Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь айында эсептелген эмгек акынын өлчөмү боюнча жылдык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Жумушчулардын эң чоң үлүшү (142 миңден ашык адам же 30,5%) 5 563 сомдон 11 124 сомго чейин айлык алса, эң минималдуу беш жарым миң сом өлчөмүндө маянаны 50 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 10,6%ы алган.
Маалыматка ылайык, 130 миң адам (27,9%) бир айда 11 125 сомдон 18 540 сомго чейин маяна алса, 135 миңге жакын киши (28,9%) 18 541 сомдон 55 620 сомго чейинки айлыкка иштеген.
Ал эми 10 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 2,1 пайызы былтыр ноябрда 55 621 сом же андан жогору эмгек акы алган.
Жумушчулардын минималдык айлык маселеси Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында дагы көтөрүлдү. Парламент депутаты Дастан Бекешев премьер-министр Улукбек Мариповго «Кыргызстанда 5600 сомго жашоого мүмкүнбү?» деген суроо узаткан.
Марипов бул суроого «болот, бирок кыйын» деп жооп берген. Министр «система» бизнестин ишине тоскоолдук кылганын токтоткондо гана айлыктар көтөрүлөт деген. Анткен менен Марипов кайсы ведомстволор бизнестин өнүгүшүнө бут тосуп жатканын ачык айткан эмес.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы ал Кыргызстанда 5562 сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 12 пайызга өскөн.