Ислам Өнүктүрүү банкы Кыргызстанга жалпысынан 66 тез жардам унаасын тапшырды

Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан 66 жаңы тез жардам унаасы менен камсыздалды. Унаалар Ислам өнүктүрүү банкынан белек катары берилгенин «Клоопко» министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

27-январды 21 автоунааны тапшыруу аземи болду, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана жети облустагы саламаттык сактоо координаторлору катышты. Ислам өнүктүрүү банкы буга чейин дагы 45 тез жардам унаасын берген.

Тез жардам унааларын аймактарга таратып берүү планы эки баскыч менен өткөрүлгөн. Биринчи баскычы 18-январда болуп, Ысык-Көл медициналык мекемеси 9 унаа, Жалал-Абад 10, Ош облусу болсо 26 унаа менен камсыздалган.

Унааларды таратып берүү планынын негизинде, экинчи баскычы 27-январга пландалып, аймактык медициналык мекемелерге жалпы 21 тез жардам унаасы тапшырылды. Алардын алтоо Чүй облусуна, тогузу Баткенге, үч унаа Нарын облусуна, экөө Таласка жана бир унаа Жалал-Абад облусуна берилди.

«Унаалардын Саламаттык сактоо министрлигине белек катары берилгенинин себеби, саламаттык сактоо жайларында калкка кызмат кылган медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу болуп эсетелет», — деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Буга чейин 2020-жылдын 24-декабрында «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн акчанын эсебинен дагы 37 тез жардам унаасы келген. Ал эми ИВЛ аппараты менен жабдылган «Форд Транзит» маркасындагы 12 реанимобиль Ислам Өнүктүрүү Банкынын эсебинен алынган.