Сатып алуу тууралуу жарыя чыгарбастан эле аткаруучу менен түздөн-түз түзүлгөн мамлекеттик келишимдерди издегенди үйрөнөбүз. Эмнеге дегенде, эл аралык экспертизанын тажрыйбасы боюнча, коррупция ушундай келишимдерде көбүрөөк кездешет.

Биз бул материалды сиз үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызыктуу тест даярдап жатканда жасадык. Андан өтүү үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз:

Тест: Коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн акчага эмнелер алынган?

Мамлекеттик сатып алуу — бул мамлекеттик компаниялар товар менен камсыздоочуларды, жумуш жана кызмат көрсөткөндөрдү издеген система. Бул сатып алуулардын масштабы ар кандай, ал канцелярдык товарларды сатып алуудан баштап, мектеп жана ооруканаларды курууга чейин жетет.

Мамкомпаниялар товар менен камсыздоочуларды жана кызмат көрсөткөндөрдү конкурс менен тандайт: тоорукта кимисинин баасы төмөн болсо, ошону менен келишим түзүлөт.

Кээде мамлекеттик мекемелер камсыздоочулар менен келишимди сатып алуу жөнүндө алдын-ала жарыя кылбастан эле түзмө-түз келишим түзө алат. Ал төмөнкү учурларда гана мүмкүн:

  • эгерде сатып алуунун суммасы абдан аз болсо;
  • өлкөнүн коопсуздугу менен коргоонуусун камсыздоо үчүн;
  • мамлекеттин башында турган биринчи адамдарды коргоо жана чет элдик делегацияларды тосуу үчүн;
  • эгер кечиктирилгис медициналык кийлигишүү талап кылынса;
  • авариялардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу үчүн.

Статистика боюнча, сатып алуунун конкурстук процедураларына караганда түздөн-түз келишимдерде коррупция көбүрөөк кездешет. Маселен, ал жакта баалар өз баасынан жогорулатылып көрсөтүлөт.

«Клооптун» дата бөлүмү түз келишимдерди талдап, ал жакта көп кызыктуу нерселерди таап келет. Бирок, тилекке каршы, биздин материалдарда белгилүү бир келишимге түз активдүүшилтеме коё албайбыз, анткени мамлекеттик сатып алуулардын сайтында камтылган барактардын URLы такай жаңыланып турат.

Бирок, келишимдерди өз алдынча оңой эле таап алса болот.

* Мамлекеттик сатып алуулардын кыргызча баракчасындагы айрым маалыматтар туура эмес көрүнгөндүктөн, мисал катары орусча баракчасын келтирдик.

Төмөнкү шилтеме аркылуу Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулардын порталына киребиз: http://zakupki.gov.kg/

Жогорудагы менюдан «Договоры» деген жерди басып, ачылган варианттардын арасынан «Договоры по методу прямого заключения договора не требующие публикации объявления» пунктун басабыз.

Ачылган баракта акыркы күндөрү түзүлгөн түз келишимдердин тизмесин көрөбүз.

Издөө талаасына келишимдин номерин жазабыз, мисалы, EC-222534698 деп терип, «Найти» баскычын басабыз.

Андан кийин келишимдин номерин басабыз.

Ошентип сизге келишимдин чоо-чайы ачылат: