Садыр Жапаров расмий түрдө өлкө президенти кызматына киришти

Садыр Жапаров 28-январда ант берип, расмий түрдө өлкө президенти болду. Анын инаугурациясы Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Бул салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиянын жетекчилери, өкмөттүн мүчөлөрү, интеллигенция өкүлдөрү катышты. Ошондой эле, мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду дагы чакырылгандардын арасынан көрүүгө болот. Буга чейин аларга дагы чакыруу берилгенин президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирген болчу.

Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылгандар

Садыр Жапаров ант бергенден кийин ага Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага төш белги менен жана штандартты тапшырды.

Ошондой эле, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосу да азем учурунда окулду.

Салтанаттын расмий бөлүгү аяктагандан кийин Жапаров учурдагы өкмөт үйүнө барды. Ал жактан буга чейин президенттин милдетин аткарып келген төрага Талант Мамытов ага иш бөлмөсүн тааныштырды. Белгилей кетсек, Жапаров буга чейинки президенттер сыяктуу Ак үйдө эмес, эски аянттагы өкмөт үйүнүн имаратында отурат.

2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болгон.

Анын инаугурациясы учурунда алгач жолдор тосулбарын билдирген, бирок, шаардык милиция Жапаровду кортеж коштой турганын, ал эми көчөлөрүн нер нече гана секундага жабыларын ишендирген.

Алгач иш-чарага 10 млн сомдой коротулары айтылган. Бирок, коомдун нааразычылыгынан кийин инаугурацияга 8,5 млн сом кетет деп ишендиришкен.

2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки саясий кризистин кесепети. Анда өлкөдөгү башаламандыктардын шартында барымтага алуу беренеси боюнча соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган саясатчы Садыр Жапаров колониядан бошотулган.

Садыр Жапаров тарапташтарынын колдоосу аркылуу кыска аралыкта премьер-министр, андан соң президенттин милдетин аткаруучу болгон. Жапаров бийликке келгенден кийин бир катар кадрдык алмашууларды ишке ашырган.

Кадрдык алмашуулардан тышкары, Жапаров башкаруу формасын аныктоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү демилгелегендердин бири.