Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы Садыр Жапаров президент катары алгачкы беш жарлыкка кол койгонун, дагы бир нече ушундай документ даярдалып жатканын билдирди.

«Клооп» буга чейин Жапаров эң алгач кол койгон «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын талдаган.

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн өкмөтү 2021-жылдын 1-июнуна чейин Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын иштеп чыгып жана ишке киргизүүгө тийиш.

Жарлыкта сөзсүз болушу керек делген принциптер «турмуштук жүрүм-турумда руханий-адеп-ахлактык жүйөнүн материалдык кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы» жана «коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жеке кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы жана аларды бири-бирине каршы койбоо» көрсөтүлөт.

Жапаровдун калган төрт жарлыгында камтылган эң маанилүү жагдайларды айтып беребиз.

Кадрлар тууралуу

«Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кесипкөй кадрларды жана келечектүү жаштарды тартуу, кызматчылардын моралдык-адеп-ахлактык сапаттарын жакшыртуу, мамлекеттик башкаруу системасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн кандай чараларды көрүү керектигин жөнгө салат.

Ал үчүн Жапаровдун пикиринде кадрларды «кесипкөйлүк жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарынын» негизинде тандоо жана дайындоо керек. Ошондой эле жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленген:

  • кадрларды тандоодо жыныстык, улуттук жана тилдик белгиси, ошондой эле майыптык белгиси боюнча чектөөлөргө жол бербөө;
  • адамдык потенциалга аяр мамиле жасоо, башкаруу органдарынын кесипкөй кадрдык курамын жолун жолдоочулукту улантуу жана келечеги бар жаштарды кызматка кабыл алуу менен сактоо;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга кадыр-баркын түшүрүп алган, мурда коррупциялык кылмыштарга аралашкан адамдарды дайындоого тыюу салуу;
  • калыстыкты, талапкерлерге карата тандоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү жана талаптарды жогорулатууну эске алып, кадрларды конкурстук тандоону өркүндөтүү;
  • туруктуу негизде кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
  • кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу.

Президент кадрларды даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу тутумун калыптандырууну жана кадрларды өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун бирдиктүү мамлекеттик стратегиясын түзүүнү тапшырды.

Стратегия кадр тандоо процессин жана карьералык өсүштү бардык адамдарга бирдей шартта камсыздоосу керек. Ошол эле учурда, жогорку кызмат орундарына биринчи кезекте «мыйзамдар менен белгиленген кадрлар резервинде турган адамдар» дайындалат.

Өкмөткө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте «биринчи кезекте» тиешелүү документтерди иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Кен казуу жана улутташтыруу

«Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыкка ылайык өкмөт 2021-жылдын 1-июлуна чейин Кыргызстандын жаңы Кен кодексин иштеп чыгып, парламентке сунуштоосу керек.

Жаңы Кен кодекси боюнча, бир дагы чет элдик ишкана республикадагы кендерди иштетүүгө жаңы лицензия ала албайт. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу 100% болгон улуттук кен казуучу компаниялар гана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларын иштетүүгө мүмкүндүк алат.

Бул кодекс пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде лицензиялык контролдоо, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу; экологиялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карайт.

Ошондой эле, Жапаровдун пикиринде төмөнкүлөр керек:

  • экономикалык жактан келечеги бар кен чыккан жерлерди аныктоо үчүн геологиялык маалыматтардын аудитин жүргүзүү, ошондой эле жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларынын реестрин кеңейтүү;
  • геологиялык чалгындоо ишине дем берүү жана жаңы кен чыккан жерлерди ачуу;
  • пайдалуу кендердин запастары боюнча отчеттуулуктун эл аралык стандартынын системасын киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;

Кен кодекси кабыл алынган учурда лицензиясы бар жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштеткен инвесторлордун лицензиясы азырынча алынбай турганы айтылууда. Бирок кодекс алар үчүн бир катар чектөөлөрдү киргизет, аларды өндүрүшкө зыян келтирбестен аткаруу оңой болбойт. Алардан төмөнкүлөр талап кылынат:

  • кен компанияларынын жана подряддык уюмдардын персоналынын жалпы штаттык санынын 90%дан кем эмесин Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан жалдоону камсыз кылуу;
  • товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 80%дан кем эмесинин, мындай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлбөгөн учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасы аймагында сатылып алынышын камсыз кылуу;
  • кен компанияларынан фонддорго, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге келип түшкөн финансы каражаттарын бөлүштүрүүнүн сарамжалдуулугун, натыйжалуулугун жана ачыктыгын санарип платформалар аркылуу камсыз кылуу.

Ошондой эле, 2021-жылдын 1-майына чейин кен пайдалануу чөйрөсүндө уруксат берүүчү жана башка документтерди берүүнү санариптештирүү үчүн «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы боюнча маалыматтарды алмашууга кошулуусу керек.

Ал эми 2021-жылдын 1-сентябрына чейин коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо үчүн кен пайдаланууга жана кен пайдалануучулар жүргүзгөн тышкы экономикалык ишке укукту электрондук лицензиялоо механизмдерин иштеп чыгып жана жана ишке киргизиши керек.

