Кыргызстан Pfizer вакцинасынан баш тартты, анын ордуна кайсынысы келет?

Көптөгөн өлкөлөрдө калкты COVID-19 илдетине каршы эмдөө башталды. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги дагы эмдөөнү убада кылып жатат, анткен менен так мөөнөтү айтыла элек. Бирок март айында Кыргызстанга оксфорддук AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасы келери жана эмдөө үч этап менен ишке ашары белгилүү.

«Клооп» COVID-19 дартына каршы эмдөө тууралуу маанилүү маалыматтардын топтомун сунуштайт.

Кандай вакциналар сунушталууда?

Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги COVAX глобалдык альянсынын алкагында Кыргызстан америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компанияларынын вакциналарын 1 млн 200 миң өлчөмүндө акысыз аларын билдирген болчу. Бирок министрлик өлкөдө бул вакциналарды сактоочу муздаткычтар жок болгондуктан алуудан баш тарткан.

*Pfizer вакцинасы -70⁰ температурада сакталышы керек. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, анын таасирдүүлүгү 95% түзөт, ал эми 65 жаштан жогорку курактагы адамдарда — 94%дан жогору.

3-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан муздаткычтар жоктугунан Pfizer вакцинасынан баш тартканын кезектеги жолу кайталап, буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын март айында COVAX альянсынын алкагында оксфорддук AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасын аларын билдирген.

«Улуттук программаны иштеп чыктык, ага алайык, калкты этап-этабы менен эмдейбиз. Март айында биринчилерден болуп медиктер өтөт», — деди ал.

3-февралда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда Оксфорддун вакцинасы кыргызстандыктардыктардын 20%ын камтый турганын билдирди.

Ал вакцинанын 40%га жакыны өлкөгө биринчи кварталда, ал эми калганы үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында келерин белгиледи.

AstraZeneca

Вакцинаны британ-шведдик AstraZeneca компаниясы Оксфорд университети менен бирге иштеп чыккан. 2020-жылдын декабрь айынын башында AstraZeneca коронавируска каршы вакцинасынын орточо таасирдүүлүгү 70%ды түзөрүн айтып чыккан.

Вакцина эки жолу, 4-12 жумалык аралык менен сайылат. AstraZeneca вакцинасынын сактоо шарты 2-8°С түзөт (кадимки муздаткычтын шарты). Сактоо мөөнөтү алты ай.

AstraZeneca компаниясынын вакцинасын алгачкылардан болуп каттоого алган жана колдоно баштаган Улуу Британия өлкөсү. Ал эми 30-январда Европа кеңешинин бардык өлкөлөрү аталган вакцинаны колдонууга уруксат бергени белгилүү болду.

«Спутник V» жана башка орус вакциналары

Андан тышкары Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги орусиялык «Спутник V» вакцинасын дагы алат. Алымкадыр Бейшеналиев 23-январда Кыргызстан Орусиядан коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын сураганын кабарлаган болчу. Бирок азырынча орус тараптан жооп келе элек.

Орусиянын «Спутник V» вакцинасы сыноолордун үчүнчү фазасы башталганга чейин эле COVID-19 илдетине каршы каттоодон өткөн биринчи вакцина. Аны иштеп чыккандар вакцинанын таасирдүүлүгү 95%ды түзөт деп ишендиришкен.

* Сыноолордун үчүнчү фазасында ыктыярчылардын саны көбөйөт жана алар эки топко бөлүнөт. Биринчи топко вакцина, экинчилерге — плацебо сайылат.

Клиникалык сыноолордун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы айтылбагандыгы жана шашылыш каттого алынуусу орусиялык вакцинанын имиджине терс таасирин тийгизип, илимий чөйрөдө нааразылык жараткан.

Бирок 2-февралда кадыр-барктуу The Lancet медициналык журналында орусиялык вакцинанын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы жарыяланган. Сыноого 19 866 адам катышкан. Ага ылайык вакцинанын таасирдүүлүгү 91,6% түзгөн, ал эми ыктыярчылардын эч биринде олуттуу терс таасири байкалган эмес.

«Спутник V» үч жума аралык менен эки жолу сайылат. Вакцинанын экинчи компоненти куюлган соң үч жумадан кийин иммунитет пайда болот. Вакцинаны -18℃ сактоо керек.

«Спутник V» Орусиядан тышкары Белорус, Аргентина, Боливия, Сербия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай, Түркмөнстан, Венгрия, БАЭ, Иран, Гвинея Республикасы жана Тунисте катталган.

