«Ысык-Көлдүн Лас-Вегасы». Депутаттар облуста кумаркана ачууну сунуштады

«Ысык-Көл облусунда туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору 25-январда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков Тамчы аэропортунун базасынан 1200 гектар жер бөлүп берип, аталган аймакка чет элдиктер үчүн кумар оюндарына уруксаат берилген жети көңүл-ачуучу мейманкана борборун куруу сунушун киргизген.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу менен «ички жана сырткы инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү пайда кылуу, ошондой эле, экономикага чет элдик инвестицияларды тартуу жана өлкө бюджетин толтурууга» болот дешүүдө.

Депутаттар эмне сунуштап жатат?

Атайын аймактагы базада өлкөдөгүдөн башка укуктук режим өкүм сүрөт: анда казинолорго, оюн автоматтарына, компьютердик симуляторлорго жана башка кумар оюндарына уруксат берилет.

Сунушталган оюн зонасы өзүнүн мыйзамдары бар атайын административдик райондо иш жүргүзөт:

  • чет элдиктер жана юридикалык жактар өз ара макулдашуу аркылуу каалаган чет элдик валюта менен эсептешип ала турган өзгөчө валюта режими;
  • чет элдик жарандар үчүн жөнөкөйлөшкөн визасыз келип-кетүү;
  • оюн-зоок жайларынын штатынын курамында 50%дан кем эмес кыргызстандыктар болууга тийиш. Анын ичинде 10%дан кем эмес – жетектөөчү жана башкаруучу кызматтарда;
  • оюн жайларга кыргызстандыктарга (персоналдан башка), 21 жашка чыга элек жана аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген чет элдиктерге, ошондой эле оюн-зоок жайларына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине (кара тизмеге) киргизилгендерге кирүүгө тыюу салынат;
  • кирешени бөлүштүрүүнүн өзгөчө категориясы: 40% бюджетке, 60% инвесторго;
  • район өзгөчө ыйгарымдарга ээ болгон мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөнөт.

Бюджетти толтуруунун жолу

Мыйзам долбоорунун маалымат негиздемесинде, азыркы учурда өлкөнүн өнүгүшүнүн стратегиялык жол көрсөткүчү болуп энергетика жана тоо өнөр жай жаатындагы ири долбоорлор гана эмес, туристтик индустрияда кызматтарды көрсөтүүгө жана өнүктүрүүгө негизделген экономиканын инновациялык тибине өтүү да саналат деп жазылган.

Демилгечилер белгилегендей, 2012-жылдын 1-январында Кыргызстандын аймагында кумар оюндарына тыюу салынган, ал эми 2015-жылы – тотализаторлор менен букмекердик контораларына дагы чектөө кирген.

«Кумар оюн ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджеттин бир жылда 600 млн сомдон ашык суммада түз жоготууларга жана 11 минден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келген», – деп жазылат маалымат негиздемеде.

Ошол эле мезгилде, демилгечилер бул мыйзамды кабыл алууда мыйзам чыгаруучулар кумар оюндарына көз каранды болуп жаткан калктын аялуу катмарын коргоо үчүн жакшы ниеттерди жетекчиликке алганын моюндашат. Ошондуктан оюн-зоок жайларына Жумабеков менен Турусбеков чет элдик жарандарды гана киргизүүнү сушуштап жатышат.

Маалымат-негиздемеде мыйзам долбоору Орусиянын, Казакстандын, Сингапурдун, АКШнын, Монаконун жана Макаонун тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыкканы белгиленген.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндө, Жазык кодексине, Салык кодексине жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү карайт.

Бул өлкө аймагында тигил же бул формада кумар оюндары ишмердүүлүгүн жандандыруу аракетинин алгачкысы эмес.

Аэропорттордогу казино

2015-жылы Экономика министрлиги өлкөдөгү аба майдандардын аймагына оюн автоматтары жана казинолору бар борборлорду курууну сунуштаган. Ага чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө гана уруксат берилет.

