Кыргызстандын башкы балдар хирургу Өмүрбеков ооруканадан чыкты

Эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткан Кыргызстандын башкы балдар хирургу Талант Өмүрбеков ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев kaktus.media cайтына билдирген.

Аалиевдин айтымында Өмүрбековдун абалы канааттандырарлык, ал калган дарылануусун үйүнөн улантат.

«Элдин жана биздин доктурлардын колдоосу менен биз аны баарыбыз сактап калдык. Баары өтүп кетти, Өмүрбековго амбулатордук даарылануу керек. Анан балким ал жумушка кайтып келет», — деди Аалиев.

Талант Өмүрбеков 19-январда Республикалык жугуштуу оорулар оорукасына эки тараптуу пневмония менен жаткырылган. Андан кийин башкы дарыгер Аалиев Өмүрбековдун абалы оор жана ал жандандыруу бөлүмүндө экенин айткан.

Өмүрбеков медициналык карьерасын 19 жашында баштаган. Ал №3 балдар клиникалык ооруканасында 44 жыл эмгектенип, анын 27 жылын ал ушул оорукананын башкы дарыгери болуп эмгектенген. Бир жыл мурун анын ордуна Гүлнара Жанабилова келген, бирок, Өмүрбеков ишин улантып, операцияларды жасап келет.