МКК: Жаңы паспорт 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери менен корголот

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү паспорттун биринчи партиясы февраль айында 100 миң нускада чыгарылаары күтүлүүдө. Жаңы паспорттор 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери менен корголуп, ички мукабасында рельефтик сүрөттөр, когнитивдик басма менен колго сезилген элементтери колдонулат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

«Жаңы паспорттордун эң маанилүү коргоосу — бул документтин ээсинин бардык маалыматтары жана сүрөтү камтылган электрондук чип. Жаңы технологиялардын өзгөрүшүнө жана коргоонун жаңы элементтеринин киргизилишине байланыштуу жалпы жарандык паспорттор 3-5 жылда бир жолу алмаштырылышы мүмкүн», — деп жазылат МККнын маалыматында.

Ошондой эле, жаңы паспортто «атасынын аты» деген сап жарандын каалоосуна жараша толтурулат.

«Социалдык тармактарда жарандар бул форматка терс мамиле кылышты, анткени бул атанын ысымы колдонулбаган өлкөлөрдө биздин жарандарды идентификациялоону татаалдаштырат. Латын тамгалары менен паспорттун ээсинин атасынын аты ушул бөлүмдө жарандын каалоосу менен гана жазылат деген чечим кабыл алынды», — деп билдирди МККнын басма сөз кызматы.

Кыргызстандыктардын паспортунун жаңы үлгүсүн чыгаруу боюнча 2020-жылдын май айында немистердин Mühlbauer ID Services компаниясы менен 1,5 миллион бланк чыгарууга үч жылдык келишим түзүлгөн. Келишим улуттук валюта сом менен түзүлгөндүктөн, жаңы паспорттун баасы чет өлкөлүк валюталардын өзгөрүшүнөн көз каранды болбойт.

Жаңы паспорттун барактарында Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, Манастын эстелигинин, Айгүл гүлүнүн, Таш-Рабат архитектуралык комплексинин, Ысык-Көлдүн жана Кыргызстандын башка аймактарынын символдору камтылган.

Биометрикалык паспортторду ишке киргизүү 2016-жылы башталган. Биринчи этапта электрондук чип орнотулган ички электрондук ID-паспорттор даярдалып, 2017-жылы бериле баштаган.

Буга чейин МКК жаңы жарандык паспорт 2021-жылдын апрелинен тарта берилип баштаарын билдирген.