28-январда улуттук филармонияда Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өттү.

Жапаров ант берип, президентке тиешелүү атрибуттарды алды. Андан соң имараттан чыгып өкмөт үйүнө бет алды. Иш-чаранын жүрүшүн КТРК каналы түз эфирде чагылдырды. Инаугурация күнү дагы Бишкекти кара түтүн каптаганын көрүүгө болот.

Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы кандай өткөнүн бул видеодон көрүңүз.