Оюн аймактарын Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарына түзүү керектиги айтылган. Анда өзгөчө валюталык режим иштеп, чет элдик валюталар эркин колдонууда болот деп айтылган.

Ал аймактарды расмий түрдө «Оюн-зоок комплекстерин камтыган атайын эл аралык соода-көргөзмө борборлору» деп атоо сунушталган.

Жарым жыл ичинде демилге коомчулуктун колдоосун тапкан эмес. Андан соң 2016-жылдын май айында өкмөттүн долбоору токтотулган.

Мурдагы авибазадагы казино

2019-жылдын сентябрь айында депутат Дастан Бекешев мурдагы америкалык авибазанын аймагын чет элдиктер үчүн кумар оюндар борборуна айлантууну сунуштаган.

«Азыр абал кандай? Бул аймак элге таланып кетти. Америкалыктар курган инфраструктура уурдалып жок болду. Бизге өткөрүлүп берилген мүлккө жырткычтык менен мамиле жасадык. Аймак эч иштетилбей турат. Түшө турчу киреше тууралуу айта турган болсок, туура иштетсек, эртең депутаттар бул казинону жаап салбайт деген кепилдик болсо, биз миллиард сомдон ашык киреше тапсак болот», – деп белгилеген депутат.

Кайда болсо дагы казино куруу

2020-жылдын март айында «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Кубанычбек Нурматов Ысык-Көл жана Баткен облустарында чет элдиктер үчүн кумарканаларды ачууну сунуштаган.

Анда комитет кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамга түзөтүү киргизүү маселесин карап жаткан – бинардык опциондорду жабуу сунушталган.

«Казинолорго кыргызстандыктарды киргизген жарандарга 50-100 миң АКШ доллары өлчөмүндө айып салуу керек», – деген Нурматов талкуу учурунда.

Депутат Төрөбай Зулпукаров каршы чыгып, Кыргызстанда казинолор эч кандай формада болбошу керек деп билдирген.

«Республикада кайрадан казино ачууга жол берилбеши керек. Аракеттер буга чейин болгон, бирок депутаттардын принципиалдуу позициясынан кийин токтотулган», – деген ал.

Кыргызстанда кумарканаларга тыюу салуу

2011-жылы 29-сентябрда Жогорку Кеңеш «Кумар оюндарын уюштуруу ишкердигине тыюу салган» мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

Лицензияларын кайра кайтарып алуучу жайлардын тизмесине республика боюнча 25 кумаркана жана 35 оюн автомат жайлары кирген.

Кыргызстандын бийлиги 2012-жылдын 1-январынан тарта мыйзам күчүнө киргенден тартып лицензияларды кайтарып ала баштаган.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Бактыбек Жетигенов, казино жана оюн автомат жайларынын болушу, кумар оюндарынан көз каранды болгондордун психикасына терс таасирин тийгизет деген оюн айткан.

Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева да мындай демилгени колдоп, жеке видео-блогунда казинолор коомго «терс» таасирин тийгизээрин билдирген.

Мыйзам кабыл алынган күнү казино жана оюн автоматтар жайларынын ээлери жана кызматкерлери митинг өткөрүшкөн. 700дөй адам митингге катышып, эгер кумарканалар жабылса 15 миңдей адам жумушсуз калаарын айтышкан.

Кийин, 2015-жылдын май айында ушул эле мыйзамга толуктоо киргизилип, букмекердик конторалар менен тотализаторлорго дагы тыюу салынган.

2017-жылдын август айында жарандык активисттер, тыюу салынганына карабай өлкөдө казинолор ишин улантып жатканын айтып чыгышкан.

Алар Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев, Абдрахманов жана Москва көчөлөрүндө сыртына интернет клуб деп жазылган, айрымдары эч кандай жазуусу жок имараттарда кумар оюндары уюштуруларын билдиришкен.

Активисттер бул жайлардын толук дарегин көрсөтүп беришерин, бул түйүндү 2008-жылдан бери Сан аттуу адам иштетип келерин айтышкан болчу.

Ага карабай, финполдун жетекчилиги абал боюнча эч кандай комментарий берген эмес.