Бир кадр менен: Саламаттык сактоо министрлигине 49 жаңы тез жардам унаасы тапшырылды

Сүрөт: Кабар

Бишкекте 25-декабрда эски аянтта Саламаттык сактоо министрлигине 49 даана жаңы тез жардам унааларын тапшыруу салтанаты өттү.

«Соболь» жана «Газель» маркасындагы 37 тез жардам унаасы «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айыптардын акчасына алынган, ал эми ИВЛ аппараты менен жабдылган «Форд Транзит» маркасындагы 12 реанимобиль Ислам Өнүгүү Банкынын эсебинен алынган.

Унаалар өлкө ичинде медициналык мекемелерге таратылат.

Өкмөт 2019-жылдын башында жол эрежесин бузуулардан келип түшкөн каражаттын бир бөлүгүн тез жардам кызматын өнүктүрүүгө жумшоону чечкен. Себеби тез жардам унааларынын жетишсиздигине байланыштуу көйгөй чечилбей келет.

Ал эми 24-июлда тез жардам унааларын сатып алууга 145 млн сом жумшалары айтылган.