Ошто тез татымдан үч окуучу ууланып ооруканада дарыланып чыгышты

Ош шаарында 27-январь күнү тез татым ашканасынан «хот-дог» жеген үч мектеп окуучусу ууланды. Бул маалыматты «Клоопко» Санэпидемстанциянын тамак-аш коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жээнбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар түштөнүү убагында «хот-дог» жешкен. Алар ошол эле түнү ичтери ооруп, кусуп, тез жардам унаасы менен Ош шаардык балдар ооруканасына жеткирилишкен.

«Уулануунун жеңил түрү болуптур, [балдарды] 2 күндөн кийин [ооруканадан] чыгарышты. [...] Тез татым ашканасына жети жарым миң сом айыппул салынды. Андан кийин эки күн жабык турду. Ал жер толугу менен дезинфекцияланган», — деди Жээнбаева.

Жээнбаева аталган тез тамактануучу жайдын тамак-аштары мекеменин лабораториясына жөнөтүлгөнүн кошумчалап, жыйынтыгы жакын арада чыгаарын айтты.