Кара-Сууда алты окуучу ууланып, ооруканага түштү

Ош облусунун Кара-Суу районунда алты өспүрүм ууланып, 2-февралда Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына түштү. Маалыматка ылайык, алар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Дадан Султанов атындагы жатак интернаттын 3-классынын окуучулары.

Оорукананын башкы дарыгери Шаятбек Абдурахманов «Клоопко» билдиргендей, балдар эмнеден ууланганы азырынча белгисиз. Учурда аны тактоо үчүн санэпидкөзөмөл экспертиза жүргүзүп жатат.

«Алтоо [ооруканага] келген. Экөөнүн абалы жакшы болгондуктан биринчи жардам көрсөтүп, дароо эле үйлөрүнө чыгарганбыз. Калган төртөөнүн бирөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, бүгүн жакшы болуп, аны [жалпы] бөлүмгө котордук. Калган үчөө дагы дарылануудан өтүп жатат» — деди Абдурахманов.

Ошондой эле, Абдурахманов бул окуя боюнча маалымат укук коргоо органдарына жеткирилгенин кошумчалады.

Окуу жайдын директору Каныбек Кимсанов «Турмуш» басылмасына ошол күнү окуучулар мектептин сыртындагы дүкөндөрдүн биринен шириндик алганын билидирди.

«Балдар ооруп эле ыйлап калышты. Коркуп кетип эле ооруканага алып бардык. Балдар тамак-аштан ууланбаптыр, шириндиктен деп айтылып жатат. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кызматкерлер келип, текшерип кетишти», — деген Кимсанов.

Мектеп директорунун айтымында, мектепте жалпысынан 270 окуучу билим алат.

Өткөн жылдын январь айында Ош шаарында үч окуучу «хот-догдон» ууланып, калаадагы балдар ооруканасына түшкөн. Санэпидемкөзөмөл кызматы тез татым ашканасына 7,5 миң сом айып салып, ал жерди эки күн дезинфекциялаган.