Тарыхчы, продюсер, тоо-кен ишканасынын ээси. Жапаров өзүнө жаңы кеңешчи дайындады

Президент Садыр Жапаров 3-февралда өзүнүн кеңешчиси кылып тарыхчы Арслан Койчиевди дайындады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Койчиев Лондон университетинин Чыгыш таануу жана Африканистика мектебин аяктап, BBC кыргыз кызматынын редакциясында продюсер болуп иштегени белгилүү. Ошондой эле, ал тарых илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын Тарыхчылар коомунун мүчөсү.

Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматтарга караганда, Арслан Койчиев баалуу металлдарды казган «Манас Ресорсиз» компаниясына ээлик кылат. Компания 2018-жылы кайра каттоодон өткөн.

Мындан тышкары, Койчиев президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовдун тууганы экени белгилүү. Жапаров Касмамбетовду бул кызматка президенттин милдетин аткарып жатканда, 2020-жылдын октябрында дайындаган.

Арслан Койчиевдин жубайы Акчолпон Койчиева (мурдагы фамилиясы Касмамбетова) президенттин аппаратын жетектеген Сүйүнбек Касмамбетовдун бир тууганы болот. Алардын атасы Сапарбек Касмамбетов белгилүү манасчы жана акын болгон — ал узакка созулган ооруга байланыштуу 2020-жылдын 19-январында каза болгон.