Өкмөт Орусиядан коронавирустун вакцинасын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө

Кыргызстан коронавируска каршы вакцина сатып алуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 26-ноябрдагы брифингде вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева билдирди.

«Августта орусиялык өндүрүшчүлөр чыгарган вакцинаны тестирлөөдөн өткөрүп жана жалпы дарылоого бекиткенден тартып Кыргызстанга импорттоо тууралуу Орусияга өтүнүч кат жолдогонбуз», — деп билдирди Сурабалдиева.

Ал вакцина канча санда керектиги, келе турган күнү жана Кыргызстанда аны каттоого алуу графиги иштелип чыкканын кошумчалады.

Сурабалдиеванын айтымында, адистер орусиянын «Спутник-V» вакцинасын иштеп чыгуу жана клиникалык сыноолору менен таанышуу үчүн Москвага барып келүүгө үлгүрүшкөн.

Мындан тышкары, өлкө бийлиги башка мамлекеттердин да вакциналарынын натыйжалуулугуна көз салууну улантууда. Эгер ДССУ артык көргөн вакциналар даяр болсо, алар боюнча Кыргызстандын да позициясы даяр.

Орусиялык «Спутник-V» вацинасы 2020-жылдын август айында эле катталган. Азыр Орусия вакцинаны Европадан каттоодон өткөрүүнүн үстүнөн иштеп жатат.

Орусиянын түз инфестиция фондунун маалыматына ылайык, «Спутник-V» вакцинасынын баасы бир дозасы үчүн 10 долларга жетпеген акча болот.