«Спутник V» вакцинасынан башка Орусиянын коронавируска каршы дагы эки вакцинасы бар. Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинде каттоодон өткөн «Вектор» борборунун «Эпиваккорона» жана Орусия илимдер академиясынын Чумаков атындагы борборунун «Ковивак» вакциналары. Экинчиси каттоодон өтүүнү күтүп жатат.

«Эпиваккорона» менен «Ковивактын» таасирдүүлүгү тууралуу маалыматтар жок. Бирок эки вакцинанын сактоо шарты 2–8 °С түзөт (кадимки муздаткычтын температурасы).

Кыргызстанда эмдөө кандай жүрөт?

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 3-февраладагы брифингде учурунда министрлик COVID-19га каршы эмдөөнү жайылтуу боюнча улуттук план иштеп чыкканын кабарлаган.

Бирок эмдөөнүн качан башталарын так айткан эмес. 20-январда вице-премьердин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева «2021-жылдын июнь айына чейин эмдөө болбойт» деп твиттерге жазган.

«Коронавирус инфекциясынын алдын-алууга багытталган вакциналар Кыргызстандын аймагына киргизүүгө жана каттоосуз медициналык колдонууга уруксат берилген атайын дары-дармектердин тизмесине киргизилди. Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Спутник V» вакцинасын иштеп чыккандар менен Кыргызстандын аймагында каттоо үчүн документтерди даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди ал.

Акматова Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун аймагында эмдөө түйүндөрүн жайылтуу үчүн план иштелип чыкканын белгилеген. Ошондой эле, эмдөө жүргүзүү үчүн атайын мобилдүү топтор ишке тартылат.

«Эмдөө процессин ыкчам байкоого алуунун жыйынтыгына карап республиканын калган аймактарында эмдөө пункттарын ачуу ишин жайылтабыз. Жапырт эмдөөгө өлкөдөгү эмдөө менен алектенген, атайын даярдыктан өткөн медициналык кызматкерлер тартылат», — деди Акматова.

Ошондой эле, эмдөөдөн кийинки реакциялар жана иммунологиялык паспорт тууралуу маалыматтарды берүү үчүн электрондук кезекке туруучу санариптик колдонмо иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеген.

Эмдөөнүн этаптары

Айнура Акматованын айтымында, министрлик кыргызстандыктарды этап-этап менен эмдөө боюнча план иштеп чыгып, вакцинаны биринчилерден болуп ала турган алгылыктуу топторду аныктаган. Ага ылайык эмдөө үч этап менен өтөт.

Биринчи этапта төмөнкү адамдар эмделет:

  • инфекция жуктуруу ыктымалдуулугу өтө жогору, кызыл зонада иштеген мединицалык кызматкерлер, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачтары;
  • тез жардам кызматынын, дарттын оор формасына же өлүмгө кабылуу тобокелчилиги жогору делген жандандыруу бөлүмүнүн кызматкерлери;
  • оорунун оор формасы кабылуу коркунучу жогору социалдык-демографиялык топтор — эмдөөчүлөр, окуу жайлардын мугалимдери, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, тейлөө, соода жана коомдук тамактануучу жайлардын жумушчулары.

Экинчи этапта 60 жаштан жогорку курактагы, 60 жаштан ылдый болгону менен оорунун клиникалык факторлору жогору, өнөкөт оорулары барлар жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү эмделет.

Үчүнчү кезекте калк арасында мамлекеттин жана донорлук уюмдардын эсебинен эмдөө уланат.

«Эмдөө бекер жана жарандардын макулдугу менен жүрөт», — деп белгиледи ал.

Орусиялык вакцинаны Кыргызстанда чыгаруу

Акматова орусиялык вакцинаны Кыргызстанда технологиялык өндүрүү маселеси азыркы күнгө чейин изилденип жатканын белгилеген. Анын айтымында, Орусияда өндүрүлгөн вакциналар менен камсыздоо, сактоо шарттары жана нарк саясаты боюнча орус тараптын чечими күтүлүүдө.

Буга чейин Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев коронавируска каршы Орусиялык вакцинаны өндүрүүгө даяр экенин билдирген.

Ал аталган комитет өндүрүш менен алектене турган талапкерлерди сунуштайт, ал эми орус тарап комиссия жөнөтүп, компания өндүрүүгө ылайык келер-келбесин аныктайт деп белгилеген.