Мигранттар жана этникалык кыргыздар жөнүндө

Кыргызстандын жаңы президенти «эмгек мигранттарын барган өлкөлөрдө ар тараптан колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо биринчи кезектеги милдет» деп эсептейт. Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган жарлык өкмөткө төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

  • чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын абалын жакшыртуу үчүн заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен маалыматтык-консультациялык иш-чараларды туруктуу негизде ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү;
  • миграция саясатынын концепциясынын долбоорун оперативдүү тартипте иштеп чыгуу жана кароого киргизүү;
  • демографиялык кырдаалдын өнүгүүсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын жана эмгек мигранттары барган өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнүн сценарийлерине жараша эмгектин ички жана тышкы рынокторунда орто мөөнөттүү мезгилде жарандардын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү боюнча программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

Өкмөт миграцияга чыгып кеткендерди жана алардын жакын туугандарын улуттук экономикага акча салууга шыктандырышы керек. Ал үчүн 2021-жылдын июнь айынын аягына чейин программа иштеп чыгып жана кабыл алуусу керек (же дагы башка инструменттерди). Ошондой эле, «Мекен карт» улуттук демилгесин ишке ашыруу боюнча мыйзамдык актыларды кабыл алууну аягына чыгаруусу керек.

«Мекен карт» — бул экс-президент Сооронбай Жээнбековдун чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер үчүн, алардын тарыхый мекенине кайтып келүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган идеясы. Бул карта менен чет элдин жарандыгын алган кыргызстандык мекендештер өлкөгө визасы жок кирип-чыгып, уруксат документи жок эле иштеп, жашап, билим алып жана дарыланууга укук алат.

Кайтып келген эмгек мигранттарынын адаптациялануусу жана реинтеграциялануусу боюнча атайын чаралар көрүлүшү керек. Ошондой эле, жумуш орундарын түзүү үчүн өзгөчө салык режимин белгилеп, калкынын миграцияга кетүүсү кыйла жогорку деңгээлде болгон Кыргыз Республикасынын региондорунда жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду артыкчылыктуу тартипте ишке ашырууга милдеттүү.

Мигранттардын балдарына келе турган болсок, мамлекеттик коргоонун кепилдиктери менен «эмгек мигранттарынын балдары» деген түшүнүктү мыйзамдык деңгээлде киргизүү сунушталууда. Жапаровдун идеясына ылайык, эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелерге баланы (балдарды) бир туугандарынын же башка адамдардын камкордугуна калтыргандыгы тууралуу камкорчулук органдарына кабарлай турган мехнаизм иштеп чыгуу керек.

Камкорчулук органдары өз кезегинде эмгек мигранттарынын балдары менен байланышкан кырдаалга «санариптик технологияларды колдонуу менен» мониторинг жүргүзүшөт. Камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү аныктабастан жана бул жөнүндө камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарын кабарлабастан өз балдарын калтырып эмгек миграциясына кетип жаткан ата-энелердин жоопкерчилиги каралат.

Ошондой эле, эмгек мигранттарынын балдарын кароо милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн жоопкерчилигин кароо дагы эске алынган.

Миграция тууралуу жарлыкта этникалык кыргыздардын укуктук макамы жөнүндө дагы сөз болгон. Бул маселени жөнгө салуу үчүн, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте республиканын жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү сунуштайт.

Инвесторлор жөнүндө

Ал эми инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана иштиктүү чөйрөнү түзүү максатында Жапаров «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта буга чейин бир гана Жапаров эмес, ага чейинки өлкө башчылары дагы айтып келген бир катар чаралар жазылган. Анда ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн, ишкердик ишке тоскоолдук кылуусун жана инвестициялык объекттердин ишинин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу керек деп жазылган.

Ал эми ишкерликке байланышкан кылмыш иштерин иликтөөдө, бийлик мамилесин өзгөртүшү керек. Жарлыкта жазылган:

  • тергөөгө караштуулугун башка укук коргоо органдарына өткөрүп берүү укугусуз «экономикалык кылмыштар боюнча бир тергөө органы» принциби;
  • укук бузуулар жөнүндө ишкерлерге карата арыздарды жана билдирүүлөрдү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттабай туруп, алдын ала текшерүү механизми;

Жарлыктын бир катар сунуштары Башкы прокуратурага тиешелүү. Башкы прокуратура төмөндөгүлөргө милдеттүү:

  • ишкердик иштин эркиндигинин жана менчик менен инвестицияларды коргоонун кепилдиктери жөнүндө мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышына көзөмөлдү күчөтсүн;
  • укук коргоо жана фискалдык органдардын кызмат адамдарынын жазык жоопкерчилигине чейинки жоопкерчилигинин шексиздигин камсыз кылсын:
  • ишкерлерге карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине келип түшкөн арыздарды кароонун тартибин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизсин;
  • чакан бизнестин жана жеке ишкердик субъекттеринин кайрылууларын күнү-түнү кабыл алуу үчүн ишеним телефонун бир айлык мөөнөттө түзсүн.

Ал эми өкмөт үч ай ичинде экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомун, ошондой эле, экономикалык кылмыштарга айыпталгандарды камакка алууга тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна коюшу керек.

Андан тышкары, Жогорку соттун жана бизнес-коомчулуктун катышуусу менен парламентке ишкерликти сотто коргой турган жана ишкердик субъекттеринин доо-арыздарын кароонун мөөнөттөрүн тездетүү боюнча мыйзамдардын топтомун үч ай ичинде киргизүү. Укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын жана алардын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугунун баалоонун жаңы механизмин иштеп чыгуу керек — бул маселе эки айлык мөөнөттө ишке ашуусу зарыл.

Жарлыкка ылайык 2021-жылдын 1-сентябрына чейин мамлекет ишкерлерден талап кылган кагаздарды кыскартып, аларды электрондук форматка өткөрүп, ал эми 2021-жылдын 31-декабрына чейин лицензия жана уруксат документтерин берүүчү Бирдиктүү электрондук портал пайда болот.

Бул портал лицензия жана ураксат документтерин берүүнүн автоматташтырылган тутумун камсыз кылат жана бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кошулат. Ошондой эле, жарлык «республиканын мыйзамындагы инвестиция маселелерине байланышкан тоскоолдуктарды жоюп жана талаптарын жөнөкөйлөштүрүүнү» талап кылат.