Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Гайпкулов жана Нурбек Сыдыгалиев инвестициялар жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту. Сыдыгалиев Мирлан Бакировдун ордуна жаңы вице-спикер болуп шайланды.
Алардын пикиринде, инвестиция жана инвесторлор маселеси менен президент көзөмөлдөй турган жаңы мамлекеттик орган алектениши керек.
Мыйзам долбоорунда эмнелер камтылган?
Гайпкулов менен Сыдыгалиевдин ою боюнча, өкмөткө караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги «күтүлгөн жыйынтыктарга жетишке жок жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу боюнча чечкиндүү, зарыл чараларды көрө алган жок». Алар бул иштерди ыйгарым укуктуу жаңы мамлекеттик орган аткара алат деп эсептешет.
Депутаттар жаңы орган кандай аталарын айткан эмес, бирок башкарууну президентке ыйгарууну сунуштаган.
Анткени «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын гаранты деп эсептелген президент инвестицияларды коргоо жана алдыга жылдыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түздөн-түз аныктоо мүмкүнчүлүгүнө» ээ болушу керек.
Президентке караган түзүм эмне иш кылат?
Депутаттардын айтымында, ал түзүм көбүнчө Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттикти алмаштырышы керек.
«[Ыйгарым укуктуу маморгандын] милдеттерине өлкөгө инвестицияларды тартуу боюнча маселелерди чечүү, инвесторлорду административдик тоскоолдуктардан өтүүдө колдоо, бажы, салык жана административдик мыйзамдарды жакшыртуу жана өлкөгө инвестиция кылуу үчүн КРдин бизнес-долбоорлорунун жагымдуулугун жогорулатуучу куралдарды иштеп чыгуу кирет», — деп билдиришти алар.
Жаңы маморган бюджетке канча чыгым алып келет?
Белгисиз. Маалымат негиздемеде эки депутат тең долбоорду ишке ашыруу «мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылбайт» деп айтышууда. Бирок бери дегенде эле, жаңы түзүм үчүн мөөр жана бланктарды басып чыгаруу, аны бардык реестрлерге киргизүү, материалдык-техникалык камсыздоого каражат талап кылынат.
Ошол эле учурда, мыйзам долбоорунда жаңы «президенттик» маморган кайсыл бир колдонуудагы мамлекеттик түзүмдүн базасында түзүлөт деген көрсөтмө жок.
Эскинин жаңыланышы
Гайпкулов менен Сыдыгалиевдин сунушуна окшош мамлекеттик орган Кыргызстанда буга чейин болгон. 2009-жылы республиканын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик аппаратты жоюп, анын базасында бир нече жаңы түзүмдөрдү, анын ичинде Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти (ЦАРИИ) түптөгөн. ЦАРИИни уулу Максим Бакиев башкарган.
Ведомство «экономиканын түзүмүн кайра куруу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу, ишкерликти жана бизнести коргоо, социалдык жана технологиялык прогрессти, аймактардын мүмкүнчүлүгүн жана ресурстарды көбөйтүүнү эске алуу менен инвестиция тартуу» менен алектенет деп болжолдонгон.
Мындан тышкары, ЦАРИИ «жалпы координацияны жүргүзүп, өнүктүрүү бюджетин даярдап, улуттук экономикалык программаларды, улуттук инфраструктуралык долбоолорду, инвестициялык программаларды жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышы» керек болчу.
2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен ЦАРИИ жоюлган, бирок андагы кызматкерлердин көбү саясатта калган. Атап айтканда, учурдагы премьер-министрдин м.а. жана вице-премьер Артём Новиков эмгек жолун ЦАРИИде баштаган.
Дагы кандай жол менен Кыргызстанга инвесторлорду кызыктырууну каалашат?
2020-жылдын октябрь окуялары, аны коштогон талап-тоноо жана рейдерлик басып алуулардан кийин парламентте инвестициялар үчүн жаңы секторлорду өнүктүрүү идеаларын ойлоп таба башташкан.
2020-жылдын 12-ноябрында Кыргызстанга каржылык салым кылгысы келгендерге инвестициялык жеңилдиктерди, жерлердин кыйла жеңил трансформациясын, инвестициялардын босогосун төмөндөтүүнү жана атайын визаларды убадалаган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынган. Ага президенттин м.а. Талант Мамытов кол коюп, мыйзам 2021-жылдын 20-январынан тарта иштеп баштаган.
Бул аралыкта депутаттар Ысык-Көлдө өзүнүн мыйзамдары иштей турган атайын административдик район куруп, чет элдиктер үчүн казино ачууну сунушташкан. Өзгөчө мыйзамдары бар бул районду атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган башкарып, кирешенин 40% бюджетке түшүп турушу керек.
Бирок мыйзам инвесторлорду талап-тоноодон жана коррупциядан коргоо жаатында орчундуу деле өзгөрүүгө учураган эмес.