Акыркы суткада коронавирустун жаңы 74 учуру катталды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 29-январда коронавирустун жаңы 79 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 49унда COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 25инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 53;

Чүй облусу — 11;

Жалал-Абад облусу — 2;

Талас облусу — 1;

Ош шаары — 1;

Ош облусу — 5;

Нарын облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 84 377ге жетти.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 374.

Ошондой эле, акыркы суткада 162 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 69, Чүй облусунда — 51, Жалал-Абад облусунда — 7, Ош облусунда — 3, Ош шаарында — 1, Баткен облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 22, Нарын облусунда — 6, Талас облусунда — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 80 643 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 600 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 23 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 792 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Ысык-Көл облусунан бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 409 киши көз жумду.

Мындан сырткары, Жалал-Абад облусунан бир медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ошондой эле, бир сутка ичинде төрт медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 171ге жетти, анын ичинен 4 077 медкызматкер илдеттен айыкты.