери Зайдинидин Курманов президенттин же өкмөттүн администрациясы тигил же бул мыйзам долбоору үчүн добуш берүүнү сурануу менен парламентке көп деле басым кыла бербейт деп эсептейт. Ал мындай нерсе маанилүү маселелрди чечүү учурунда гана болуп турат деп айтууда.

Бирок, саясат таануучунун айтымында, бийлик алмашууда бул басым мурдагы режимге каршы бурулуп кетиши мүмкүн. Анткени, мисалы, депутаттар кеткен президенттин администрациясы аларга кандай мамиле кылганын эстеп кетиши ыктымал.

«Эгерде парламентке личносттор чогулса, анда ал кабыл алынган чечимдер жагынан алып караганда да, алдыңкы келечекти алып караганда да натыйжалуу болот. Эң коркунучтуусу, көңүл кош, эси жок жана акылсыз парламент — бул дайыма макул деп добуш берген парламент», — деп эсептейт ал.

Авторлору: Эльдияр Арыкбаев, Анна Капушенко, Савия Хасанова

Редактор: Дмитрий Мотинов

Иллюстратор: Дарья Удалова

ТЕМА БОЮНЧА: