Баткендин тургундары: Өкмөт башчы Төрткүл каналы боюнча айткан сөзүн артка алсын

Баткен облустук адиминстрациянын алдына 5-февралда 100дөгөн киши митингге чыкты. Алар премьер-министр Улукбек Мариповдун «Төрткүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өтүп кетиптир» деген сөзүн артка кайтарып алуусун жана жаңылыштык кетиргенин моюндоосун талап кылышты.

Акция учурунан жарандык активист Милан Садыкжан уулу фейсбукта түз эфир жасады. Тасмадан чогулгандарга өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жаныбек Жалаловдун чыкканын көрүүгө болот. Ошондой эле, митингчилер Мариповдун парламенттеги билдирүүсүнө депутаттардын үн катпаганы нааразы кылганын айтышты.

Марипов мындан эки күн мурун парламентте өкмөт башчылыкка анын талапкерлиги каралып жатканда депутат Абдувахаб Нурбаев ага чек арага чектеш жашаган элдин жашоосу тууралуу суроо узаткан. Ал эми Марипов сөз арасында «Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын дагы тилекке каршы алдырыптырбыз» деп белгилеген.

«Эмнеге 120 депутаттын бирөөсү туруп, “премьер-министр, сиз туура эмес айтып жатасыз. Бул билесизби баткендиктерге кандай тиерин” деп айтып койгон жок. Мен ушуга күйүп кетип жатам», — деп кейиген чогулгандардын бири.

Мындан сырткары, дагы бир тургун Марипов айткан сөзүнө жооп бериши керек деп кошумчалап, ал адашкандыгын мойнуна алуусу керектигин айткан.

«Жакында баарыбызга суу керек болот [кыргызстандыктарга жана тажикстандыктарга — ред.]. Эртең тажик эли чыгат премьер-министриңер “ушинткен” деп... Жетекчи ошондой болобу? Бул деген жетекчи да, сүйлөгөн сөзүнө жооп бериши керек!» — деп нааразы болгон ал.

Эл менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы сүйлөшүү администрациянын имаратынын жыйындар залында уланган.

«Узундугу 19 км болгон Төрткүл каналы — Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайы. Кыргызстанга тийиштүү, аталган каналдын башы, башкы суу бөлүштүрүүчү жай, стратегиялык өзгөчө маанилүү объект болгондуктан, күнү-түнү Кыргызстандын ички аскерлери тарабынан кайтарылып турат. Бул объект башка мамлекеттиин карамагына өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт», — деди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов.

Ошондой эле Жалалов башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы суу бөлүштүрүү, 1991-жылкы мамлекеттер аралык келишимге ылайык бөлүштүрүлүп келе жатканын айтып, учурда Баткен облусунун да калкынын саны өсүп, өздөштүрүлгөн жер аянттары кеңейип жаткандыктан, бул келишимди кайра кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссияга сунуштар берилип келгенин белгиледи.

Жыйында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткендеги филиалынын директору Ырысбек Исраилов чыгып, Төрткүл суу сактагычына куйган Төрткүл каналы Кыргызстанга таандык экендигин ырастады.

«Тажикстанга караган Кайырма каналы да суунун башы болуп эсептелинет. Туура эмес маалыматтын негизинде айтып алды окшойт. Бирок биз тараптан премьер-министрге андай маалымат берилген эмес. Буга чейин биз Төрткүл суу сактагычын маанилүүлүк стратегиясы боюнча дагы бир тепкичке көтөрүү боюнча сунуш бергенбиз, бул каралып жатат», —  деген Жалалов.

Жаңы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрткүл суу сактагычына куйган канал боюнча билдирүүсү коомчулукта нааразычылык жана тынчсыздануу жараткан. Алтургай соцтармактарда да кызуу талкууга алынып, премьер-министр расмий түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан.

Көк-Таш айылынын тургуну Райымберди Абдихалил уулу Мариповдун билдирүүсүнөн улам Кыргызстан менен Тажикстандын элинин ортосунда жаңжал чыкса ким жооптуу болот деп кейиген.

Ошондой эле бул билдирүү парламентте да талкууланып, депутат Тазабек Икрамов тез арада депутаттык комиссия түзүп маалыматты тактоону сунуштаган.

Көп өтпөй өкмөттүн сайтында, Төрткүл суу сактагычы боюнча расмий түшүндүрмө жарыяланып, анда Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү деп белгиленген.

Төрткүл суу сактагычы — Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.

Тема боюнча:

«Ойлонуп сүйлөш керек». Өкмөт Төрткүлгө куйган каналдар Кыргызстанга таандык экенин тастыктады